Акын кыздар поэзиясына мүнөздүү – аруулук

Адабий этюддардан

Кыргыз акын кыздарынын поэзиясына мүнөздүү бир ажайып кубулуш бар. Ал – канаттуу ыр саптарын кол жеткис бийиктикке көтөргөн, адамдын жашоого болгон кумарын арттырган аруулук, аруу сезимдер.

Мага бул кир кол менен кармагыс ажайып кубулуш акын Роза Карагулованын “Сүйүү жазы” ырынан башталгандай туюла берет. Чогуу окуйлу:

***

Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.

Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуйт сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?

Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылар.

Биз бөлүндүк жамгырлуу жаздын түнүндө,
Кош айтыштык апакай кайың түбүндө.
Андан бери жылдар өттү тизилип,
Келатасың ыр болуп менин үнүмдө.

Бул ырда укмуштуудай уйкаштык, адамды таң калтыра тургандай салыштыруулар, селт эттире тургандай күтүүсүз ойлор деле жок. Болгону акыл менен сезимдин жуурулушунан пайда болгон жөнөкөй гана ыр саптары. Анткен менен бул ырды ар бир жолу окуган сайын, ырдын текстине жазылган обонду уккан сайын жан дүйнөң уйгу-туйгу болот, жашоого кайра жаралгың келет, бу өмүрдү кайрадан жашагың, кайрадан сүйгүң келет.

Ырдагы адамдын жан дүйнөсүн бороондоткон мына ушул күчтү байкаган адабиятчы, академик Осмонакун Ибраимов: “Роза Карагулова өтө кызыктуу акын. Чыгармаларынын арасында классикага айланып калган ырлары бар. Мисалы, “Себеленип ойлордун жумшак жамгыры, салкын тартып карааның менден узады…” деген сабы классика. Бирок бул жерде бир нерсеге көңүл бурушуңуз керек. “Себеленип, ойлордун жумшак жамгыры, салкын тартып карааның менден узады…” деген сапты жазыш үчүн кыргыз поэзиясы жарым кылым иштеши керек болгон. Себеби мурдагы заманда акын минтип жазса эл күлмөк” деп жазган.

О.Ибраимов поэзияны мыкты түшүнгөн, чыныгы поэзияга чыныгы баасын берип, адабий процесстеги агымдарга, тенденцияларды кылдат талдай алган, акындардын ырларынын ак-карасын талдай билген таасын адабиятчылардын бири. Адабиятчынын: “Себеленип, ойлордун жумшак жамгыры, салкын тартып карааның менден узады…” деген сапты жазыш үчүн кыргыз поэзиясы жарым кылым иштеши керек болгон”, – деген бир ооз баасында кыргыз кыз акындар поэзиясынын өсүү-өнүгүү тарыхы камтылган.

“Сүйүү жазы” ырынын окурмандын, угармандын жүрөгүн багындырган күчү – андагы аруулукта, аруу сезимдерди ашырбай да кемитпей чагылдырышында.

Ырдын жаралуу тагдыры да кызык. Роза Карагулова КМУну аяктагандан кийин, Нарын облусунун КерегеТаш айылына мугалим болуп иштөөгө жиберилет. Ошол кезде болочок жолдошу менен жаңы эле таанышып жүргөн кези болгондуктан, ага бул тууралуу эч нерсе айтпай, ишке бөлүнгөн жагына жөнөп кетет. Тоо койнундагы айылда мектепте сабактар бүткөндөн кийин жашаган үйүнө бир адырды ашып барчу экен. Жаздын бышкан мезгилинде жер көгөрүп, бөксө тоолор гүлгө ороно баштайт эмеспи. Ошондой адырлар гүлгө оронгон кечтердин биринде шаарда кала берген сүйүктүү адамын эстеп, ага куса боло, “Сүйүү жазы” жаралат.

