Проспер МЕРИМЕ: «Этруск вазасы»
Огюст Сен-Клерди «каймактуу коом» деп аталган чөйрө жакшы көрүшчү эмес; себеби, ал өзүнө жаккан адамдарга гана жагууну көздөчү. Бирөөгө жылуу мамиле жасаса, бирөөдөн качып кутулчу. Анын үстүнө, шалаакы жана көңүлү чачыранды эле. Бир жолу кечинде италиялык операдан чыгып келатканда маркиза А. андан: «Зонтаг кандай ырдады?», – деп сураганда Сен-Клер жагымдуу жылмайып, бирок башка нерсени ойлоп жатып: «Ооба, маркиза», – деп жооп берген. Мындай кызыктай жоопту анын тартынчаактыгына эч кандай байланыштырууга болбойт; тектүү мырза менен да, атактуу адам менен да, жада калса эң модалуу сулуу менен да өзүн кадимкидей теңтушу менен сүйлөшкөндөй алып жүрчү. Маркиза Сен-Клерди укмуштуудай текебер жана мурдун көтөргөн неме деп жарыялады.
Бир дүйшөмбү күнү айым Б. аны түшкү тамакка чакырды; ал аны менен көпкө сүйлөштү, ал кетип бара жатып, мынчалык сүйкүмдүү айымды эч качан кезиктирбегенин айтты. Айым Б. бир ай бою акыл топтоп, анан ошол акылын бир кечте өз үйүндө короткон адаты бар эле. Сен-Клер аны ошол жуманын бейшембисинде кайра жолуктурганда, ал ага зериктирме аялдай көрүндү. Андан кийинки жолугушуунун натыйжасында Сен-Клер анын конок бөлмөсүнө мындан ары барбоону чечти. Ал эми айым Б. Сен-Клер такыр тарбиясы жок жана өтө жаман тондо сүйлөшөт деп бардыгына айтып жетишти.
Ал жумшак жана боорукер жүрөк менен жарык дүйнөгө келген; бирок жаш курагында, ар кандай таасирлер оңой сиңип, кийинки мүнөзүнө из калтырчу учурда – анын өтө жалындуу мүнөзү досторунун шылдыңдаган күлкүсүнөн жабыркап калган эле.
Ал текебер жана өзүн сүйгөн бала эле. Ал, кичинекей балдар сыяктуу эле, башкалардын пикирин баалачу. Ал өзүнүн бардык күчүн жумшап, ошол кездеги түшүнүгүндө кемсинтүүчү алсыздык деп эсептелген нерселердин баарын жашырууга аракет кылды. Максатына жетти; бирок өзүн жеңүүдө мындай жеңиш ага абдан кымбатка турду. Адамдардын алдында ал чындап эле өзүнүн назик жанынын сезимдерин жашыра алды; бирок канчалык өзүнө бекинген сайын, ошончолук алар аны катуу кыйначу. Коомдо ал тез эле кайдыгер жана таш боор адам катары жаман атка ээ болду; ал жалгыз калганда, анын кыйналган кыялы азапты ого бетер күчөтүп жиберер эле, анткени ал эч качан аны эч ким менен бөлүшкүсү келген эмес.
Чынын айтсам, дос табуу оңой эмес! Оңой эмес дейсизби? Андан көрө мүмкүн эмес дегенибиз туура. Бири-биринен жашырган сыры жок эки адам табылабы? Сен-Клер достукка ишенчү эмес, муну баары байкашкан. Ал жаштар менен болгон мамилесинде салкын жана токтоо эле. Ал эч качан эч нерсе сурачу эмес; анын бардык ойлору жана иш-аракеттери алар үчүн табышмак бойдон кала берчү.
Негизи, француздар көбүнчө өздөрү жөнүндө айтканды жакшы көрүшөт; Сен-Клер кээде, эркине каршы, тааныштарынын чын жүрөктөн айткан сөздөрүн угууга аргасыз болчу. Анын достору – бул термин менен биз жумасына эки жолу көрүшкөндөрдү атайбыз – анын ишенбестигине туура нааразы болушкан; чындыгында эле, бизге эч кандай себепсиз өз сырларын ачкан адам, биз да ага ошол эле тыйын менен төлөбөсөк, таарынары турган иш. Жүрөк сырларын ачуудагы эки тараптуулук жалпы эреже катары каралат.
– Ал эч качан коюнун ачпайт, – деп айтчу ал жөнүндө эскадрондун сулуу командири Альфонс де Темин. – Бул каргыш тийген Сен-Клерге ишеним артууга болбойт.
– Менимче, ал иезуиттерге жакын, – дечү Жюль Ламбер. – Бир таанышым анын Сен-Сюльпис чиркөөсүнөн чыгып баратканын эки жолу көрдүм деп ант берди. Анын чыныгы ойлорун эч ким билбейт. Мен, жок эле дегенде, анын коомунда өзүмдү буту-колум байланып калгандай сезем. Сүйлөшүп жаткандар эки жакка кетишти.
Италия бульварында Альфонс де Темин башын жерге салып, жер карап бараткан Сен-Клерди жолуктурду. Ал аны токтотуп, колтуктап алды да, ошол жерден күйөөсү орой жана кызганчаак айым *** менен болгон сүйүү окуясын төгүп салды. Ошол кечте Жюль Ламбер экартта бардык акчасын уттуруп жиберген. Ал бийлей баштады. Бийлеп жатып, байкабастан бир мырзаны түртүп кетти, ал мырза да ошол кечте көп акча уттуруп, маанайы жок болчу. Катуу сөздөр айтылып, натыйжада дуэлге чыкмай болушту. Жюль Ламбер Сен-Клерден анын секунданты болушун суранды, ошол эле учурда андан карызга акча алды, бирок кийин кайтарып берген жок.
Сен-Клер, ал жөнүндө айтылган ар кандай сөздөргө карабастан, баарлашууга жагымдуу адам болчу. Анын кемчиликтери жеке өзүнө гана зыян келтирчү. Бирөөлөрдүн ажатын ачканга даяр эле, көпчүлүк учурларда жайдары келип, аны менен зеригүү сейрек көрүнүш болчу. Ал көп саякаттады, көп окуду, бирок анын саякаттары жана окуган китептери жөнүндө аны аргасыздан мажбурлашкан учурда гана айтчу. Узун бойлуу, сымбаттуу келбеттүү эле; анын жүзү асылдыгы менен айырмаланчу; акылдуулугу жүзүнөн көрүнүп турчу; бирок, анын жүзүндө ар дайым токтоолук байкалчу; жылмаюусунда бир жагымдуу нерсе бар эле.
Мен дагы бир маанилүү жагдайды унутуп калыптырмын. Сен-Клер аялдарга болгон өзгөчө көңүл буруусу менен айырмаланчу; ал эркектер менен сүйлөшкөнгө караганда аялдар менен сүйлөшкөндү артык көрчү. Ал сүйчү беле? Бул суроого жооп берүү кыйын. Кандай болгон күндө да, эгерде мындай сырткы көрүнүшү тоң адам кимдир бирөөнү сүйсө, анын кумарлануусунун объектиси – муну баары билчү – сулуу графиня Матильда де Курси гана болушу мүмкүн эле. Ал жаш жесир аял болчу, ага ал сейрек кездешүүчү туруктуулук менен барып турчу.
Божомолдор төмөнкү далилдерге негизделген: Сен-Клер менен графинянын ортосундагы татаал, дээрлик салтанаттуу мамиле; ал коомдо графинянын атын айтпоого аракет кылчу; эгер аргасыздан айтууга туура келсе, анда ал аны мактап жаткандарга эч качан кошулчу эмес; андан ары, Сен-Клер графиня менен таанышканга чейин, ал музыканы жакшы көрчү, ал эми айым живописке ыктачу; таанышкандан кийин экөөнүн тең табити күтүлбөгөн жерден өзгөрдү. Акырында, графиня өткөн жылы деңизге кеткен; алты күндөн кийин Сен-Клер да анын артынан шашылган.
