Жек ЛОНДОН: “Авроранын кызы”

 

(аңгеме)

– Ошентип, сен мага үйлөнгүң келеби? Жок, сен, – эми кандай десем? – сен өтө эле жалкоо адамсың, бул жакшы эмес. Ишендирип кетейин, жалкоо адам мени эч качан өзүнүн аялы деп атабайт.

Жой Молино Жек Харрингтонго ушундай деди. Бир күн мурун ал Луи Савойго француз тилинде ошол эле сөздөрдү айткан.

– Укчу, Жой!

– Жок! Эмнеге мен сени угушум керек? Менимче, сен мага ушунча убакыт бөлүп, эч нерсе кылбай бош жатканың абдан туура эмес. Өзүңдүн үй-бүлөңдү кантип багасың? Анткени сенин алтының жок. Ал эми башкаларда алтын кумунун чоң запасы бар.

– Сен бекерден бекер эле ушинтип ойлойсуң, Жой. Мен жетишээрлик эле иштейм. Менин же тигил жерди, же бул жерди казбай калган күнүм жок. Мен жаңы эле иштеп, кайтып келгенимди, иттеримдин чарчаганын билесиң. Мен башкалардан кем иштебейм, бирок жолум болбой жатат. Айрымдар ийгиликтүү болуп, көп алтын табышты, болгону мен – азырынча эч нерсе таба элекмин!

– Ах, сен жөн эле сүйлөй бербе! Баягы киши эсиңдеби? Ооба, Мак-Кармак деген, аялы менен Клондайкка барып, алтын таап алган… Сен эмнеге аны менен барган жоксуң? Башкалар барды да байып кетишти.

– Мен ошол кезде Тананауда иштеп жүргөнүмдү жана Эльдорадо жөнүндө да, Бонанза жөнүндө да эч кандай кабардар болбогонумду кантип билбейсиң? Андан кийин кеч болуп калды.

– Бул шылтоо гана – башка эч себеп жок. Сен жалпысынан кыйгап өткөндү жакшы көрөсүң.

– Эмне дедиң?

– Мен сага кыйгап өткөндү жакшы көрөсүң деп жатам. Мисалы, Эльдорадодо бир жер бар. Бир кичинекей киши келди, казык какты да, жок болду. Анан анын эмне болгонун эч ким билбейт. Алтымыш күндүн ичинде өз укугун пайдаланышы керек эле. Эми ал жерге элдин баары агылып бара баштайт. Участокко укук жана кагаз алуу үчүн шамалдан ылдам чуркап жетиш керек, кимдин иши оңунан чыкса, ошонуку – байлык. Үй-бүлөсү муктаждык эмне экенин билбей өтөт.

Жойдун сөздөрү Жек Харрингтондун жүрөгүнө уу сыяктуу тамды, бирок ал муну жашырып, кайдыгер тон менен сурады: 

– Мөөнөтү качан бүтөт экен? 

– Мен бул тууралуу Луи Савойго да айткам, – деп Жой Жектин суроосуна көңүл бурбай. – Менимче, ал бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайт. 

– Аны шайтан алсын! 

– Ооба, Луи Савой мага мындай деди: “Жой, мен күчтүүмүн, чыдамкаймын, иттерим да күчтүү. Мен аракет кылам. Эгер ийгиликке жетсем, мага турмушка чыгасыңбы?” 

Мен ага айттым… Мен айттым… 

– Эмне дедиң ага? 

– Эгер Луи Савой ийгиликке жетсе, анда мен анын аялы болом дедим. 

– А эгер жетпесечи? 

– А эгер жетпесе, анда… кантип айтсам сага? – анда Луи Савой менин балдарымдын атасы болбойт. 

– А эгер мен жетсемчи? 

– Эгер сен жетсең? Ха-ха! Сен эч качан жетпейсиң!

Ал күлүп жиберди, бирок анын күлкүсү Жек Харрингтондун жүрөгүнө канжар сайгандай болду, ошол эле учурда ага анын ачуу күлкүсү да кандайдыр бир керемет музыка сыяктуу угулганын моюнга алышы керек эле.