Обончу Түгөлбай Казаковдун “Сүйүү жазына” обон жаратканы андан да кызык. “Ал кезде ресторанда иштечү элем. Бир күнү түшүмдө ресторанда аккордеондо белгисиз бир обонду улам кайталап ойноп жаттым. Залдан бирөө келип: “Азыркы обонуңду ойноп койчу” дейт. Ойнойм. Дагы суранышат, дагы ойнойм. 2–3 кайталап ойногондон кийин ойгонуп кеттим. Ойгонсом деле ошол обон кулагымда жаңырып туруп алды. Ал түнү агам Амандыкында элем. Балдары жаш, үйү тар. Балдарды ойготпоюн деп, сыртка кагаз-калемимди кармай чыгып, көчөнүн боюндагы карагайга илинген лампанын жарыгында түшүмдө тапкан обонумдун нотасын жаздым да, жатып алдым. Эртеси ойгонуп, түндөгү обонду эстей албай койдум. Анан барып кагазды карасам, ушул “Сүйүү жазынын” обону экен” – деп эскерет Т.Казаков.

Аруулук – бул жан дүйнөнүн тазалыгы, акыл-ойдун тунуктугу, айкөлдүктүн туу чокусу, наристедей энөөлүк, баеолук. Бул адамдын адамдык наркынын, барк-баасынын көрсөткүчү, аруулук – кайталангыс касиет. Аруулукту, аруу сезимдерди чагылдырган ыр саптарынын сейрек жаралышынын сыры мына ушунда.

Мындай жарым кылымда барып жаралчу аруулукту даңазалаган ыр саптарына акын Айгүл Узакованын “Сагынган жанмын сага окшош” ырын кошор элем:

САГЫНГАН ЖАНМЫН САГА ОКШОШ

Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош.

Бул ырда да таңгалдыра турган уйкаштыктар, издеп табылбаган табылгалар деле жок. Анда аруулук бар. Бул ырды жүз жолу окуп, ырдын текстине жаралган обонду миң кайталап уксаң да тажабайсың. Кайдыгер калбайсың. Ырдын сыйкыры ошондо. Ал сени туткундап алат да, бул ырды окуп же обонун угуп жаткан мүнөттөрдө аны менен жашайсың. Сагыныч эмне экенин, кусалык эмне экенин жүрөгүңдүн түпкүрүндө түшүнгөндөй болосуң. Мунун табышмагы ырдын өзөгүнө катылган, акын жан дүйнөсүнөн ырга төгүп таштаган аруу сезимдерде, аруулуктун бийик касиетинде.

Акын Үрүниса Маматованын “Жүрөгүм ооруйт дебеңиз” деген ыры да жан дүйнөнүн аруулугун, акыл-эстин тунуктугун даңазалагандыктан, ырдын текстине жаралган обон капкачан эле айыл аралап, шаар кыдырып кеткен:

Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Кеменгер ишкер,
Керемет жолдор алдыда.
Кемибей турсун,
Кебелбей өмүр кемеңиз.

Жүрөгүңүзгө,
Жүк болдум бекен ашыкча?
Жүрчү элем шерик,
Болсом деп ырыс-бакытка.
Тынчытып өзүм,
Тымызын тыйып алчу элем.
Көңүлдүн кушун,
Көкөлөп сизге ашыккан.

Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Жөнөкөй жанмын,
Жөн гана сиз деп жашаган.
Жүрөктү кыйнап,
Жөнү жок азап жебеңиз.

Бул ырды окуганда окурман өзү жазган, өзүнүн жүрөгүнөн жаралган ырдай бүт дилин берип окуйт. Ырдын обонун укканда да анда сенин тагдырың ырдалып жаткандай, санаалуу да, ойлуу да угасың.

Болбосо бул ырды деле бардык жагынан төп келишкен, шедевр ырлардын катарына кошо албайсың. Жөнөкөй эле жазылган. Анда таңдандырчу улуу ойлор деле айтылган эмес. Бирок да, бул ырдын касиети, күчү анда аруу сезимдер жөнөкөй тил менен, көбүрбөй-жабыртылган чагылдырылган да, жан дүйнөнү алып учкан, бороондоткон күчкө айланган.

Акын Фатима Абдалованын “Кат жазчы мага” ыры да мына ушундай сыйкырга, күчкө, табышмакка ээ:

Кат жазчы мага,
Бир келген биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм, күлүп,
Кайгырсам, кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.

Кайырма:

Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды,
Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагынч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?