Тарыхчынын милдети мени июль айынын бир түнүндө, күн чыгарына бир нече көз ирмем калганда, сейил бактын дарбазасы ачылып, кармалып калуудан корккон ууру сыяктуу сактык чараларын көрүп, жолго чыккан бир адамдын чыкканын билдирүүгө аргасыз кылат. Сейил бак жана мүлк графиня де Курсиге таандык эле, дарбазадан чыккан адам башка бирөө эмес, Сен-Клердин өзү болчу. Тон кийген аял аны дарбазага чейин коштоп барды; ал моюнун созуп, анын сейил бактын дубалын айланып өткөн жол менен шашылыш ылдый түшүп бара жаткан караанынан көзүн ала албай карап турду.
Сен-Клер токтоп, айланасын карап, колу менен булгалап аялга артка кайт дегендей белги берди. Жайкы түндүн тунуктугу ага ордунан жылбай карап турган аялдын кубарган жүзүн айырмалоого мүмкүндүк берди. Ал кайра кайтып келди да, ага жакын келип назик кучактады. Аны үйүнө кайтууга көндүргүсү келди, бирок ага айта турган дагы көп нерсе калган эле! Сүйлөшүү он мүнөткө созулду, андан кийин алыстан жумушка чыгып келе жаткан дыйкандын дабышы угулду. Шашылыш өбүшүү, дарбаза тез жабылып, Сен-Клер ылдам басып тааныш жол менен алыстай баштады. Ал кубанычтан секирип, кадамын тездетип, бадалдарды таяк менен чапкылап, кээде күтүлбөгөн жерден токтоп же басыгын акырындатып, чыгышта кызара баштаган асманды карап туруп калып жатты. Аны эркиндикке чыккан жинди деп ойлосо болмок. Жарым сааттан кийин ал жай бою ижарага алган кичинекей, обочодо турган үйдүн эшигинин жанында токтоду. Анын ачкычы бар болчу; кулпуну ачып үйгө кирди. Диванга кулап түштү да, көзүн бир чекитке тигип, бактылуу жылмайып, кыялдана баштады. Кыялы анын алдында эң чоң бакыттын сүрөттөрүн тартып жатты.
«Кандай бактылуумун! – деп кайталап жатты ал ар бир мүнөт сайын. – Акыры мени түшүнгөн жүрөктү жолуктурдум!.. Ооба, мен өз идеалымды жолуктурдум, бир эле убакта доско да, сыйынган аялга да ээ болдум… Кандай мүнөз!.. Кандай жалындуу жан!.. Жок, менден мурун ал эч кимди сүйгөн эмес!..»
Эң жакшы ниеттерибизди да коштой жүргөн текебердикке жетеленип, ал мындай деп кошумчалады: «Парижде андан сулуу аял жок!» Кыялы көз алдына анын бардык сулуулугун тартып жатты.
Ал мени тандады! Эң мыкты шериктер анын таман астында болчу. Келбеттүү жана эр жүрөк гусар полковниги, ошол эле учурда текеберленип, кербезденбейт… Ушундай сонун акварель сүрөттөрүн тарткан, жаш жазуучу салондук спектаклдерде сонун ойнойт… Акыры, Балканда Дибичтин кол алдында кызмат кылган катынпоз орус. Эң негизгиси, Камилла Т*** өзүнүн акылы, сымбаттуу жүрүм-туруму жана чекесиндеги кооз тырыгы менен… Ал алардын бирине да көңүл бурган жок. А мени тандады!..» Ал кайра-кайра кайталады: «Мен кандай бактылуумун, Кудайым, кандай бактылуумун!..» Ордунан туруп, терезени ачты, деми кысылып кеткен эле; бир мүнөттөн кийин бөлмөдө ары-бери баса баштады, анан диванга кайра кулады.
Бактылуу ашык дээрлик ар дайым бактысыз ашык сыяктуу эле зериктирме болот. Ар кандай кырдаалдарда болуп, алчы-таасын жеген досторумдун бири мени аны угууга мажбурлоонун жолун тапты: ал мени эң сонун тамак берип сыйлады, мен ага сүйүүсү жөнүндө каалаганча сүйлөшүүгө уруксат бердим. Бирок кофеден кийин теманы өзгөртүү зарылдыгын сездим. Бардык окурмандарымды сый тамакка кошо чакыра албагандыктан, аларга Сен-Клердин сүйүү түштөрүнүн дагы бир нечесин угуудан куткарам. Андан тышкары, булуттарда калкып, түбөлүккө жашай албайсың. Сен-Клер чарчаган эле; ал оозун ачып эстеди, керилип, чоюлду жана сыртта толугу менен жарык киргенин, акыры уйку жөнүндө ойлонууга убакыт келгенин түшүндү. Ойгонуп, саатына карап, ал кийинип, жаш достору менен Парижге расмий түшкү тамакка кетүүгө жетиштүү убакыт бар экенин көрдү.
…Дагы бир бөтөлкө шампан ачышты, буга чейин ичилгендеринин санын окурман өзү аныктасын. Коомчулук жаш бойдоктордун компаниядагы эртең мененки тамактарда тез эле пайда боло турган абалга жеткенин билүү жетиштүү: баары бир убакта сүйлөп, күчтүү баштар алсыздар үчүн тынчсыздана баштады.
– Жакшы болмок, – деди, Англия жөнүндө сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн эч качан колдон чыгарбаган Альфонс де Темин, – Парижде Лондондун бир салтын киргизүү жакшы болмок, ал салт боюнча ар бир адам сүйүктүү айымынын урматына тост айтат. Ошентип, биз акыры досубуз Сен-Клер кимди эңсеп жүргөнүн билип алмакпыз.
Ал өзүнө бир стакан шарап куюп, анан кошуналарына куйду. Сен-Клер бир аз уялып, жооп берүүгө камданып жаткан, бирок Жюль Ламбер андан озуп кетти.
– Жакшы салт, мен аны колдойм! – деди ал стаканын көтөрүп. – Мырзалар! – деп жарыялады ал. – Отуз жаштан өткөн, кыйшык, аксак жана ушул сыяктууларды кошпогондо, бардык париждик модачылардын ден соолугу үчүн!
– Ураа!.. Ураа!.. – деп кыйкырышты жаш англомандар. Сен-Клер ордунан туруп, стаканын көтөрдү.
– Мырзалар! – деди ал. – Менин жүрөгүм досум Жюлдүн жүрөгүндөй сүйүүгө толгон эмес, бирок ал туруктуураак. Менин туруктуулугум ошончолук мактоого татыктуу, анткени мен жүрөгүмдүн айымынан көптөн бери алыстамын. Эгер араңыздарда атаандаш жолуктурбасам, менин тандоомду алдын ала жактырарыңызга ишенем… Мырзалар, Джудитта Пастанын ден соолугу үчүн! Европанын бул биринчи трагедиялык актрисасынын бизге тез кайтып келиши үчүн!..
Темин тостту шылдыңдагысы келди; бирок кол чабуулар аны токтотту. Ушундай жол менен кутулуп, Сен-Клер кырдаалдан чыктым деп эсептеп, тынчып калды.
Сөз адегенде театр жөнүндө болду. Драмалык цензура саясатка өтүүгө себеп болду. Лорд Веллингтондон англис аттарына өтүштү, ал эми англис аттарынан кийин, ойлордун табигый агымы боюнча, аялдарды сөз кылышты. Жаштар эң биринчи күлүк аттарды жана сулуу айымдарды баалашат. Андан кийин каалаганга эң оңой жол менен кантип жетүү керектиги талкууланды. Аттар сатылып алынат, кээ бир аялдар дагы, бирок алар жөнүндө сөз кылуунун кереги жок. Сен-Клер бул назик маселедеги тажрыйбасыздыгын момундук менен моюнга алып, ошентсе да, анын пикири боюнча, аялга жагуу үчүн, биринчи кезекте кандайдыр бир оригиналдуу өзгөчөлүгү менен айырмаланып, башкаларга окшошпош керек деди. Бирок оригиналдуулуктун жалпы формуласы барбы? Анын ою боюнча жок.
