“Оймо” фестивалы чыгыш маданият диалогун тартуулайт

Үстүбүздөгү жылдын 23-26-сентябрына чейин Бишкекте “Оймо” маданият диалогу” аттуу фестиваль өтөт. Бул иш чара 2006-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Борбор Азиялык маданият жана искусство тармагынын өкүлү Алмакан Найзабекова фестиваль Борбор Азия аймагында маданият жаатында маанилүү иш чаралардын бири болуп калгандыгын айтты.

“Борбор Азиядагы туристик компаниялардын көбү бул фестивалды өз программасына киргизүү менен Кыргызстанга кошумча туристерди тартууда. Фестивалга техникалык жана финансылык жардамды эл аралык уюмдар жана жергиликтүү уюмдар көрсөтүүдө. Бул аймактагы дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр үчүн “Оймо” фестивалы өз эмгектерин тартуулап, сатууга жакшы шарттарды түзөт. Анын жүрүшүндө модельерлер “этно” багытында эмгектерин көрүүчүлөргө тартуулай алат”, – деди ал.

А.Найзабекова буга чейин фестивалдарга 100дөн ашык кол өнөрчүлөр катышаарын айтты. Бул ирет да алардын саны андан кем эмес, Курманжан Датканын эстелигинин астында түштүк базары ачылып, фестиваль өтөт, анын алкагында кол өнөрчүлөр үчүн ар кыл багытта мастер класстар уюштурулат.

“Бул ирет да өлкөдөгү саясый кырдаалга карабай фестивалды бешинчи ирет өткөрүүнү чечтик. Бишкектеги бий, ыр топтору, анссамблдер өз өнөрлөрүн фестивалдын алкагында жасалган сахнада тартуулай алышат. Ал эми шаар коноктору, тургундары чыгыш кереметине, маданияты менен дагы бир ирет тааныша алышат”, – деп кошумчалады ал.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 15.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.