Е Шэн-ТАО: “А-фэн”

аңгеме

Кошунанын үй кызматчысы Ян эжей кожоюндун тапшырмасы менен кимдир бирөөгө белек жеткирип бергени шаарга жөнөп калды. Ал жакка барып келгиче эки күндөй убакыт кетет. Аны көрүп, менин үй кызматчым ич күйдүлүккө алдырып сүйлөнүп баштады: “Ага жыргал болду! Шылтоо менен шаарды бир көрүп келет экен да!” Муну укканда, өзүмчө ойлоп койдум: “Ага жыргал болгон жок, баарынан да анын болочок келини А-фэн кургурга жыргал болду”.

Он эки жашар А-фэндин кунарсыз кыскача таржымалын бакма энеси Яндын өз оозунан уккан жайым бар. А-фэн балыкчынын үй-бүлөсүндө төрөлүптүр. Энесинин кардынан түшкөн күндөн тарта бешик ордуна балык уулого керектүү шаймандар сакталган кайыкта уктап күн көрөт. Көп өтпөй атасы кайтыш болот да, кайыкты атасын көмгөн табытка алмаштырып жиберишет. Кийин апасы темир жолдо жүк түшүргүч болуп иштеген кишиге тийип алат. Өгөй атанын колунда А-фэн түрткүнчүк болуп батпай, апасы кызын кантип асырашты билбей аябай кыйналыптыр. Акыры айласы кеткенде, апасы туугандары менен кеңешип, алты жашар А-Фэнди алысыраак тууганы Янга багып ал деп берип таштайт. Алысыраак тууганы деле багып алганга макул болмок эмес экен, кийин кыз бала бойго жеткенде, баласына алып беришти гана ойлоп, асырап алат (колоктогон бойдок уулу жыйырма төрткө толду, ага ушундай айла менен эптеп аял таап бербесе, мындан башка жолу жок).

Ян эжей бакма кызы экөө көптөн бери коңшумдун кол алдында үй кызматчысы болуп жалданып иштеп келатышат. Бакма кызын тындырбай жумшайт: суу ташытат, дүкөнгө чуркатат, кожоюндун беш жашар кызын каратат. Жетим жүгүрүк кыздын кызыл жүзүнөн ар дайым жылмайган нур төгүлүп турар эле. Бирок бакма энеси көрүнөр замат жүзүнөн күлкүсү таркап, кабагы түнөрө түшөт. Бечара бакма энесинин шапалагын жеп жүрүп биротоло жер көз болуп калыптыр.

Көр жеме бакма энеси качан болбосун сүйлөнүп басып жүрөт. Көр жемелиги кармап калганда, А-фэндин кулак-мээсин жеп таштайт! Өзгөдөн корунуп тамак жеп жаткан А-фэнди көргөндө: “Жаның барбы? Эмне маалкып олтурасың? Кара тамагыңа жегин да, сүйрөлбөй тур ары!” – деп ажылдап берет. Жетим жүгүрүккө салып узап кеткен анын артынан: “Бу желмаян колго карматпас болду!” – деп айкырган бойдон калат. Бакма кызын тилдеп жатканда каарын төкчү эмес, бирдемелерди сүйлөнүп алып, кожоюнга ар кандай калжың-кулжуң сөздөрдү айтып тамашалай тийишип, дагы адатынча көр-жерди айтып кейигенче алдындагы жумушун жасай берет. Бакма кызын баш-көзгө чапкылап жибермейи адат болуп калган, жөндөн-жөн эле сабай берет, тообо.

Кожоюндун баласы ыйласа деле, А-фэн кудуктан эки чаканы мелт-калт толтуруп келатканда, чакадагы суу чайпалып, жерге төгүлүп кетсе деле – мунун баары үчүн бакма энесинен чокуга жейт. А-фэндин чатышкан чачтарын жыгач тарак менен кудум тырмооч менен жер тырмалап жаткансып тарап жатканда, көз жашын көрсөтпөй төгүп, араң чыдап олтуруп берет. Бакма энесинен алыстар замат кызыл жүзүнөн кадимкидей нур тамып, жаны буга эргий түшөт. Жеме угуп, келтек жеген кыз үчүн тамак менен уйку сыяктуу эле кадимки көрүнүш болуп калыптыр. Бир окуя такыр эсимден кетпейт. Түшкү тамактан кийин бакма энеси сыр табакты жууп жаткан, бир маалда сыр  табак капыстан колунан ыргып, жерге катуу урунуп калдырай кулады. Үрөйү учкан бакма энеси сыр табакты жерден дароо ала коюп, тияк-биягын астейдил карап, өзүн сооротуш үчүн:

— Эчтеке болбоптур, жакшы – дей салып, ишин улантып кирди.