Жек Харрингтон өзгөчө эмес болчу жана Жой Молинонун ага жасаган мамилесине көнүп калган. Жалгыз эле аны эмес, ал бардык күйөрмандарын кыйнаганды, жүрөгүн өрттөгөндү жакшы көрчү. Мындай учурларда ал сулуу болуп кетчү, гүлдөй ачылып, эриндери кумардан дирилдеп турчу. Ысык өбүшүүлөрдөн, муздак кумардан анын жүзүнө кызыл кирип, көздөрү аял затына гана таандык болгон керемет от менен жанып турчу.

– Эгер мен жетсемчи? – деп кайталады Харрингтон. Жой Молино көздөрүн итинен адамга, кайра итке бурду.

– Эмне дейсиң, Карышкыр Тиш? Эгер Жек Харрингтон күчтүү болуп, өз максатына жетсе, анда экөөбүз ага турмушка чыгабызбы? Кандай дейсиң, Карышкыр Тиш? Карышкыр Тиш ойгонуп, үрө баштады. 

– Аябай суук болуп чыкты! – Жой Молино күтүүсүздөн, таза аялдык өзгөрүлмө, туруксуз мүнөз менен сөздүн нугун буруп. Ал ордунан туруп, ит кошулган чанасын иретке келтире баштады. Жек Харрингтон ага эч нерсени түшүнбөгөндөй карап турду. Алардын таанышуусунун башынан эле ал кыздын алдында өзүн акмак сыяктуу сезчү, бирок бул тааныштык ага чыдамкайлыкты үйрөткөн. 

– Эй, Карышкыр Тиш, алга! – деп кыйкырды Жой Молино чанага отуруп. Иттер ордунан козголуп, Кыркынчы Миляны көздөй чуркап жөнөштү. Харрингтон кыймылсыз, көздөрүн албастан кызды карап турду. Жол экиге айрылып, Кудахи фортуна кеткен жерден, Жой Молино иттерди токтотту да, кайра бурулду. 

– Эй сен, жалкоо! – деп кыйкырды ал. – Бир сөз: жалкоо, Карышкыр Тиш ага айтсын, эгер ал жетсе, мен анын аялы болом!

Көп өтпөй бүткүл Кыркынчы Миль Луи Савой менен Жек Харрингтондун ортосунда боло турган беттешүү тууралуу укту. Ким жеңет, Жой Молино кимди тандайт деп чоң акчалар сайылып, ушактар тарады. Шаар экиге бөлүнүп, ар ким өз сүйүктүүсүн колдоого даяр болчу. Атаандаштарды сүйүктүү жардан тышкары, миллиондогон долларга бааланган алтын кени кызыктырып жаткан.

Мак-Кармак алтын кенин ачканы тууралуу сөз тарагандан кийин, батышта иштеген Жек Харрингтон жана Луи Савойдон башка дээрлик бүтүндөй Юкон округу өйдө карай бет алды. Бугу жайыттары жана кичинекей дарыялар ээн калды. Ошондой эле кокустук менен алтынга бай жерлердин бири – Эльдорадо табылган.

Олаф Нельсон өзүнө беш жүз фут өлчөп, тийиштүү белги койду, казыктарды какты да, изин суутуп кетти. Ал убакта эң жакын кабарлоо посту Кыркынчы Мильдин тушундагы дарыянын аркы өйүзүндө жайгашкан Кудахи фортундагы полиция участогунда болгон. Эльдорадо тууралуу укмуштуудай сөздөр тарагандан кийин, Олаф Нельсондун Төмөнкү Юкондо жер тилкесин ээлеп алганы белгилүү болду. Бирок Олаф Нельсон жок болчу, анын кайда экенин эч ким билген жок.

Мына ошондуктан жүздөгөн алтын издөөчүлөр дайынсыз жоголгон бактылуу адамдын участогун аңдып, көздөрү күйүп турду. Бирок алтымыш күндүк мөөнөт бүтө элек болгондуктан, Олаф Нельсондун мүлкүнө эч кимдин кол салууга акысы жок болчу. Бүтүндөй округ Нельсондун сырдуу жоголуп кеткенин билчү. Ондогон адамдар мөөнөтү бүтөрү менен Кудахи фортуна карай жөнөөгө даяр болуп, күтүп жатышты. Бирок Кыркынчы Мильдин тургундары мунун баарына сабырдуулук менен мамиле кылышты.