– Демек, сиздин оюңузча, аксак адамдын же бүкүрдүн келбеттүү адамга караганда артыкчылыгы көп экен да? – деп сурады Жюль.
– Сиз бир аз аша чаап жатасыз, – деп жооп берди Сен-Клер, – бирок мен өз оюмдан кайтпайм. Мисалы, эгер мен бүкүр болсом, кайгыдан өзүмдү атып салмак эмесмин, тескерисинче, сулуу аялдарды багындырууга аракет кылмакмын. Биринчи кезекте мен эки типтеги аялдарга гана кайрылмакмын: биринчиси – өтө сезимтал жүрөктүү аялдар, экинчиси – алардын саны көп, англисче айтканда, оригиналдуу, эксцентрик болуп көрүнгүсү келген аялдар. Биринчилерине абалымдын канчалык оор экендигин, табияттын мага канчалык ырайымсыз мамиле кылгандыгын баяндап бермекмин. Аларды мени аяп, сүйүүгө жөндөмдүү экенимди ишендирүүгө аракет кылышмак. Дуэлде атаандашымды өлтүрүп, аз өлчөмдөгү опиум менен өзүмдү уулантмакмын. Бир нече айдан кийин менин бүкүрлүгүм байкалбай калмак, анан мен анын биринчи сезимталдык толкунунан пайдаланмакмын. Ал эми оригиналдуумун деп эсептеген аялдарды багындыруу андан да жеңил болмок. Аларга бүкүр адамдын аялдар арасында ийгиликке жетиши мүмкүн эмес деген так жана бекем чындык бар деп ишендирүү жетиштүү болмок, ошондо алар дароо эле жалпы пикирди четке кагууну каалашмак.
– Кандай донжуан! – деп кыйкырды Жюль Ламбер.
– Мырзалар, биз бүкүр болуп төрөлбөгөнүбүзгө байланыштуу буттарыбызды сындырып алалы! – деп кыйкырды полковник Боже.
– Мен Сен-Клердин пикирин толугу менен колдойм, – деп кошумчалады Гектор Рокантен, ал үч жарым футтан ашпаган бою менен. – Көп учурда эң сулуу, эң модалуу аялдарды сиздер, келбеттүүлөр, эч качан коркунучтуу деп эсептебеген адамдарга беришет…
– Гектор, сураныч, тур да, шарап алып келүүгө белги бер, – деди Темин абдан табигый тон менен.
Кичинекей адам турду, аны карап, ар бир адам жылмайып, куйругу кесилген түлкү жөнүндөгү жомокту эстеди.
– Ал эми мен, – деди Темин, – канчалык көп жашасам, ошончолук сырткы келбеттин сулуулугу жана даам менен кийинүү жөндөмү ар дайым эң эле кол жеткис аялдарды багындырган оригиналдуу сапаттар болгон деп ишенип баратам. Ал фрактын манжетиндеги нандын күкүмүн күбүп салуу үчүн колун силкип койду.
– Жок! – деп кыйкырды бекене бойлуу адам. – Сулуу жүз жана Штаубдун кийими менен бир жумадан кийин таштап кете турган аялдарды гана табасың: алар экинчи жолугушуудан кийин тажатып жиберет. Өзүңдү сүйүүгө мажбурлоо үчүн – чын жүрөктөн сүйүү үчүн – башка нерсе керек…
– Мисал келтирейинби? – деп Темин тигинин сөзүн бөлдү.
– Ынандырарлык мисалбы?
Баарыңар Масиньини билчүсүңөр, анын кандай адам экенин билчүсүңөр: манерасы англис ат багуучусундай, сүйлөшкөнү болсо чыныгы ат. Бирок ал Адонис сыяктуу сулуу болчу жана галстугун Бреммелден кем эмес байлачу. Чындыгында, ал мен көргөн эң тажатма адамдардын бири болчу.
– Ал мени тажатып өлтүрүп коё жаздаган, – деп полковник Боже кошумчалады. – Бир жолу аны менен эки жүз миль жол жүрүүгө туура келгенин элестетиңиз.
– А силер билесиңерби, – деди Сен-Клер, – ал баарыңарга белгилүү байкуш Ричард Торнтондун өлүмүнө себепкер болгон?
– Токто, – деп Жюль каршы чыкты, – Торнтонду Фондиге жакын жерде каракчылар өлтүргөнүн билбейсиңби?
– Ооба, албетте, бирок, көрүп турганыңардай, Масиньи бул киши өлтүрүүнүн жок дегенде шериги болгон. Бир нече саякатчы, анын ичинде Торнтон да, каракчылардан коркуп, Неаполго чогуу барууну макулдашышкан. Масиньи да аларга кошулууну чечти. Торнтон муну укканда, балким, анын коомунда бир нече күн болуудан качып, калгандарын күтпөстөн жолго чыгат. Ал жалгыз кетти, аягы эмне менен бүткөнүн билесиңер.
– Торнтон туура кылган, – деди Темин, – эки өлүмдүн ичинен эң жеңилин тандаган. Анын ордунда ким болсо да ошентмек. Демек, Масиньи дүйнөдөгү эң тажатма адам болгонун моюнга аласыңарбы? – деп ал бир аз тыныгуудан кийин кошумчалады.
– Моюнга алабыз! – деп баары бир ооздон кошумчалашты.
– Ошондой эле, – деп Темин сөзүн улантты, – Курси айымдын өтө акылдуу аял экенин моюнга аласыңарбы? Бир мүнөттүк жымжырттык өкүм сүрдү.
Сен-Клер башын жерге салды; анын алдында бардыгынын көздөрү ага тигилип тургандай сезилди.
– Муну ким танат? – деди ал акыры, тарелкадагы гүлдөргө карап, алар аны абдан кызыктырып тургандай түр көрсөтүп.
– Мен ырастайм, – деди Жюль, үнүн көтөрүп, – ал Париждин үч эң сулуу аялдарынын бири.
– Мен анын күйөөсүн билчүмүн, – деди полковник, – ал мага аялынын каттарын көп көрсөтчү: алар абдан жагымдуу жазылган эле.
– Огюст, – деп бөлүп кетти Гектор Рокантен, Сен-Клерга кайрылып, – мени графиняга тааныштырчы! Сиздин анын салонунда чоң таасириңиз бар дешет.
– Күздүн аягында, – деп күбүрөндү Сен-Клер, – ал Парижге кайтып келгенде… Мен… мен ал айылда эч кимди кабыл албайт деп ойлойм.
– Мага акыры сүйлөп бүткөнгө уруксат бергиле! – деп кыйкырды Темин.
Дагы баары унчукпай калышты. Сен-Клер отургучунда сот залындагы соттолуучудай отурду.
– Сиз графиняны үч жыл мурун көргөн эмессиз, Сен-Клер (сиз ал кезде Германияда болчуңуз), – деп улантты Альфонс де Темин өтө салкындык менен, – ошондуктан, ал кезде графиня кандай болгонун элестете албайсыз. Керемет! Розадай таза, жана эң негизгиси – көпөлөктөй жандуу жана шайыр. Анын сансыз жактоочуларынын кимиси анын ырайымына көбүрөөк татыктуу болгонун билесизби? Масиньи! Адамдардын эң акылсызы жана эң көңдөйү эң акылдуу аялдын башын айланткан. Ушундан кийин сиз бүкүр ушундай ийгиликке жете алат деп айтасызбы? Ишениңиз: жагымдуу сырткы көрүнүш, жакшы тигүүчү жана тайманбастык гана керек.
