Атантай АКБАРОВ: “Аял – деген эскирбеген өлбөс ыр…”

 

АЯЛДЫН ИШЕНИМИ…

“Сүйүүмдү тоо, токойлор уксун дедиң…” – дедиң.
“Жүрөгүм сенде жашап турсун!..” – дедиң,
“Оо аял, кантип актайм ишенимиң?
Өзүңсүз өткөн күндөр курсун дедим!..” – дедим.

…Бийликке кул болсо да, баарын кечип,
Бийликти кээде тагдыр колдон жулат.
Аялдын ишенимин коргогондон,
Тактыңды коргоп калуу оңоюраак!

Башмалдак атсаң дагы байыймын деп,
Байлыкты кээде тагдыр колдон жулат.
Аялдын ишенимин сактагандан,
Щвейцар банкын сактоо оңойураак.

Оо аял, кандай оор ишенимиң!
Далымды матап, белим ийип барат.
Асмандын жүгүн жалгыз көтөргөндөй,
Аягым улам жерге кирип барат.

Эрендер, Ата-Журтту өстүрүүнү
аялга бак берүүдөн баштагыла!
Аялдын ишеними карек сыңар,
жалп өчсө… жол таппайсың басарыңа.

 

АЯЛ

Аял – деген эскирбеген өлбөс ыр,
Аялуу да, көөнөрбөгөн махабат.
Асманында күн калкыган түбөлүк
Ата-Мекен аялдардан башталат.

Аял – назик, кайталангыс музыка,
Өмүрүңдүн өксүк жерин толуктайт.
Бул дүйнөдө аз дейсиңби сулуулук,
Сулуулуктун жеткен чеги аялзат!

Аял – алсыз, күчтүү дагы жарымың,
Ал Кудайдын жерге чачкан жарыгы.
Бак-таалайга андай эч ким тундурбайт,
Шоруңдун да аял болот тамыры.

Аял – күлкү, күлө албасаң ыйлап ал,
Ал – зор бакыт көкүрөктү чырмаган.
Акак төшүн ак көгүчкөн дегин да,
Көздөрүн айт махабаты сыйбаган.

Эриндери бышкан гилас мөлтүрөп,
Ай нурундай чачтарын көр анан да,
Өмүр суусу түгөнсө да тамчылап,
Бөксөрбөгөн сүйүүм калат аялга!..

 

АЯЛ – ДЕГЕН ТҮБӨЛҮКТҮН АЧКЫЧЫ

Аял, сени – анык бакыт деп сүйдүк,
Жандан таттуу көрүп сени, бек сүйдүк!
Аял сенин космосуңа жете албай,
Көз жашыбыз жамгыр болуп, эчкирдик.

Сен күттүрсөң күтүп, карек тешилдик,
Аял, сени бүт бардыгы деп билдик.
Биз жаңырсак, аял, бизди жаңырттың,
Биз эскирсек, аял үчүн эскирдик.

Кызганычтан эрөөлдөрдө мертиндик,
Сага арналды ушул өмүр беш күндүк!
Аял – деген түбөлүктүн ачкычы,
Аял, сенсиң ченем жеткис чексиздик.

Аял – сүйүү периштеси деп билдик,
Аял үчүн күүгө айланып чертилдик.
Аял сүйүү күнөө – деген макоолук,
Аялзатын сүйбөө анык бетсиздик!

 

СҮЙҮҮ ҮЧҮН СОТТОСО, СОТТОЛГУЛА

Кыйналганда “Махабат жок!”- дебегин,
Жок дебегин сүйүүнү тамашалап.
Адамзатка берилген улуу сезим –
Сүйүү өчсө, Эне-Жер аласалат.

Жек көргүчтөр ченемсиз топтолгондо,
Сүйүүсү үчүн адамды соттогондо,
Тишин кайрап жүргөндөр анда мени
өкүм кылмак бүт өмүр соттолгонго.

