Менин университеттерим: Олжас Сулейменов
Менин ыр жазуу стилимди Уолт Уитменге окшоштурушат. Ал дүйнөлүк поэзияга ынкылап жасаган акын болсо да, Уитмендин ыр китептери эч качан менин үстөл китебим болгон эмес.
Менин поэзияга болгон мамилемди түп-тамырынан өзгөртүп, поэтикалык көз карашыма терең из калтырган акындар – Михаил Лермонтов, Пабло Неруда, Назым Хикмет, Олжас Сулейменов жана Табылды Муканов. Алар менин тээ студент кезден, күн сайын көтөрө жүрүп, миң кайталап окуган акындарыма айланган. Азыр да алардын ырларын окусам, кадимкидей эс алам. Көңүлүм өсөт, жан дүйнөмө канат бүтөт, жашагым келет.
Алар мага күтүүсүз ой жүгүртүүсү, акыл-эсти буй кылган дүйнө кабылдоосу, адамдын жан дүйнөсүнө терең үңүлүп, лирикалык каарманынын жашоосу менен жашаган, ички сезим-туюмдарды, ички толгонууларды адамдык парасат менен айта билүү чеберчилиги менен жакын.
Казак поэзиясынын мыкты үлгүлөрүн окуй отуруп, кайсы гана өңүтүнөн албайлы: мейли мазмуну, формасыбы, мейли көркөмдүгүбү, идея, темасыбы, айтор кошуна элдин өлөңүнүн күчтүү жактары көп экенин байкайсың. Бизде акындар көркөмдүк жагынан мыкты болсо, ырдагы идея, тематикасы жагынан аксап, идеясы мыкты болсо, көркөмдүк иштелиши чалагайым болуп калган учурлар көп кездешет.
Кээде биздин мыкты, классик деген акындарыбыздын ырларын окуй отуруп, алардын ыр саптарынан казактын улуу акыны Олжас Сулейменовдун интеллектуалдык ой жүгүртүү деңгээлине жеткен, андан ашкан саптарды издейм. Тилекке каршы, таппай убара болом. Олжас биздин Чыңгыз Айтматов сыяктуу эле өзүнүн космосун тапкан, планетардык масштабда ой жүгүртө алган, энциклопедиялык билими бар, не бир академиктердин акылы жетпеген нерселерге акылы жеткен чыгармачыл инсан. Ал казак адабиятын, казак адабияты аркылуу дүйнөлүк адабияттын алтын казынасын интеллектуалдык ырлар менен байытты. Бул ырларды жүз кайталап окусаң, жүз жолу да улам бир жаңы кырынан көрүнүп, улам жаңы идеялар, ойлор чыга берет.
Казактын залкар акыны мага ой жүгүртүүсүнүн масштабдуулугу, ырларынын сюжеттүүлүгү жана карандай уйкаштыктарды кубалаган жөнөкөйлүгү, окурмандын бардык катмары үчүн түшүнүктүүлүгү, дароо кабыл алаары менен жагат.
Олжас Сулейменовдун акын жана сүрөткер катары өзгөчөлүгү ырларындагы сюжеттүүлүк. Акындын дээрлик кайсы гана ырын окуба, анда ал турмуштук кайсы бир окуяны, көрүнүштү көз алдыга кинотасмадай тартуу менен, адамдын ички дүйнөсүндөгү толгонууларды шашпай сүрөттөп жүрүп отурат. Олжастын ырлары окуганда Леонардо да Винчинин “Моно Лизасын”, Джоконданын сырдуу жылмаюусун көргөндөй болосуң.
Ал адамдын кубанычын же кайгысын, сүйүүсүн же жек көрүүсүн, адамдык бийик касиетин же акмакчылык иштерин, ийгиликтерин жана каталыктарын ачып берүүдө кайсы бир окуяга, сюжетке таянып, бирде адамдын табиятка болгон мамилесин сүрөттөсө, бирде жаныбарлар дүйнөсүнө жасаган жырткычтыгын баяндайт.
Акындын алгачкы ырларынан болгон “Бөлтүрүктөр” (“Волчата”) да сюжети бар чыгарма. Шашпай окуп көрөлү.
Бир жолоочу баратты.
Айталаада узак-узак жол басты.
Кайда? Эмне үчүн?
Бизге дайнын айтпады.
Ал аңыздан көрдү кексе көкжалды,
тагыраагы уургачы экен,
эне көкжал жатыптыр.
жаак тиштерин арсайтып,
сунуп таштап буттарын.
Тиштешкен го
кекиртектен өжөк-өжөк кан кетип.
коюу, куду ылайдай.
Ким минтти экен? Карышкырбы?
Же тиштеди бекен аңчы дөбөттөр?
Көз ача элек бөлтүрүктөр не билсин,
Бечаралар түртүшүп да, ырылдап,
ээмп жатты муздак, жансыз энесин.
бөлтүрүктөр ачка эле,
эстей албайт шыбак кандай жыттанат?
ачкөздөнө, жараатка алар жабышып,
коюу, муздак канды жатты шимирип.
Ал кан менен кек да кошо шимилип.
Кимге? Эмнеге?
Кимге, неге болбосун, эч кечирим жок
эми булар көптөп дагы,
жалгыздап да өч алат.
Аны кайдан билмекпиз.
Ал бөлтүрүктөрдүн аңчысы эле.
Бирок бөлтүрүктөргө тийбеди.
Ал дилинде аяды
өз балдарын коргой албай
эки көзүн жалдыраткан энени.
Мен ырдын түпнускасына жакыныраак кылып сапма-сап кыргызчаламыш болдум. Муну көркөм котормо деп атоого болбойт. О.Сулейменов орусча жазат эмеспи, ырдын текстти мындай:
ВОЛЧАТА
Шел человек.