Шаар Жек Харрингтон менен Луи Савойду керектүү нерселер менен камсыздоо үчүн бүт күчүн жумшады. Кабарлоо бекетине чейин жүз миль болгондуктан, эки атаандаш тең жолдо төрт жолу иттерин алмаштыруусу керек деп чечишкен. Иттерди акыркы алмаштыруу чечүүчү мааниге ээ болушу керек эле, ошондуктан эки атаандаш тең акыркы жыйырма беш миль үчүн мыкты иттерди камдоого аракет кылышты. Мунун айынан иттердин баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. 

Бул жерде баары Жой Молинону эстешти. Ал бул окуянын дээрлик жалгыз себепкери болгону аз келгенсип, Чилкутадан Беринг деңизине чейинки эң мыкты иттерге ээ эле. Алдыңкы ит катары Карышкыр Тишке эч ким тең келе албайт болчу. Өз чанасында Карышкыр Тиш чегилген адам жеңишке жарым жартылай ишене алмак. Жойдон жардам сурап кайрылгандар көп болду, бирок ал баш тартты, эч качан сүйүктүү итинен айрылгысы келген жок. Эки тарапты тең атаандаштарынын эч кимиси андан пайдалана албай турганы жубатты.

Эркектер аялдардын татаал акылынын, миң түркүн айла-амалынын түпкүрүнө жете албагандай жаратылган. Бул ачык же жабык жашоо өткөргөн эркектерге бирдей таандык болчу. Кыркынчы Мильдин эркектери да Жой Молинонун жашыруун пландарын түшүнө алышкан жок. Кийинчерээк алар Түндүк жарыгынын астында төрөлүп, атасы Кыркынчы Мильдин тургундары бул жакка келгенге чейин эле бул жерде жашап, ири, баалуу терилер менен соодасын жүргүзгөн бул аялдын сырын толук түшүнө албагандарын моюнга алышкан. Бирок мунун баары Жойго эч кандай таасир эткен жок жана аны аялдык касиеттеринен ажыраткан жок. 

Эркектер анын алар менен ойноп жатканын жарым-жартылай түшүнүштү, бирок оюндун мааниси жана тереңдиги алардан жашыруун болчу. Алар карталардын бир бөлүгүн гана көрүштү. Жой Молино болсо негизги көзүрүн оюндун аягында гана чыгармакчы болгон, ошондуктан эркектер дээрлик акыркы көз ирмемге чейин сокур бойдон калышты.

Бир жуманын ичинде шаардын тургундарынын бир бөлүгү Жек Харрингтон менен Луи Савой кетиши керек болгон жерге көчүп кетишти. Баары убакытты туура эсептеп, мөөнөтү бүтөргө бир нече күн калганда жетип, өздөрү эс алып, иттерин да эс алдырып алмак болушту. Жолдо алар Олаф Нельсондун ошол эле участогун көздөй бараткан Доусондун көптөгөн тургундарын жолуктурушту. 

Атаандаштар кеткенден эки күн өткөндөн кийин, Кыркынчы Мильге алмаштыруу үчүн даярдалган иттерди жөнөттү: биринчисин – Кыркынчы Мильден 75 миль, экинчисин – 55 миль, үчүнчүсүн – 25 миль аралыкта белгилешти. Акыркы алмаштыруу ушунчалык жакшы тандалгандыктан, дээрлик бүт шаар бир нече саат бою элүү градус суукта иттердин өзгөчөлүктөрүн талдап чыгышты. Эң акыркы көз ирмемде Жой Молино өзүнүн иттери менен эл чогулган жерге келди. Ал Харрингтондун чанасын айдап бара жаткан Лон Мак-Фэйнге жакындап, Карышкыр Тишти чечип, Харрингтондун иттеринин алдына чекти. Ошол замат ит Юконду карай чуркап жөнөдү. 