А-фэн да жанында идиш жууп жаткан. Кылып жаткан ишинен баш көтөрбөй, балалык түз оюнда күңк этти:

— Эгер менин колумдан учса, көрөт элем эчтеке болбогонду.

Бакма энеси болор-болбоско деле А-фэнди чокуга койгулап жибермей жини бар эле, азыр да ошол жини кармап:

— Мына сага, ырысы жок жетим! Мына! – деп бакма кызын төбөгө койгулап кирди.

А-фэн болушунча тиштенип өзүн карманды, жумулган көзүнөн мөлт-мөлт көз жашы тамып жатты. Жетим кургур келтекти деле тоготпой калган окшойт. Нымдуу колдору менен муш тийген башын калкалап калганда, колунун суусу көз жашка аралашып, жүзүнөн сарыгып агып жатты, бирок мыңк этип үн чыгарган жок. Аларды аңкайып тиктеп калган менин жанымда олтурган үч жашар уулум аялдын кызын сабап жатканын тиктеген барабар оозу ачылып калыптыр. Баламдын коркунучтан үрөйү учуп, бир жакка качып кеткиси бар. Терс бурулуп, жүзүн менин тиземе катып, ыйлап жибере жаздап эрдин бек тиштенди.

Кызматчы аял бакма кызын дале сабап жатты:

— Мына сага, чокуңду жегир! Мына!…

Бул көрүнүш жанымда турган балама оор тийди окшойт, жүзүн тиземе каткан бойдон өңгүрөп ыйлап кирди. “Анын акыбалын түшүнө билген боорукерим” – уулума ичим элжиреп кетти. Өлөрчө муш жеген соң, А-фэн жуулган кирлерди зымга жайып кирди, бакма энеси ыйлап жаткан уулума күлө карап айтканы:

— Ушул ашка жүк, башка жүк жетимдин эмнесин аяп ыйладың, балам?

Кир жайып бүткөн соң, А-Фэн кожоюндун кызын ойнотуп кирди, бакма энеси бир жакка басып кеткенин билгенде, жеткинчектер сүйүп уккан тосток көз бака тууралуу ырды кыңылдап ырдап жатты.

Бакма энеси ушундай ит кыялы бар калааты катын, тообо кылдым. Эмнеден улам мынчалык тажаал болуп калды экен? Мунун чекесин ким бирөөдөн уккандай болгом.

А-фэнди аялдыкка алып берем деп жүргөн уулу жыгач устанын окуусун бүтөт да, бирок шарап ичип, кумар ойногондон башкага жарабаган таза газанда [1] чыгыптыр. Кумарды акчасын кайда чачышты билбеген көпкөн адам ойнойт, а мунун ташаадан чыккан баласы чөнтөгүндө сокур тыйыны жок болсо деле кумарга кирип кетчү экен. Бир жолу да ырысы жок бейдаба жалгандан касам ичип жанын жеп, насыяга кумар ойноп, бүт уттуруп жиберет. Утулганына чыдабай, жок жерден кумарканада жаңжал чыгарып, полиция кармап кетет. Уттурган акчасын төлөбөй, ал аз келгенсип кумарканада тополоң салганы үчүн кумаркананын кожоюну полицияга арызданып, өлөрчө сабатып салат. Апасы кургур канчалык ыйлап-сыктаганы менен, мындан чыгар пайда жок. Баласы уттуруп жиберген акчаны анын мойнуна илишип, өмүр бою ичбей-жебей, тишинин кирин соруп жүрүп топтогон бар акчасын доого төгүп беришке туура келет. Полициядан жаткыча таяк жеген баласы көпкө дейре оңоло албай, тамагынан карандай суу араң өтүп, кан түкүрүп, апасынын жетегинде гана сыртка кирип-чыгышка араң жарайт. Бирок ташаадан чыккан эргулга бул сабак болбоптур. Апасынын кароосунда өзүнө араң келип, экинчи кумар ойносом, колум чирип калсын деп апасына каргандан үч күн өтпөй баласы дагы адатынча кумар ойноп олтурганын көргөндөр айтып келишет. Апасы кумарканага учуп жетип, баласын үйгө кулагынан сүйрөп келип, айласы куруган жаны баласынын тизесин кучактап алып, өңгүрөп-боздоп ыйлаптыр… Ошентсе да тиги ташаадан чыккан газандаси кумар ойногон адатын эч таштай албай коюптур. Эне курган баласын атадан эрте калган жетим деп аяп, көзүн карап чоңойтуп, уулунун мындай кылыктарын билип турса да, кайра эле акча суна берчү экен. Ким билет, балким уулунун азабын көп тарткан эне акыры жүрүп ушинтип тажаалга айланып кеткендир.