Сен-Клер адам чыдагыс азап чегип жатты. Ал бул окуяны айткан адамды жалганчы деп айыптоого даяр болчу, бирок графиняны компромисске учуратуудан коркуп токтоп калды. Ал аны коргоп бир нече сөз айткысы келди, бирок багынган жок. Анын эриндери ачуудан титиреп жатты. Ал талаш-тартыш баштоо үчүн кыйыр шылтоо издеп, бирок аракети текке кетти.
– Кантип! – деп кыйкырды Жюль өтө таң калган түр көрсөтүп. – Курси айым Масиньи менен бир жаздыкты бөлүшү мүмкүнбү?
Frailty, thy name is woman! – Аялдын жакшы атын булгоо – болбогон иш! – деди Сен-Клер кескин жана жек көрүү менен. – Ар ким бир курч сөз айтыш үчүн аны жаманатты кыла берет жана… Ал сүйлөп жатып, капилеттен графинянын париждик салонундагы камининде көп жолу көргөн этруск вазасын эстеди.
Ал Масиньинин Италиядан кайтып келгенден кийинки белеги экенин билчү жана шектенүүнү жаратканы, ал вазаны графиня айылга ала келген. Графиня ар кечинде төшүндөгү гүлүн чечип алып, аны этруск вазасына салып койчу. Анын оозуна сөз кирбей калды; ал бир гана нерсени көрүп, бир гана нерсени эстеп турду – этруск вазасы! «Жакшы далил! Мындай майда-чүйдө нерсе менен шектенүүнү негиздөө болобу?», – дейт кайсы бир сынчы. Сиз эч качан сүйүп көргөн жок белеңиз, мырза сынчы?
Темин Сен-Клердин жактырбай, кескин айткан сөзүнө таарынгандай маанайда эмес болчу. Ал шайыр мүнөз менен жооп берди:
– Мен ошол кезде коомдо айтылгандарды гана кайталадым. Сиз Германияда жүргөн кезде бул байланыш шексиз деп эсептелген. Албетте, мен Курси айымды анча деле билбейм; аныкына барбаганыма бир жарым жыл болду. Балким, мунун баары ойдон чыгарылгандыр, балким Масиньи мага калп айткандыр. Бирок башталган сөзгө кайрылалы; эгер мен келтирген мисал туура эмес болсо да, мен баары бир туура ойду айттым. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Франциядагы эң акылдуу аял, чыгармалары…
Ошол маалда эшик ачылып, босогодо Теодор Невиль пайда болду. Ал Египетке болгон саякатынан жаңы эле кайтып келген эле.
– Оо, Теодор? Тез эле келип калдыңбы!..
Ага суроолор жаап жатты.
– Сен чыныгы түрк костюмун алып келдиңби я? – деп сурады Темин.
– Араб атын жана египеттик ат багуучуну кошо алып келгендирсиң?
– Паша кандай адам экен? – деп сурады Жюль. – Алар качан өзүн көз карандысыздыгын жарыялайт? Сен кылычтын бир соккусу менен башты кантип кесип салышкандарын көрдүңбү?
– Алмеяларчы? – деп сурады Рокантен.
– Каирдик аялдар сулуу бекен?
– Генерал Л. менен жолуктуңбу? – деп сурады полковник Боже. – Ал пашанын армиясын кантип түзгөн? Полковник С. мага кылыч берип ийген жокпу?
– Пирамидаларчы? Нилдин босоголоручу? Мемнондун статуясычы? Ибрагим-пашачы? – ж.б.
Баары бир убакта сүйлөштү. Сен-Клер этруск вазасы жөнүндө ойлонуп жатты. Теодор буттарын бүгүп отурду (Египеттен алган адаты, Францияда аны таштай алган жок), баары суроо берүүдөн чарчаганча күтүп, анан сөзүн эч ким бөлбөш үчүн тез сүйлөй баштады:
– Пирамидалар! Чынында эле, бул – даана алдамчылык. Алар биз ойлогондой бийик эмес; Страсбург соборунун Мюнстер мунарасынан болгону төрт метрге гана бийик экен. Байыркы эстеликтерди көргүм келбей калды; алар жөнүндө мага айтпагыла: иероглифти көргөндө эле жүрөгүм айланат. Канчалаган саякатчылар муну менен алек болушкан! Менин сапарымдын максаты Каир жана Александрия көчөлөрүндө жыкжыйма болуп толуп жүрүшкөн түрк, бедуин, копт, феллах, могребин сыяктуу ар түрдүү калктын мүнөзүн жана адаттарын байкоо болчу; мен ооруканада жатканда бир нече байкоолорумду жаздым. Кандай жийиркеничтүү оорукана! Сиздер жугуштуу ооруга ишенбейсиздер деп үмүттөнөм. Мен үч жүз чума менен ооруган адамдын арасында эч нерсе болбой эле тамеки чегип отурдум. Ал жердеги атчандар жакшы, полковник, аттар да жакшы. Кийинчерээк мен ал жактан алып келген мыкты куралдарды көрсөтөм. Мен, башка нерселер менен катар, бир кезде атактуу Мурад-бейге таандык болгон мыкты найза сатып алдым. Сиз үчүн, полковник, менде ятаган бар, Огюст үчүн – канжар.
Сиздер менин алып келген арабдардын улуттук кийимдерин көрө аласыздар. Билесиңерби, кааласам, өзүм менен кошо аялдарды алып келмекмин. Ибрагим-паша Грециядан ушунчалык көп аялдарды жөнөткөн, бир күңдү бир тыйынга сатып алсам болмок… Бирок апамдын айынан… Мен паша менен көп сүйлөштүм. Шайтан алгыр, ал акылдуу жана эч кандай эскичил ойлору жок! Биздин иштерди канчалык жакшы түшүнөрүн элестете да албайсыз. Ал чынында биздин кабинетибиздин эң кичинекей сырларынан бери кабардар. Анын менен болгон сүйлөшүүдөн мен Франциядагы ар кандай саясий партиялар жөнүндө көптөгөн баалуу маалыматтарды алдым. Азыркы учурда ал статистикага абдан кызыгат экен. Ал биздин бардык гезиттерибизди алдырып окуйт. Ал аябай чоң бонапартист экенин билесизби? Жалаң Наполеон жөнүндө сүйлөйт. «Бунабардо кандай улуу адам!», – деп мага канча жолу кайталап айтты. Бунабардо – алар Бонапартты ушинтип аташат.
– «Журдина – бул Журден», – деп де Темин шыбырады.
– Башында, – деп улантты Теодор, – Мохамед-Али мага ишенген жок. Түрктөрдүн жалпы эле ишенбестигин билесиз. Ал, шайтан алгыр, мени тыңчы же иезуит деп ойлоптур. Ал иезуиттерди жек көрөт. Бирок көп өтпөй ал мен жөн гана саякатчы экенимди, арам ойлору жок, Чыгыштын каада-салттарына, адеп-ахлагына жана саясий абалына жандуу кызыккан адам экенимди түшүндү. Ошондо ал тартынбай, чын дилинен ачылып сүйлөштү. Акыркы жолугушууда – бул үчүнчүсү болчу – мен ага чын дилим менен айтууга батындым: «Мен түшүнбөйм, – дедим мен, – эмне үчүн улуу даражалуум, өзүңөрдү Портадан көз карандысыз деп жарыялабайсыздар».
– «Кудайым! – деп кыйкырды ал. – Мен кааласам да, сиздин өлкөдө баарын башкарган либералдык гезиттер менин Египетти көз карандысыз деп жарыялаганымды колдобойт деп корком».
Аябай сулуу карыя, сонун ак сакалы бар, эч качан күлбөйт. Ал мага абдан даамдуу варенье сунуштады. Мен ага берген белектердин ичинен эң жактырганы – Шарленин сүрөттөр коллекциясы болду, анда императордук гвардиянын ар кандай формалары тартылган.