– Байкуш Савой! – деген үндөр бардык жактан угулду. Жой Молино эч нерсе деп жооп берген жок, көздөрү гана балбылдап күйүп, үйүнө кайтты.

Түн ортосу болчу. Олаф Нельсондун участогуна мехке оролгон жүзгө жакын адам чогулган эле, алар алтымыш градустук суукту жылуу үйдөн жана жумшак, ыңгайлуу төшөктөн артык көрүштү. Айрымдары азыртан эле алдын ала иштер менен алек болуп жатышкан. Кичинекей полиция отряды мелдеш бардык эрежелер боюнча жүргүзүлүшүн көзөмөлдөшү керек болчу. Катуу буйрук берилген: эч ким акыркы, алтымышынчы күнү акыркы секунд өтмөйүнчө, казык какпашы керек. Ыраакы Түндүктө мындай буйруктар укмуштуудай, дээрлик табияттан тышкаркы күчкө ээ. Тил албагандарды чагылгандай тездик менен ок жазалайт.

Асман ачык жана суук түн эле. Түндүктүн жаркыраган жарыгы асманга жылма, кызыктай түстөрдү чачып турган. Дөө-шаанын кубаттуу колдору жер үстүндө зор аркаларды тургузгандай: горизонттон зенитке чейин кызгылт, муздак жана жаркыраган жарыктын толкундары сүзүп жүрсө, жылдыздарга карай кең жашыл-ак учкундуу тилкелер созулуп турду.

Аюунун тонуна оронгон полиция, алдыга чыгып колун көтөрдү. Дароо эле укмуштуудай дүрбөлөң башталды. Алтын издөөчүлөр иттерин ойготуп, аркандарын чечип, чеге башташты. Андан кийин баары, бирден, колуна казык кармап, белгиленген жерге келе башташты. Алар бул аймакты ушунчалык жакшы билишкендиктен, көздөгөн иштин баарын көзү байланган абалда жасай алышмак. Экинчи белги боюнча алар бардык ашыкча нерселерин чечип салышып, даяр турушту.

– Уккула!

Алтымыш жуп кол мээлейлерди ыргытып, алтымыш жуп бут жаркыраган карды бекем тээп турду.

– Алга!

Жарышкандар заматта чар тарапка тарап, айтып жеткис ылдамдык менен казыктарды жана белгилерди кага башташты. Андан соң алар чанага секирип чыгып, тоңуп калган дарыянын бою менен учуп жөнөштү. Мурунку дүрбөлөң кайра кайталанды: чаналар бири-бирине урунуп, чегилген иттер бири-бирине асылды; жаныбарлардын жүнү тик туруп, бири-бирине тиштерин көрсөтүштү, ушунун баары абада тынымсыз ызы-чууну жаратып турду. Баары эң маанилүү, эң башкы учур келгенин түшүнүштү, ар бир атаандашынын ага жардам берүүгө аракеттенген достору бар болчу. Аз-аздан сүрмө топтон айрым чаналар алдыга суурулуп чыгып, жуп-жубу менен көздөн кайым болуп жатты.

Тажрыйбалуу Жек Харрингтон улуу дүрбөлөң болорун билгендиктен, чанасынын жанында тынч күтүп турду. Анын жанында дал ушундай күтүү абалында Луи Савой атаандашын – Түндүктөгү эң мыкты ит айдоочулардын бирин кунт коюп байкап турду. Экөө ызы-чуу толугу менен басылгандан кийин гана жолго чыгышты. Алар мурда кеткендерди кууп жеткенге чейин он чакырымдай жолду басып өтүшү керек болчу.

Жолдун эки тарабында чексиз кар талаалары созулуп жатты. Эгер кимдир бирөө башкасын басып өтүүгө аракет кылса, бул аракет жакшылык менен бүтпөйт эле, анткени иттери күрткүгө бооруна чейин кирип кетмек.

Мындай чыйыр салынган ичке жол Бонанза менен Клондайктан Доусонго чейин жыйырма беш чакырым эле. Ал жерде биринчи алмашуу күтүп турган, бирок Харрингтон менен Савой иттерин башкалардан эки чакырым жогору жерден алмаштырышты. Алар жалпы дүрбөлөңдөн пайдаланышып, чаналардын жарымынан көбүн басып өтүштү. Кең Юконго чыгышканда, Жек Харрингтон менен Луи Савойдун алдында отузга жетпеген адам бар болчу.