Махабатка сот жогу кандай жакшы!
Махабатка сот жогу кандай бакты!
Ашыктардын жолун түк тоспогула!..
Сүйүү барда көкөлөйт жашоо баркы!!!..

“Кетип кал!..” – деп, айтсак биз караңгыны,
Караңгылык түнөрүп тил албастыр.
Эгер сүйүү жүрөккө орнобосо,
Жек көрүүнү жек көрүү сүрө албастыр.

Сүйүү үчүн соттосо, соттолгула!
Шайтан даап кече алгыс от болгула.
Сүйүү! Сүйүү! Жашасын улуу сүйүү!
Мерездиктин түрмөсүн коңторгула!..
Мерездиктин түрмөсүн коңторгула!..

 

АЯЛ БАРДА БУЛ ЖАШООГО ӨЛҮМ ЖОК

Аялзатсыз жаз да келбейт, майрам жок!..
Аялзатсыз бакыт да жол таба албайт.
Аял – өткөөл жүрөгүңө салынган,
Бул жашоонун жаны – сүйкүм аялзат.

Аял күлсө, гүлдөй түшөт бул аалам,
Аялзатсыз Президент жок, хандар жок.
Аял үчүн ачылыштар ачылат,
Аялзатка ашык болуп кармайм от.

Аял дили ажайыптай шыбырап…
Аял үчүн азиз жандар кыйылат.
Оюнчуктай ойноп аял эркекти,
Кайра эркекке пайгамбардай сыйынат.

Аял үчүн чыгып нечен согуштар,
Алма башы нечен шахтын кыйылган.
Аял үчүн үзүп сүйүү жемишин,
Адам – Ата Бейиш – бактан куулган.

Оо аялзат, сыйкырсың да, аянсың.
Сүйүүгө кул болуп хандар, куруп шаар,
Аял колу тийсе балкып сенектер,
“Сүйөм!”-десе… сүйлөп ийген дудуктар.

Периштенин Жерди көрктөп жашаган
“Аялзат” – деп аты да укмуш коюлган.
Аны урматтап, сыйлабасак, кордосок…
Анда барып Жер тайгылат огунан.

Аял кирген түш – түштөрдүн султаны,
Аял сүйсөң жаның аруу тазарат.
Жүрөгүмдө калган бардык издердин,
Эң ыйыгы сенин изиң, аялзат!..

Аял барда бул жашоого өлүм жок,
Аял – деген сүйүү деңиз, чөгөм мен…
Качан мени шайтан уруп төбөмдөн,
Аял, сени сүйбөй калсам өлөм мен!..

 

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА
Келген соң ушул дүйнөгө,
Мээнетим алып бүтүндөй,
„Башы эсе болсо болду!..“ – деп,
Багыпсыз колдон түшүрбөй.

„Оо Кудай алсаң мени ал! – деп,
Оорусам канча боздодуң.
Маңдайда сансыз бырышың –
мен басып өткөн жолдорум.

Бала кез эле бир жолу
Басынып турсаң кейишке,
Чын күлдүң, апа, тирүүңдө
чыгарам десем бейишке.

Тилегим жакшы болсо да,
Тийбеди жакшы жардамым,
Алдейиң өзүн чогултсам,
Ат көтөрө албас салмагын.

Жер өңдүү түтүп баарына,
Жешилбей бирок сабырың,
Чакада суудай турмушту
чайпалта ташып карыдың.

Өзүңдөн алып бир сабак,
Өкүрчүү кезде ырдадым,
Таңдайда даамы сүтүңдүн
тазартып келет ыйманым.

Жанын да берчү өзүңдөй
жакыным болбос жалганда ай…
Бөксөмүн сенсиз, апаке,
бөйрөгүм алып салгандай.

Ким айтат жок деп периште?
Колдосо, сүйсө сени эгер…
Жердеги аты алардын
Периште эмес – энелер!..

Атантай АКБАРОВ,
акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Эл аралык бир нече сыйлыктардын лауреаты,
Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун Төрагасынын орун басары.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.