– Паша – романтикпи? – деп сурады Темин.
– Ал жалпысынан адабият менен аз алектенет, бирок сиз, албетте, араб адабиятынын баары романтикалуу экенин билесиз. Аларда, айтмакчы, Малек-Айятальнефус-Эбн-Эсраф деген акыны бар, ал жакында эле Ламартинин «Ойлоруна» салыштырмалуу «Ойлорду» жарыялаган, анын алдында Ламартинин «Ойлору» классикалык прозадай көрүнөт.
Каирге келгенде, мен араб тили мугалимин жалдап, Куранды окуй баштадым. Сабактарды көп алган жокмун, бирок мага пайгамбардын тилинин кереметтүү кооздугун сезип, ошондой эле биздин бардык котормолорубуз канчалык начар экенин түшүнүүгө жетиштүү болду. Араб жазуусун көргүңүз келеби? Алтын менен жазылган бул сөзгө караңыз; бул «Аллах» дегенди билдирет, башкача айтканда, Кудай. Анан ал бизге жыпар жыттуу жибек баштыкчасынан алып чыгып жазууну көрсөттү.
– Египетте канча убакыт болдуң? – деп сурады Темин.
– Бир жарым ай.
Саякатчы баарын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берүүнү улантты. Ал келгенден кийин эле Сен-Клер ал жерден чыгып, шаар четиндеги үйүнө чаап жөнөдү. Атынын кутургандай тез чуркап баратканы анын ойлонушуна тоскоол болду. Ал бактысынын талкаланганын жана муну үчүн бир гана өлүк адам менен этруск вазасын күнөөлөсө болорун анча-мынча гана сезди. Үйгө кайтып келгенде, Сен-Клер кечээ эле бактысы жөнүндө ушунчалык көп, ушунчалык таттуу кыялданган диванга кулады. Ал кечээ өзгөчө кубаныч менен сүйүктүүсү башка аялдарга окшобогондугун, өмүр бою жалгыз гана аны сүйгөнүн жана эч качан башка эч кимди сүйбөй турганын ойлоп, жан дүйнөсү балкып турган эле. Эми бул кереметтүү түш кайгылуу, ачуу чындыкка орун берди. «Мен сулуу аялга ээмин, болгону ошол. Ал акылдуу, бирок анын күнөөсү ошончолук чоң: ал Масиньини сүйүптүр! Эми, чындыгында, ал мени сүйөт, бүт жүрөгү менен, чын дили менен сүйөт. Масиньини сүйгөндөй сүйөт! …Ал жөн гана менин талаптарыма, менин кежирлигиме, менин тайманбас өжөрлүгүмө моюн сунду. Ооба, мен жаңылыштым. Биздин жүрөктөрдүн ортосунда чыныгы жакындык болгон эмес. Масиньиби же менби – бул ага баары бир. Ал сулуу болчу – ал аны сулуулугу үчүн сүйдү. Мен кээде аны көңүл ачтым. «Эмне болмок эле, – деди ал өзүнө, – эгер ал өлсө – Сен-Клерди сүйөм! Эгер Сен-Клер өлсө же тажата баштаса – анда көрө жатармын». Мен ишенем, шайтан көрүнбөй туруп, өзүн кыйнаган бактысызды ар дайым тыңшап турат. Мындай көрүнүш адамзаттын душманын көңүл ачышы керек. Жана курмандыктын жаралары айыгып баратканын сезер замат, шайтан аларды кайрадан картын сыйрууга шашылат. Сен-Клерге кулагынын түбүндө ырдап жаткансыган үн угулду: Башканын ордун басуу – чоң сыймык. Ал ордунан туруп, жапайы көз караш менен бөлмөнү айланып карады. Ал бул жерде жалгыз болгону кандай өкүнүчтүү!
Сен-Клер азыр кимди болсо да тытып салмак. Саат сегизди урду. Графиня аны сегиз жарымда күтүп жаткан. «Бара берсемби? Чындыгында, Масиньинин сүйүктүүсү менен жолугушуунун эмне кереги бар?» Ал кайра диванга жатып, көзүн жумду. «Уктайм!» – деп чечти ал. Жарты мүнөт кыймылсыз жатты, анан ордунан ыргып туруп, канча убакыт өткөнүн билүү үчүн саатка чуркады. «Оо, Кудай, сегиз жарым болуп калса жакшы болмок! – деп ойлоду ал. – Анда баруунун кереги жок болмок. Өтө кеч болуп калмак». Анын үйдө калууга эрки жеткен жок; ал шылтоо издеп жатты. Күтүлбөгөн оору аны азыр кубантмак. Ал бөлмөнү айланып басып, отурду, китеп алды, бирок бир да сап окуй алган жок; пианиного жакындады, бирок аны ачкан жок. Ал ышкырды, булуттуу асманды карап, терезенин алдындагы теректерди санай баштады. Саатка кайрылып, үч мүнөт да өтпөгөнүн көрдү. «Жок, мен өзүмдү аны сүйбөөгө мажбурлай албайм! – деп кыйкырды ал тиштерин кычыратып, жерди тээп.
– Ал менин эркимди бийлеп алды; мен анын кулумун, Масиньи менден мурун анын кулу болгондой! Баш ий, шүмшүк, баш ий, эгер сенде жек көрүндү чынжырды үзүүгө кайрат жок болсо! – Ал шляпасын кармап, тез чыгып кетти. Кумар бизди бийлегенде, биз өз алсыздыгыбызды текебердигибиздин бийиктигинен карап, өзүн-өзү сыйлоо үчүн кандайдыр бир сооронуч табабыз. «Мен багынам, мен алсызмын, бул чын, – дейбиз өзүбүзгө, – бирок мен кааласам эле…» Сен-Клер сейил бактын дарбазасына алып баруучу жол менен жай көтөрүлүп келе жатты; алыстан ага кара жашыл дарактардын фонунда ак көйнөкчөн аялдын элеси көрүнүп, колу жоолук менен белги берип жаткандай болду. Анын жүрөгү катуулап согуп, тизелери титирей баштады; ал бир да сөз айта алган жок; ал күтүлбөгөн жерден өзгөчө тартынчаактыкты сезди – ал графиня анын жүзүнөн маанайы начар экенин билип коёт деп коркту. Ал анын колун кармады; графиня анын мойнуна асылды, ал аны чекесинен өөп, унчукпай, көкүрөгүн кысып турган үшкүрүктөрдү араң басып, анын артынан бөлмөгө кирди. Графинянын бөлмөсүн жалгыз шам жарык кылып турган. Экөө отурушту. Матильданын чач жасалгасы Сен-Клердин көңүлүн бурду: анын чачын роза гүлү кооздоп турган.
Бир күн мурун эле Лесли тарткан Портленд герцогинясынын портрети түшүрүлгөн кооз англис гравюрасын алып келишкен. (Анын чач жасалгасы азыркы графиняныкындай эле). «Мага чачты татаал жасалгалап алгандыгыңардан көрө, чачыңызга жөнөкөй роза гүлүн сайып алганыңыз жагат», – деген ага. Ал зер буюмдарды да жактырчу эмес, бир лорддун : «Жасанып алган аял менен жабуу жабылган атты, шайтан да түшүнбөйт», – деп айтканын туура көрчү. Өткөн түнү, графинянын мончок тагынганын карап отуруп (ал сүйлөп жатканда колуна бир нерсе алып, сүйлөгөн адаты бар эле), Сен-Клер мындай деген: «Зер буюмдар кемчиликтерди жашыруу үчүн гана керек. Сиз аларсыз деле абдан сулуусуз, Матильда». Ошол эле кечинде Сен-Клердин ар бир сөзүн, жада калса кокустан айтылган оюн да эске алган графиня шакектерин, мончок, сөйкө, билериктерин чечип салган экен.