Кат жазчы мага,
Недендир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр,
Кабарың бербей койду деп
Таарынып жатып,
Сагынып жатып, уктадым.

Кайырма:

Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок билүүлүк.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
“Жарк” этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.

Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап,
Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Кат жазчы мага.

Окурман да, угарман да “Кат жазчы магадагы” күлсө күлүп, кайгырса кошо кайгырган ыр саптары менен кошо кайгыра алат. Ырды Фатима Абдалованын эмес, өзүнүн ырындай кабыл алат. Күнүмдүк көр тирлик унуткарылып, адам болуп жашоого бир келгениңди, сүйүү даамын татканыңды, махабат деген улуу сезимди, сагынычтарды, таарынычтарды эстейсиң. Адам экениңди эстегениңдин өзү канчалык!?. Мына ошол көз ирмемдерде аруулук – акыл-эстин тунуктугу, жан дүйнөнүн тазалыгы дегенге ошондо бир ынанасың. Жашоого кайрадан бир төрөлгөндөй сезим келип, мына ушундай сейрек жаралган ырлардын касиети, күчү жашагыңды келтирет.

Акын Бактыгүл Көкөтаеванын “Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн” ырын жылдын бардык мезгилинде уксаң болот. Жазында, жамгыр нөшөрлөгөн кечте, жамгырлуу түндөрдө терезени тиктеп уксаң, андан да сонун. Болбосо мындай ырды кыштын узак түндөрүндө карды кычыратып басып келатып укканга неге болбосун:

***

Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн,
Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.
Чалбай, келбей, чакырылбай эч жерге,
Эчак эле жалгыз калган өңдөнөм.

Сүйүү десем сүйүү дагы бүттү эми,
Ал бир арман айтылбаган мендеги.
Эч бир жерде ырдалбаган обондой,
Өзүм менен жүрө берип эскирди.

Турмуш кээде мен күткөндөн оор болуп.
Кор болбочу жерде турдум кор болуп.
Басаар жолум дагы канча ким билсин,
Баш-аягын таппайм кээде ойлонуп.

Келди десем кетип барат жаз дагы,
Кемигенден кемип барат жаш дагы.
Жакшы күндөр али алдыда деп жүрсөм,
Жаштык менен бүткөн окшойт бардыгы.

Бүтпөй эч бир тиричилик үйдөгү,
Бүгүн дагы күндөгүдөй кеч кирди.
Ушул жамгыр бугум дагы, ыйым да,
Кайран өмүр кайда чачтым өзүмдү.

Кимден билбейм мээрим күтүп жашадым,
Кетсең кетчи мен да сенден чарчадым.
Толгон кезде ыйлап алып бирөөгө,
Мен да өксүгөн ыйын уктум канчанын.

Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн.
Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.
Өмүр мага өксүк болуп туюлат.
Корком кээде кокус келчү өлүмдөн.

Себеби бул ыр жамгыр эмес, адам тагдыры, жашоосу, сүйүү арманы, адамдагы жалгыздык тууралуу ыр. Бул ырды окубатып, бүтүн туруп жарты экениңди, бактың ашып турса да, адам башында бир арман болорун боолгологондой болосуң.

Адам баш-аягы табылбаган жашоодо чачырап, төгүлүп-чачылып жашайт. Оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн бири кемдиги тууралуу дайыма эле ойлонбосок да, өкүнүч менен өкүт ар дайым өзү тууралуу эске салып турат. Анын өзү билинип-билинбей, көкүрөктөн шуу этип чыккан үшкүрүктү жаратат. Мына ушунун өзүндө аруулук – наристедей энөөлүк, баеолук, жан дүйнөнүн криссталдай тазалыгы, акыл-эстин тунуктугу, айкөлдүктүн угуту жатат.

Акындар көп, бирок баары эле аруу сезимдерди канаттуу сөзгө айлантып, аруу ырларды жаза албайт. Анүчүн акыл-ой булактын суусундай тунук, жан дүйнө тоо гүлүндөй үлбүрөп аруу, наристедей баео, көкүрөк кирдебеген болушу шарт экендиги талаш жаратпаса керек…

25.08.2023

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.