Бакма энеси шаарга кеткен соң, жумуштун баарын А-фэн жалгыз жасады. Бакма энесинин көзүнчө калтырап-титиреп, кыймылы олдоксон тартып, кармаган буюму колунан ыргып кетип айласы куруйт эле. А бүгүн болсо ишти чын жүрөктөн берилип жасап, мындан кадимкидей ыракат алды. Түш оогон маалда тоодой үйүлгөн иштин баарын бүтүргөнгө үлгүрдү, кечкиге тамак гана даярдап коюш керек. Кожоюндун кызын жетелеп ойнотуп, бешик ырын кыңылдап ырдап берди. Ыр саптарын чаташтырып жиберсе да, бирде жайлап, кайрадан күүлөнгөн мукам үнү уккан жанга жагымдуу. Борсулдап күлгөн бөбөк андан дагы ырдап берүүсүн кайра-кайра суранып жатты. Анда А-фэн бөбөктү энеси сыңар акырын чапкылап эркелетип, тентектиги ашынган баладай андан бетер үндү бийик созуп ырдап кирди.

А-фэндин минтип берилип ырдаганын мурда эч байкаган эмесмин. Бакма энеси ыраакта турса да, ал угуп калып, башка-көзгө койгулап кире тургансып, акырын кыңылдап ырдап алдындагы жумушун баш көтөрбөй жасай берчү. Бирок бүгүн А-фэндин маанайы беш, кызыл жүзү булуттан чыга калган Күндөй жаркып турду. Ырдап жатып шаңкылдап күлүп жиберет, жүрөктөн атып чыккан кубанычтуу күлкүсү мукам үндүү ырына жуурулушуп кетип жатты. Жеме, шапалак, баш көтөрбөгөн жумуш, каардуу бакма эне – ушунун баары бүгүн кулак угуп, көз көрбөгөн алыстарга житип жоголгондой. Жетим кыз бүгүн алгач ирет кубанычтын даамын татты, эркиндикке коё берилген куштай жашоонун ачык асманында канатын кере күүлөнүп учту. Күлгөндө да жашоонун бар азабын азга болсо да унутуп, чын жүрөктөн берилип күлдү, коңгуроодой шыңгыр күлкүсү мукам үндүү обонго жалгашып, кургандын ажары заматта кызгалдактай жайнай түштү.

Ал арада аппак мышык келип, А-фэндин бутуна оролошуп, тырмагы менен этегин тарткылап ойноп киргенде, А-фэн аны жерден ала коюп, бийик көтөрдү. Арткы бутуна таканчыктап тура калган мышык кулап түшүп, кайра так секирди. Аппак жүнү баркыраган, көзгө сүйкүмдүү мышык анын эркелетишин ушунчалык каалап турду. А-фэндин сүйүүсүнө арзыган ким болду экен? Ал да бирөө-жарымды арзып сүйүп көрдү бекен? Азыр А-фэн сүйкүмдүү мышыкты бооруна батырып алгысы бар. Мышык мурда деле анын бутуна келип, оролошо калчу, ишке алаксыган жаны аны көп байкачу эмес. А бүгүн мышыктын күнү тууду, А-фэн бөбөктү олтургуза салып, көкүрөгүнө тагынган этегин чечип, мышыкты азгырышка жерге сүйрөдү. Мышык денесин жыйрып, бир маалда күтүүсүз жерден так секирип барып, сүйрөлүп бараткан этекти чапчый жыгылат. А-фэн андан бетер катуурак чуркап, этекти жерге сүйрөп, мышык оюн кызыгына кантип аралашып кеткенин өзү да байкабай калды. Оюнкараак мышыкка табылбай калбаспы, А-фэн да оюн кызыгына батып, мышыктын кыжырына болушунча тийип, кумардан бир чыкты го, чиркин. Каткырыгы таш жарып, эшик алдында каалгып учуп жүргөнсүйт, мышыкты өзүнө азгырып чакырып жатты:

— Ии, азамат, дагы! Бери чурка, бери!

Бүгүн А-фэндин жүзүнөн күндөгүдөй жаш эмес, оюн кызыгына батып, жаш ордуна  салаалап тер акты. Кудуктан эки чака толтура суу көтөрүп келгенсип энтигип, кантсе да бала эмеспи, оюнун эч токтотор түрү жок. Турмуш азабын, өзүнүн өксүк экенин азга болсо да унутуп, өзүнөн кетип оюн кызыгына батты. Жыргалынан азабы көп бул Жалгандын бар кубанычы, шаттыгы, сүйүүсү жуурулуша келип, бир гана А-фэндин төбөсүнөн ылдый шаркыратмадай куюлуп жаткансып турду.

1921-жыл

_____

[1]. Газанда – тил албаган тентек, чыр (түштүк диалекти.).

 

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Сүрөт Kandinsky 3.1 ЖИнин жардамы менен жаратылды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.