Анын ою боюнча, аялдардын кийиминде бут кийим негизги ролду ойнойт; бул боюнча анын, башка көптөгөн адамдардай эле, өзүнүн көз карашы бар болчу. Күн батканга чейин катуу жамгыр жааган; чөп дагы эле суу болчу. Ал эми графиня ага жибек байпак жана кара атлас туфличен чуркап чыкты… Эгер ал суук тийгизип алсачы?
«Ал мени сүйөт», – деп ойлоду Сен-Клер, өзүнө жана өзүнүн акылсыздыгына кайгырып. Ал Матильдага эрксизден жылмайып карады. Анын жан дүйнөсүндө кызганыч менен сүйгөнүнүн көз алдында баалуу болгон ар бир майда-чүйдө нерсе аркылуу, ага жагууга аракет кылып жагалданып жаткан сулуу аялды көрүү ырахатынын ортосунда күрөш жүрүп жатты.
Ошол эле учурда, графинянын жаркыраган жүзү сүйүүнү жана аны ого бетер жагымдуу кылган шайыр кылыктанууну билдирип турду. Ал лакталган жапон кутучасынан бир нерсе алып чыгып, Сен-Клерге түйүлгөн муштумун сунуп, колунда эмне бар экенин көрсөтпөстөн, мындай деди:
– Жакында мен саатыңызды сындырып алгам. Ал оңдолду. Мына ал. Ал ага саатты берип, ага назик жана көңүлдүү көз жүгүртүп, күлкүсүн тыйгандай астыңкы эринин тиштеп алды. Аллахка шүгүр, анын тиштери канчалык керемет эле! Күйүп турган кызгылт эриндеринде алар аппак болуп жаркырап турду! Сулуу аялдын эркелетип жатканын муздак кабыл алган эркек абдан акылсыз көрүнөт. Сен-Клер ыраазычылык билдирип, саатын чөнтөгүнө сала баштаган, бирок ал аны токтотту:
– Коё туруңуз! Саатыңызды ачып, жакшы оңдолуптурбу, текшерип көрүңүз. Сиз, ушунчалык билимдүү, политехникалык мектептин мурдагы окуучусу катары, муну билишиңиз керек.
– О, мен муну анча деле билбейм, – деди Сен-Клер. Ал сааттын капкагын ачты. Капкактын ички бетинде мадам де Курсинин миниатюралык портретин көргөндө аябай таң калды! Ушундан кийин ал кабагын бүркөсө болобу? Анын жүзү жаркырай түштү; Масиньи жөнүндөгү ойлорун унутту. Ал жанында сулуу аял бар экенин жана бул аял аны абдан жакшы көрөрүн гана сезип жаткан…
Таңдын жарчысы – торгойдун сайраган ыры угулду; чыгышта булуттарды кесип өткөн узун ак нурлар. Дал ушундай саатта Ромео Жульетта менен коштошкон; бардык сүйүшкөндөр ушул классикалык саатта коштошушу керек. Капканы ачкычын колуна кармап, Сен-Клер каминдин алдында туруп, буга чейин оюнан чыгып кеткен этруск вазасын кылдаттык менен карап турду. Жүрөгүндө дагы эле кызганыч жаткан. Бирок ал жакшы маанайда болчу, ага Темин калп айтышы мүмкүн деген жөнөкөй ой келди. Графиня аны менен дарбазага чейин барып коштошкусу келди, башына жоолугун салып жатканда, ал акырын, анан күчөп-күчөп вазаны ачкыч менен каккылай баштады: аны талкалап салгысы келип жаткандай туюлду.
– Кудайым! Этият болуңуз! – деп кыйкырды графиня. – Менин кооз этруск вазамды талкалап саласыз. Ал ачкычын анын колунан жулуп алды.
Сен-Клер абдан нааразы болду, бирок баш ийди. Ал азгырыкка алдырбоо үчүн каминге аркасын буруп, саатын ачып, графинянын портретин карай баштады.
– Ким тарткан? – деп сурады ал.
– Р***. Айтмакчы, аны менен Масиньи тааныштырган. Римге барып келгенден кийин, ал күтүлбөгөн жерден көркөм өнөргө болгон табити ачылып, бардык жаш сүрөтчүлөрдүн меценаты болуп калган. Портретимди көргөндө, чындыгында окшоштугуна таң калдым. Бирок сүрөтчү мени бир аз жагымдуураак, балким, идеалдуураак кылып көрсөткөн сыяктуу.
Сен-Клер саатын дубалга уруп жибергиси келди (андан кийин аларды оңдоо мүмкүн болбой калмак). Бирок ал өзүн колго алып, саатын чөнтөгүнө салды. Таңдын алгачкы нурлары жерге тийгенде, ал үйдөн чыгып, графинядан коштошуп чыкпоону өтүнүп, парктын көлөкөлүү жолдору менен шашып басып, акыры талаада жалгыз калды. «Масиньи, Масиньи! – деп деп үнсүз кыйкырды ал, ызасы көөдөнүнө батпай.– Сен менин жолумдан түбөлүккө кете албайсыңбы?.. Бул сүрөтчү, албетте, Масиньи үчүн дагы бир ушундай портрет тарткандыр!.. Мени сүйгөндөй сүйүптүр деп бир мүнөт ойлоо да кандай акмакчылык!.. Мунун баары, чачына роза тагып жана баалуу буюмдарды тагынбай калгандыгы үчүн гана!.. Анын колунда асыл таштар толгон куту бар… Масиньи, аялдардан кийимдерин гана баалаган, асыл таштарды абдан жакшы көрчү! Ооба, моюнга алыш керек, анын мүнөзү жумшак, ойношторунун табиттерине ылайыкташууга аябай жөндөмдүү. Кудай урсун, ал жөн гана куртизанка болуп, акча үчүн өзүн берсе, жүз эсе жакшы болмок. Ошондо мен жок дегенде ал мени чындап сүйөт, ал менин ойношум, мен ага акча төлөбөйм, – деп ойлой алмакмын
Бир саамга жетпей анын башына экинчи, мурункусунан да ачуу ой келди. Графинянын аза күтүүсү бүтүүгө аз калган. Бир жылдык мөөнөт аяктаганда, Сен-Клер ага баш кошууга милдеттүү. Ал ага ушундай убада берген. Убада кылганбы? Жок. Бул тууралуу эч качан ооз ачып сүйлөшпөсө да, жүрөгүндө ошондой ниет бар болчу, муну графиня да сезген. Анын түшүнүгүндө бул антка тете эле. Бир күн мурун эле ал өз сүйүүсүн жар салган ошол кутман саатты жакындатуу үчүн баарына даяр эле; эми болсо Масиньинин көңүлдөшү менен тагдырын байлоо тууралуу ойдон жүрөгү тыз дей түштү. «Бирок мен муну кылышым керек, сөзсүз кылам», – деп ичинен кайталады ал тынчы кетип.
«Бечара, мени анын мурунку байланышын билет деп ойлосо керек. Аны эч кимден жашырган эмес дешет. Бирок ал мени али тааныбайт, түшүнбөйт… Мени Масиньи сүйгөндөй сүйөт деп ойлойт болуш керек. Кандай болсо да, – деп кошумчалады ал ичинен сыймыктанып, – Матильданын аркасы менен мен үч ай бою асман алдындагы эң бактылуу адам болдум; мындай бакыт үчүн өмүр бою кун төлөөгө даярмын».
