№3 Жаздын деми

 

Жибек илептүү жаз шамалын уурттадым,
Күн нуруна малынган гүл Байчечек.
Бүчүр жарган назик жаздын кылыгы,
Кабак түйгөн боз асманды канетсек?

Гүл сыйрыган сары карды күткүм жок,
Жаздын муздак илебинен чарчаган…
Боз кыроолуу жаздын муздак тамчысы
Көңүлдөгү таарынычтан  жаралган.

Алдама жаз, ызгаарына тушуккан,
Жашыл үмүт жанданбаган, ичиккен.
Көңүл түбү жылуу нурга ашыгып,
Үмүт бүрккөн жашыл таңым кечикпе.

Жаздын тунук көз жашына айланган,
Жамгыр жууган муңдуу элес меники.
Бүчүр байлаган сагынычты жектебейм
Эскирбеген кусанын ал шериги…

Гүл ачкандай тынч кыялга батынып,
Ушул жазды канча күттүм сагынып.

“Кыргыз маданият борбору” “Адабият Ордо” сайты менен биргеликте “Жаз” темасындагы бир ырдын сынагын уюштурууда. Сынак тууралуу маалымат – https://adabiyat.men/synaktar/1-yrdyn-synagy-zhaz/

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.