Наргиза Маматкулова: “Адамдын ички дүйнөсүн ачкым келет”

n_mamatkulovaУчурда кыргыз тасмалары бир топ кино фестивалдарга катышып байгелүү орундарды алып жатканы баарыбызга маалым. Мына ушул жаатта Испания өлкөсүндө болуп өткөн кинолор сынагында “Жымжырт” деген аталыштагы кыска метраждуу кино тасмасы менен катышып, баш байгени утуп алган жаш режиссёр Наргиза Маматкулова аталган тасманын жаралуу тарыхы туурасында баяндап берди.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ
Билим алсаң бийиктикке умтул

“Башталат баары майдадан, байкабайт аны башка жан”- деп элибизде сөз бар эмеспи анын сыңарындай кино жаатына капысынан аралашып келип калган жокмун. Алгач бул тармагында билим алуу максатында ордо калаабыздагы Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетине тапшырып, Кино искусство бөлүмүн аяктадым. Ал жактан кино жаатында бир топ тажрыйба топтодум десем болот. Монтаж жасагандан баштап камера тартканга чейин үйрөндүм. Өзүмдүн тасмага болгон дараметимди сынап көрүү максатында кыска метраждуу кинолорду тарта баштадым. Биринчи жолу сегиз мүнөттүк “Жашагым келет” деген аталышта тасмам бар. Аталган тасма аркылуу киного болгон кызыгуум артып жалпысынан беш кино тарттым. Албетте, кинону өзүң жалгыз тартып бүтүрө албайсың, сенин чыгармачылыгыңды колдоп сага жардам көрсөткөн адамың болушу зарыл. Бул жаатта мени окуткан агайлар-эжелер өз насаатын кеп-кеңешин айтып жатышты.

“Жымжырт” тасмасынын жаралуу тарыхы

Тасма тартууда адамдын сырткы түзүлүшү эмес, ички дүйнөсүн ачып аны элге жеткиргим келет. Аталган тасмада биздин жашап жаткан коомдо болуп өткөн окуялар чагылдырылат. Кинонун сюжетинде Кыргызстандын эле бир чакан айылында чоң эне анын небересинин күнүмдүк жашоосу чагылдырылган. Үйдө калган баланын эрмеги сыналгы күнүгө аны тиктеп отурат. Жаш баланын ата-энеси банктан насыяга акча алышып, аны төлөй албаганына байланыштуу карызын кайтарып берүү максатында Орусияга иштеп кеткен болот. Алар кичинекей уулу менен кээде гана байланышып турушат. Ал эми банк кызматкерлери алган насыяны кайтарып алуу максатында чоң эненин үйүнө келишет. Эми банктан насыя алуунун жобосу үй-бүлөнүн материалдык жагын карап акча беришет да. Ал үй-бүлөдө үйүн күрөөгө койсо андан кийинки эле көзгө көрүнүктүү баалуу буюму болгону эски сыналгы. Аны алып кетип калышат. Ошол жерде кичинекей баланын кыймыл-аракети, ой жүгүртүүсү көрсөтүлгөн. Бул кинону тартууда өзүм бир окуяга кабылгам. Мындан алты жыл мурун банк тармагында насыя системасы боюнча иштеген таанышым бар болчу, анын иштеген иши кардарлар менен иштешчүү болчу ал мага өз убагында төлөй албагандардын буюмдарын алып кетебиз дейт, Ал бир үй-бүлөгө барсак сыналгысын алып кетели десек кичинекей үч жаштагы бала үстүнө отуруп алыптыр деп айтып жатса таң калып, ошондон улам идея пайда болуп кино тартууну максат кылдым. Кинодо айтайын деген оюм бүгүнкү жашап жаткан коомдо ким эле болбосун күнүмдүк гана нерсени ойлоп “бүгүн тойсом”, “байысам” болду, деп жашап калдык эртеңки жашообуз эмне болот аны ойлогондор аз, келечек ээлерине эмне калтырабыз ушуну ойлонуу керектигин айткым келди.

Биз күткөн кар тасманын ажарын ачты

Киного катышкан актёрлорду өзүм сырткы түзүлүшүнө карап чечип койдум. Жаш баланын ролун көп кинолорго катышып жүргөн Алмазбек Жолболду уулу, ал эми чоң эненин ролун Жаркынай Балакаева аткарды. Кино тартуу учуру күз мезгилине туш келди, ал убакта аба ырайы суук эле, биз кардын жаашын күткөнбүз. Кар жаайт экен делген маалыматты угуп калдык ошол эле күнү техникалык аппаратураларды алып кинону тартууга кириштик кар түнү менен жааптыр, эми кардын калың жааганын айтпа, ошентип отуруп күндүн суугуна карабай кинобуз ойдогудай тартылды десем болот.

Ийгилик чордонунда

Аталган тасма аркылуу бир топ кинофестивалдарга катышып келдик. Дубай шаарына барып ал жерден мыкты режиссёр сыйлыгын ыйгарышты. “Ак илбирс” кино сыйлыгында эң мыкты кыска метраждуу тасма наамын алдык. Кечээ жакында эле Испания өлкөсүндө болуп өткөн “FIC Bueu 2013” эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалында баш байгеге ээ болдук. Андан сырткары “Мыкты режиссёрдук иш”, “Мыкты оператордук иш”, “Мыкты үн коштоочу” наамдарын ыйгарышты. Кудай буюрса жакында Германияга барганы турабыз ал жактан дагы кинофестивалдарга чакыруулар болуп жатат.

«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.09.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.