Ал таң атпай көзүн ачып, токой аралап аттанып кетти. Верьер токоюнун аллеяларынын биринде ал мыкты англис тулпарында келе жаткан чабандести байкады; тиги алыстан эле анын атынан айтып чакырып, жакындай берди. Бул Альфонс де Темин эле. Сен-Клер жалгыздыкты өзгөчө каалап турган учуру эле; Теминди көргөндө анысыз да капалуу маанайы бузулуп, Теминди ичинен жек көрүп турду. Темин муну байкаган жок, балким, аны шылдыңдоодон ырахат алгандыр. Ал Сен-Клердин сүйлөбөгөнүнө көңүл бурбай, сүйлөп, күлүп, тамашалап жатты. Алдыда тар аллеяны көрүп, Сен-Клер дароо эле атынын башын ошол жакка буруп, тажатма жолдошунан кутулгусу келди, бирок ал жаңылыптыр – мыжыкый адамдар курмандыктарын оңой менен коё беришпейт. Темин атын буруп, аллеяга кошо кирип келди да, Сен-Клерди кууп жеткенден кийин, эч нерсе болбогондой сөзүн улантты. Мен буга чейин айткандай, аллея тар болчу; эки ат араң жанаша араң батчу; ошондуктан, Темин атты кандай чеберчилик менен башкарса да, Сен-Клердин жанына келгенде, анын бутуна буту тийбей коё алмак эмес. Бирок Сен-Клердин жүрөгүндө кыжыр кайнап жаткан эле; ал ачуусун токтото алган жок: үзөңгүгө тура калып, Теминдин атын башка камчы менен чаап жиберди.
– Каргыш тийгир! Огюст! Сага эмне болду? – деп кыйкырды Темин. – Эмнеге менин атымды башка чабасың?
– Эмне мени ээрчип алдың? – деп айкырды Сен-Клер.
– Сен жинди болдуңбу, Сен-Клер! Ким менен сүйлөшүп жатканыңды унутуп калдың көрүнөт!
– Мен уятсыз адам менен сүйлөшүп жатканымды жакшы билем.
– Сен-Клер!.. Сен жинди болсоң керек… Эртең сен менден кечирим сурайсың же уятсыздыгың үчүн мага жооп бересиң.
– Ошентип, эртеңге чейин, урматтуу мырзам!
Темин атынын оозун тартты; Сен-Клер алдыга чыгып, көп өтпөй токойго кирип кетти. Ошол учурдан тартып ал өзүн тынчыраак сезди. Анын ички туюмуна ишенип алмай алсыздыгы бар эле. Ага эртең өлтүрүлөрү, бул өзүн туш болгон кырдаалдан чыгуунун эң жөнөкөй жолу катары сезилди. Бүгүнкү күндү жашаса болду – мындан ары тынчсызданбайт, азап чекпейт. Үйүнө кайтып келип, ал полковник Божуге кат менен киши жөнөттү, дагы бир нече кат жазды, табити ачылып тамактанды да, дал сегиз жарымда парктын дарбазасына келди.
– Бүгүн сага эмне болгон, Огюст? – деп сурады графиня. – Сен өзгөчө шайырдайсың, бирок тамашаларыңдын бири да мени күлдүрө албай жатат. Кечээ сен капалуу болчусуң, бирок мен абдан бактылуу болчумун! Бүгүн биздин ролдорубуз алмашып калгандай. Бүгүн башым катуу ооруп жатат.
– Ооба, кымбаттуум, мойнума алам, кечээ мен абдан зериккен элем, бирок бүгүн мен көп бастым, көп кыймылдадым жана өзүмдү сонун сезип жатам.
– Анан мен кеч турдум, бүгүн эртең менен кеч уктадым жана түн бою жаман түштөрдү көрүп чыктым.
– Түш? Түшкө ишенесиңби?
– Кандай акылсыздык!
– А мен ишенем, – деди Сен-Клер. – Кандайдыр бир трагедиялуу окуя болорунан аян берген түш көрдүң го деп ойлойм.
– Түшүмдө эмнени көргөнүмдү эч качан эстей албайм. Бирок эстей баштадым… түшүмдө Массиньини көрдүм. Мындан түшүмдө эч кандай кызыктуу нерсе жок деген тыянак чыгарсаң болот.
– Массиньи! Аны кайра көрүүгө каршы эмессиң го деп ойлойм. – Байкуш Массиньи!
– Байкуш Массиньи? – Огюст, айтчы, бүгүн сага эмне болду? Жылмаюңда бир адамды чочуткан бир нерсе бар. Өзүңө өзүң күлүп жаткандайсың.
– Мына, мына! Сен дагы мага ар кандай кадырлуу кемпирлер, досторуң мамиле кылган сыяктуу мамиле кыла баштадың.
– Жок, чын эле, Огюст, бүгүн жүзүңдө кандайдыр бир өзүңө жакпаган адамдар менен сүйлөшүп жаткандай элес бар.
– Сен кандай жамансың! Колуңду берчи. Ал анын колун бир аз мыскыл аралаш сыпайылык менен өптү, бир азга алар бири-бирине тигиле карап калышты. Сен-Клер биринчи болуп көзүн төмөн түшүрдү.
— Бул дүйнөдө жаман адам катары таанылбай жашоо кандай кыйын! – деди ал. – Ал үчүн аба ырайы же аңчылык жөнүндө гана сүйлөшүү керек, же болбосо эски досторуң менен кайрымдуулук уюмдарынын бюджетин талкуулоо керек.
Сен-Клер столдо жаткан катты алды. – Мына, – деди ал, – сиздин кир жуугучтун эсеби; келиңиз, ушул тема жөнүндө сүйлөшөлү, периштем, жок дегенде мени жаман деп жемелебейсиң.
– Сиз мени аябай таң калтырып жатасыз, Огюст…
– Бул эсептин жазылышы мага бүгүн тапкан катымды эске салат. Сизге айтып коюшум керек, мен бүгүн кагаздарымды иреттеп жаткам; маал-маалы менен аларды жыйнап турам. Ооба, мен он алты жашымда тигүүчүнүн мага жазган сүйүү катын таптым. Ал жазган ар бир сөз өтө татаал, түшүнүксүз эле. Стили жазылышына толук дал келет. Мен ошол учурда бир аз акылсыз болчумун жана Севинье мадам сыяктуу көркөм жаза албаган кожойкеге ээ болуу менин кадыр-баркыма туура келбейт деп эсептечүмүн. Мен аны менен тез мамилемди үзгөм. Бүгүн анын катын кайра окуп чыгып, тигүүчү мени чындап сүйгөнүнө ынандым.
– Сонун! Сен жалдап жүргөн аял…
– Абдан берешен элем: Мен ага айына элүү франк берчүмүн. Менин камкорчум сараң болчу; ал көп акчалуу жигит өзүн да, башкаларды да талкалайт деп айтчу.
– А тиги аял эмне болду?
– Мен кайдан билем?.. Ал ооруканада каза болсо керек.
– Эгер бул чын болсо, Огюст… сен бул тууралуу мынчалык кайдыгер үн менен айтпас элең.
– Эгер билгиң келсе, ал «жакшы адамга» турмушка чыгыптыр, мен бойго жеткенде ага кичинекей себин бердим.
– Чын эле кандай боорукерсиң!.. Анан эмнеге таш боор адамдай көрүнгүң келет?
– Оо, мен абдан боорукермин!.. Бул тууралуу канчалык көп ойлонсом, бул аял мени чындап сүйгөнүнө ошончолук ишенем. Бирок ошол учурда мен күлкүлүү сырткы көрүнүштүн алдындагы чыныгы сезимди ажырата алган жокмун.
– Бул катты мага алып келбегениңиз өкүнүчтүү. Мен көрө албастык кылмак эмесмин… Биз, аялдар, сизден да көбүрөөк инстинктке ээбиз; каттын стилинен аны жазган чын жүрөктөнбү же жасалма кумарлануу мененби, дароо эле биле алабыз.
– Бирок бул сиздин көп учурда акылсыздардын жана мактанчаактардын тузагына түшүп калууңузга тоскоол болбойт! – Ал сүйлөп жатканда, Сен-Клер этруск вазасына карады, анын көзүндө жана үнүндө кыжырдануу бар болчу, бирок Матильда муну байкаган жок.