Агымдын эң катуу жеринде бир чакырымдай аралыктагы суу тоңбой эки зор муздун ортосунан агып өтчү. Азыр ал жердеги суунун бетин жука муз каптап, майлаган полдой тайгак болуп калган экен. Ал жерге келгенде Харрингтон бир колу менен чананы кармап, тизелей калып, иттерге камчысын жаадырды. Анын ар бир соккусу оозго алгыс сөздөр менен коштолуп турду. Иттер, бут астындагы катуу, жылмакай музду сезип, бардык күчү менен чуркап жөнөштү. Түндүктүн туруктуу жашоочуларынын арасында Жек Харрингтондой иттерди чебер башкарган адам аз эле. Луи Савой атаандашы аны басып өтө баштаганын сезгенде, ал да иттерин камчылап, ылдамдыгын арттырды жана ар дайым алдыңкы иттеринин мурду Жек Харрингтондун чанасынын артына тийип турушуна аракет кылды…

Харрингтон бир секундду текке кетирбөөнү чечти жана жаңы алмаштыруучу чана анын чанасына жанаша келгенде, катуу кыйкырып, жаңы чанага секирди жана бир секундга да кыйкырыгын жана камчылануусун токтотбой, андан ары зуулдап жөнөдү. Луи Савой да өзүнүн алмаштыруусу менен дал ушундай кылды. Ошол эле учурда эки атаандаш тең таштап кеткен иттер башка жарышкандардын жолун тороп, ызы-чууну жана башаламандыкты күчөттү. Баарынан алдыда Харрингтон келе жатты, ал жолду тазалоо сыймыгына ээ болгон. Анын артынан артта калбай Савой келе жатты.

Ошол учурда суук күчөп, абанын температурасы нөлдөн 60 градуска чейин төмөндөдү. Кыймылсыз олтуруу коркунучтуу жана мүмкүн эмес болчу. Муну билген Харрингтон менен Савой мезгил-мезгили менен чанадан секирип түшүп, камчыларын кармап, иттердин артынан өздөрү жылыганга чейин чуркап, андан кийин кайра чанага отуруп жатышты.

Ошентип, алар бирде чана менен, бирде чуркап экинчи жана үчүнчү алмаштырууну басып өтүштү. Калган алтын издөөчүлөр алардын артында сегиз чакырымга чейин созулуп келе жатышкан. Алардын көбү дагы эле Кыркынчы Мильден келген жарыштын каармандарын басып өтүүгө аракет кылып жатышты, бирок алардын бардык аракеттери бекер болду.

Үчүнчү алмаштырууда, Кыркынчы Мильден кырк чакырым алыстыкта жайгашкан Харрингтондун чанасына Лон Мак-Фэйн жакын келди. Алдыда Карышкырдын Тишин көргөн Жек Харрингтон жеңишине чындап ишенди. Ал мындай иттер менен артта калбай турганын билген. Эми аны басып өтө турган чана жок! Луи Савой да Карышкырдын Тишин көрдү жана аны көргөндөн кийин утулганын түшүндү. Ал өзүн, ошону менен бирге кыянат аял Жой Молинону каргап жатты. 

Ошол эле учурда ал ишти унуткан жок. Анын алдында кардын учкундуу тозоңун бардык тарапка чачып, Жек Харрингтон сызып бара жатты, Савой андан артта калбоону жана акыркы көз ирмемге чейин бактысы үчүн күрөшүүнү чечти.

Таң агарып, түштүк-чыгышта жарык боло баштады. Атаандаштар куйрук улаш зымырап бара жатып да, Жой Молинонун ойлоп тапканына таң калышканын токтотушкан жок.