Шел степью долго-долго.
Куда? Зачем?
Нам это не узнать.
В густой лощине он увидел волка,
Верней — волчицу,
А вернее — мать.
Она лежала в зарослях полыни,
Откинув лапы и оскалив пасть,
Из горла перехваченного плыла
Толчками кровь,
Густая, словно грязь.
Кем? Кем? Волком? Охотничьими псами?
Слепым волчатам это не узнать.
Они, толкаясь и ворча, сосали
Так странно неподатливую мать.
Голодные волчата позабыли,
Как властно пахнет в зарослях укроп.
Они, прижавшись к ранам, жадно пили
Густую, холодеющую кровь.
И вместе с ней вливалась жажда мести,
Кому?
Любому, лишь бы не простить.
И будут мстить,
В отдельности и вместе.
А встретятся — друг другу будут мстить.
И человек пошел своей дорогой.
Куда! Зачем!
Нам это не узнать.
Он был волчатник.
Но волчат не тронул —
Волчат уже
Не защищала мать…
Казак тилине эркин жана көркөм которулган экен.
Жолаушы ма?
Кезіп жүрген малшы ма?
Жәй кезбе ме?
Әлде жүрген аңшы ма?
Сұлап жатқан көріп қалды қасқырды,
Дұрысын айтсақ,
Арланы емес,
Қанышығын
Жортып өскен тағы түздің тағы аңы
Жатыр екен жосадай боп тамағы.
Күрең қызыл,
Ұйып қалған қақ болып
Қалың шөпке,
Боз жусанға қаны ағып
Кім кінәлі?
Айуандар ма?
Аңшы ма?
Кім өлтірді оны ұрып соншама?
Аш күшіктер таласып кеп емеді
Ақ емшекті бөккен қызыл тамшыға.
Жақын түгіл аяр еді жат тегі,
Оянбайтын бір ұйқыға батты өлік
Жарақаттың аузын ашып күшіктер,
Шешесінің жылы қанын жатты еміп.
Бірте-бірте мұзға айналып от дене
Көкжал дәурен өтті бастан Әттеген!
Қанмен бірге күшіктердің бойына
Сіңе берді ашу-ыза, кек деген.
Әлгі кісі кезіп жүрген қиянды
Қас жауы екен қасқырлардың зиянды.
Бірақ та ол Анасынан айырылған
Жетімдерді Өлтіруге ұялды.
Акындын ырларын Джоконданын сырдуу жылмаюусуна салыштырганым бекеринен эмес. Терең философияга сугарылган бул ырда каймана айтылган, ар сапка катылган подтексттер оголе көп. Айталаада узак жол басып келаткан жолоочунун “Кайда? Эмнеге?” баратканын автор сыр кылып окурманга айтпай, табышмак кылгандай, “Кайда? Эмнеге?” баратканын ал өзү да билбейт десе болот. Аныгы ал – карышкыр аңчысы экени. Бирок, аеосуз таланып, ырайымсыз тамакталган эне карышкырды, сүт ордуна энесинин канын шимирип ичип жаткан ачка жана алсыз, көзү ачыла элек бөлтүрүктөрүн көрүп, “Кайда? Эмнеге?” экени белгисиз сапарын улантат.
Ал адамды таңгалдырган, эсин эки кылган эмне? Карышкырдын ажалына себеп болгон мыкаачылыкпы? Арийне, жаныбарлар дүйнөсүндө буга окшогон мыкаачылык күн сайын болот эмеспи. Автор бул мыкаачылык кимдин колунан келди, карышкырларбы, аңчы иттерби деп суроо салып жатпайбы. Бирок, эне карышкырды ким өлтүрдү ал өтө деле маанилүү эмес, бул ишке ким даап колу барбасын мыкаачылыкты актай албайсың.
Олжас Сулейменов “Бөлтүрүктөрдө” глобалдуу маселени козгогон. Жер бетиндеги тирүүлүктүн учугу үзүлбөй уланып турушу үчүн иралды адам жоопкер. Табиятка, жаныбарлар дүйнөсүнө акыл эске сыйбаган мыкаачылык менен кол салуу, али көзү ачыла элек бөлтүрүктөрдү энесинен, эне сүтүнөн ажыратуунун акыры жаман кесепеттерге апкелиши мүмкүн. Бөлтүрүктөр кан менен кошо кек-өчтү жутуп жатты, эми алар жалгыздап да, үйүрү менен да өчүн алат деп ошондон улам эскертип жатат. Адам менен табияттын ортосундагы тең салмактуулук бузулган жерде ар кандай күтүүсүз кырсыктар болушу ыктымал. Бөлтүрүктөрдүн аңчысы ошон үчүн бөлтүрүктөргө тийген жок. “Кожожаш” эпосунда Сур эчки Кожожаштан көзүнүн жашын көлдөтүп, улактарымды атсаң да, Алабаш текеге тийбе деп жалынып, мерген Сур эчкини укпай, каргышына калып, аскага камалып өлөт эмеспи.
Бөлтүрүктөрдүн аңчысы бөлтүрүктөргө тийбей, андан ары жолун улаганы дагы да болсо, адамдын кыйратуучу күч эмес, жаратуучу күч экенине болгон ойго ишеним байлатат.
Ырды окуп болуп, Олжас Сулейменовдун алакандай ырга аалам сыйгандай ой батырганына тан бересиң. Ыр бир роман көтөргөн жүктү көтөрүп, улам окуган сайын, улам жаңы ойлор жаралып, балбан сөздүн күчүнө аргасыз баш иесиң. Акындын ыры мына ушундай болушу керек.