– Жетишет! Силер эркектер баарыңар Дон Жуан деп аталгыңар келет. Силер өзүңөр алдап жатабыз деп ойлойсуңар, бирок көп учурда силерден бузуку айымдардын торуна түшүп каласыңар.
– Албетте, назик акылыңар менен силер, аялдар, бир чакырым алыстыктагы акмакты сезе билишиңер керек. – Мисалы, мен сенин досуң Масиньи акмак да, көйрөң да болгон, бирок ал наристе бала боюнча шейит болуп өлгөнүнө эч күмөнүм жок…
– Массиньи? Ал анчалык акылсыз эмес болчу. Анан аялдар да акылсыз боло алышат. Баса, мен сага Массиньи жөнүндө бир окуя айтып берейин… Бирок, мен муну сага мурда айткан болушум керек?..
– Уккан эмесмин! – деди Сен-Клер үнү титиреп.
– Италиядан кайтып келгенден кийин Массиньи мага ашык болуп калды. Ал менин күйөөмдү билчү; күйөөм аны мага акылдуу жана табити бар адам катары тааныштырган. Алар бири-бири үчүн жаралган. Массиньи башында мага абдан көңүл бурду: ал мага акварель сүрөттөрүн белек кылып, аларды өзүнүкү катары көрсөтүп, чындыгында аларды жөн гана Шроттон сатып алып жаткан, жана ал канчалык күлкүлүү экенин билчү эмес, музыка жана сүрөт тартуу жөнүндө билерман адамдын маанайы менен сүйлөчү. Бир күнү мен андан укмуштуудай кат алдым. Анда, башка нерселер менен катар, мен Париждеги эң сыйлуу аял экеним жазылган – жана ушул себептен ал мени менен көңүлдөшүм болгусу келиптир.
Мен катты бөлөм Жулиге көрсөттүм. Ошол кезде экөөбүз тең шойкомдуу, шайыр жандардан элек, аны тамашалап көрүүнү чечтик. Бир күнү кечинде бизге коноктор келишти, алардын арасында Массиньи да бар болчу. Бөлөм күтүүсүздөн: «Мен азыр силерге сүйүү катын окуп берем – мен аны бүгүн эртең менен алдым», – деди. Ал катты алып, жалпы элдин каткырыгынын коштоосунда үн чыгарып окуп берди! Байкуш Массиньи!
Сен-Клер кубанганынан кыйкырып жиберип, тизелей калды. Графинянын колун кармап, аны өөп, көзүнө жаш алды. Матильда абдан таң калды; ал тургай, ал акылынан айнып калдыбыбы деп ойлоп кетти. Сен-Клер «Кечир мени! Кечир мени!» дегенден башка сөз айта албай жатты. Акыры ал ордунан турду, жүзү кубангандан жаркырап турду. Ошол учурда ал өзүн Матильда ага биринчи жолу: «Мен сени сүйөм!» деп айткан күндөгүдөн да бактылуу сезди. «Мен дүйнөдөгү эң жинди, эң кылмышкер адаммын!» – деп жатты ал.
– Эки күн бою мени шектенүүлөр кыйнап келет… мен өзүмдү абалымды сага түшүндүрүүгө аракет кылган жокмун…
– Сиз менден шектендиңизби!.. Бирок эмне себептен?
– Оо, мен сенин жек көрүүңө татыктуумун!.. Мага сизди Массиньини жакшы көрчү деп айтышты…
– Массиньини?.. Ал күлдү. Анан кайрадан олуттуу болуп, мындай деди:
– Огюст! Чын эле адам мындай шектенүүлөргө жол бергидей ушунчалык акылсыз, анан аны жашырып айтпай коё алган эки жүздүү болушу мүмкүнбү?
Анын көздөрүнөн жаш агып кетти.
– Суранам, мени кечириңиз!
– Сизге кантип таарына алам, жаным?
…Бирок кааласаңыз, мен сизге ант берем, – Оо, мен сизге ишенем, мен сизге ишенем!
– Мага анттын кереги жок…
– Бирок, Кудай үчүн, айтчыңызчы, сиз абсурд шектенүүлөрүңдү эмнеге негиздедиңиз?
– Мунун баары менин айбан сыяктуу мүнөзүмдүн айынан… Анан дагы… ал этруск вазасы… Мен аны сизге Массиньи бергенин билгем…
Графиня таң калып, алаканын чаап алды да анан каткырып күлүп жиберди: – Менин этруск вазам! Менин этруск вазам!
Сен-Клер да күлбөй коё алган жок, бирок анын жаактарынан ылдый чоң жаштар агып жатты. Ал Матильданы кучагына алып:
– Мени кечирмейинче сизди коё бербейм…
– Мен сизди кечирем, жинди! – деди ал аны назик өөп. – Бүгүн мен бактылуумун: сиздин ыйлаганыңызды биринчи жолу көрүп жатам; мен сизди ыйлайт деп эч качан ойлогон эмесмин.
Анын кучагынан бошонуп, ал этруск вазасын алып, жерге уруп, талкалап салды. (Ваза абдан сейрек кездешүүчү вазалардын бири болчу. Анда үч түстө лапит менен кентаврдын ортосундагы салгылашуу чагылдырылган.) Бир нече саат бою Сен-Клер ажалдуулардын ичинен эң чоң уятка кабылып, өзүн ыңгайсыз сезген жана ошол эле убакта эң бактылуу адам болду.
– Анан эмне болду? – деп сурады Рокентен, ошол күнү кечинде Тортонинин кофеканасында полковник Боже менен жолугушканда. – Чын эле ошондойбу?
– Тилекке каршы, ооба, – деп капалуу жооп берди полковник.
– Мунун баары кандай болгонун айтып берчи.
Бирөөнү да күнөөлөй албайсың. Сен-Клер мага дароо эле жаңылыштык кетиргенин айтты, бирок ал Темин биринчи ок чыгаргандан кийин гана кечирим сурагысы келди. Мен макул болбой коё алган жокмун. Темин ким биринчи атаарын билүү үчүн чүчү кулак тартууну сунуштады. Бирок Сен-Клер Теминден биринчи ок чыгарышын талап кылды. Темин ок чыгарды. Мен Сен-Клердин буралып барып, жыгылып өлүп калганын көрдүм. Өлүп бара жаткан жоокерлердин акыркы деми чыгарда ушундай кызыктай буралып жыгылганын көп көрдүм. – Бул укмуш! – деди Рокентен.
– Анан Темин эмне кылды?
– Мындай учурларда эмне кыласыңар? – Ал тапанчаны жерге терең өкүнүч менен ыргытты. Аны ушунчалык күч менен ыргыткандыктан, тапанчасы сынып калды. Бул Ментондогу англиялык заводдон чыккан тапанча эле. Парижде аны оңдой турган курал устасы жок деп ойлойм.
…Үч жыл бою графиня эч кимди көргүсү келген жок. Ал жайы, кышы эч жакка чыкпай бүт убактысын өз үйүндө өткөрүп, ал тургай бөлмөсүнөн да сейрек чыгып, Сен-Клер менен болгон мамилесин билген мулат кызматчысы менен гана анда-мында сүйлөшүп жүрдү. Кийин анын бөлөсү Жули узак сапардан кайтып келди. Ал дээрлик күч менен обочолонгон адамдын бөлмөсүнө кирип, байкуш Матильданын абдан арыктап жана кубарып калганын көрдү; ага сапарга чыгардын алдында өзү таштап кеткен аялдын сөөгү гана тургандай сезилди. Матильданы обочолонгон жеринен алып чыгып, аны Иер аралдарына алып баруу үчүн Жули чоң күч-аракет жумшады. Ал жерде графиня дагы үч-төрт ай жүрүп, акыры аны дарылаган доктор М. айткандай, «үй-бүлөлүк кайгыдан улам пайда болгон көкүрөк оорусунан» каза болду.