Кыркынчы Миль таңга маал ойгонуп, жылуу төшөктөрүнөн ыргып турушуп, Юконду бир нече чакырымга – эң жакын бурулушка чейин көрө ала турган жолго чыгышты. Баарынан бир аз алысыраак жерде Жой Молино турган, аны менен жаркырап турган жолдун ортосундагы мейкиндик таптакыр бош болчу. Адамдар күйүп жаткан оттун тегерегинде отурушуп, сайууга камдаган алтындын куму менен тамекилерин ортого салып жатышты. Эң көп алтын Карышкырдын Тишине сайылды.

– Келе жатышат! – деп кыйкырды карагайга башына чыгып кеткен жергиликтүү бала.

Юкондун төшүндөгү бурулушта, ак карда кара так пайда болду. Дароо эле экинчи так да көрүндү. Бул тактар чоңойгон сайын, бир топ алыстыкта башка тактар да пайда боло баштады. Бир аз убакыттан кийин чаналардын, иттердин, анан чанада келе жаткан адамдардын сөлөкөттөрүн көрүүгө мүмкүн болду.

– Карышкырдын Тиши биринчи келе жатат, – деп шыбырады полициянын агенти Жойго бурулуп. Ал акырын жылмайып койду.

– Харрингтонго сайдым, – деп кыйкырды алтын падышаларынын бири чөнтөгүнөн алтын кум салынган баштыкты алып чыгып.

– Болгону ушулбу? – деп сурады Жой. Полициянын агенти жактырбагансып башын чайкады.

– Сизде алтын кум барбы? – деп сурады Жой агентке кайрылып.

Ал ага алтыны бар баштыгын көрсөттү.

– Бир нече жүз болобу? Макул! Мен мелдешти кабыл алам.

Ал сырдуу жылмайуусун улантты. Полициянын чиновниги жолду карап, бир нерсени эсептеп жатты.

Харрингтон менен Савой дагы деле тизелеп, иттерди аёосуз камчылап келе жатышкан; алдыда мурдагыдай эле Харрингтон болчу.

– Мен Харрингтонго коём! – деп кыйкырды алтын королдорунун дагы бири, буума болуп, алтын кум салынган баштыгын чакырык менен булгалап.

– Мен мелдешти кабыл алам! – деп билдирди Жой.

Чиновник баш ийип, колун шилтеди, Жой сыяктуу аялга гана ырайым кылаарына ишарат кылгандай.

Аңгыча сайылчу акчаны кабыл алуу токтотулуп, дээрлик көрүстөндөгүдөй тынчтык өкүм сүрдү.

Деңиздеги катуу бороондо калган кеме сыяктуу термелип, сүңгүп, чаналар зуулдап келе жатты. Алдыңкы иттин мурду дагы деле Харрингтондун чанасынын артына тийер тиймексен болуп турса да, Луи Савойдун өңү кумсарып, маанайы суз болчу.

Ал эми Жек Харрингтон эриндерин бекем кысып, оңго да, солго да караган жок. Анын чанасы мурдагыдай эле ылдам жана ыргактуу келе жаткан эле, ал эми Карышкырдын Тиши, боюн кере суналтып, башын дээрлик жерге чейин эңкейтип, кээде алсыз онтоо менен иттерди сонун алып келе жаткан.

Баары демин чыгарбай жымжырт боло түштү. Мурдагыдай эле өлүмтүк тынчтык өкүм сүрүп, ана мезгил-мезгили менен чаналардын кычыраганы жана камчылардын ышкырганы гана бузулуп турду.

Капилеттен абаны Жой Молинонун күчтүү үнү жарып өттү:

– Эй, Карышкырдын Тиши, Карышкырдын Тиши!

Карышкырдын Тиши чакырыкты угуп, жолдон жалт бурулуп, кожойкесин көздөй жөнөдү. Артында келе жатышкан иттердин баары аны ээрчип бурулганда, чана бир көз ирмемде оодарылып, Жек Харрингтон тоголонуп карга оонап калды. Савой анын жанынан көзгө илешпей өтүп кеткенин көргөн Харрингтон өйдө туруп, атаандашынын дарыянын бою менен кандай учуп бара жатканын үмүтү үзүлүү менен карап турду.

– Ооба, ал иттерди чебер башкарат! – деди Жой Молино чиновникке кайрылып. – Анын биринчи келерине шек санабайм.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.