Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: “Некролог”
(Миңгеме)
– Балдар, гезитте бирөөнүн өлүмү тууралуу жарыя менен некрологду чаташтырбагыла! Жарайбы?! Экөө таптакыр эки бөлөк нерсе.
– Бул Темирдин агай. Журналистика факультетинин мугалими. Журфактын 502-аудиториясы. Ал дубал менен бир келген терезенин жанына келди. Студенттер жымжырт болуп агайын ээрчий карады. Терезенин артында шыңга теректер, теректердин түбүндө 11-троллейбустун аялдамасы. Темирдин агай аялдаманы, мына-мына эшигин жаап жылып кеткен автобусту тиктеп турду да, бир кезде оюн топтоп, элди карап сөзүн улады:
– Жакшы некролог – бул өлүм тууралуу эмес жашоо тууралуу айтылышы керек. Некролог бул баштан аяк өлгөндү жоктоп ыйлап айтуу эмес, ал көзү өткөн адамдын өлүмдөн кийинки жашоосун улоо, өлүмгө жооп бергидей изи бар бекен ошону издөө. Некролог бул – өмүрдүн маанилүү документи. Ал ошол адам тууралуу кандай болгонун, качан болгонун тил бүтүп, таанытып сүйлөп турат. Өзү өлө электе мүрзөсүн коюп кеткен сыяктуу, көзү өтө электе мурасын таштап кеткен сыяктуу, көзү өтө электе некрологун жазып кеткендер болот… Бул ушундай кызык нерсе… Некрологдун этикасы же философиясы ал – маркум эгер жаман адам болсо да аны коргоо эмес – элди жыгылганды теппе, өлүмдү сыйла сыяктуу моралга чакыруу! Айтылуу Альберт Камю айткан: “Адамды кантип жыгылганынан эмес, кайра турам деп кантип күрөшкөнүнөн сына” деп. Биз демек маркумдун жасап бүткөн иштерин эле эмес, анын аракет, ниеттерин да кыска сөзгө батырып айтуубуз керек. Билесиңерби, ал эми орустун улуу Анна Ахматовасы эмне деген: “Көзү өткөн адам үчүн СӨЗ жооп берип турат” деген. Демек, биз жазган сөз, биз жазган некролог – адам үчүн жоопкер! Биз жазууга өтө кылдат мамиле кылуубуз керек!
Ырас демек, бүгүнкү тема некролог болуп жаткан соң, силерге мындайча тапшырмам бар…
Дал ошол маалда Элмураттын колуна арткы партадан эки бүктөм кат келди… Ал сүйлөп аткан агайына сыр бербей алакандай барактын бүктөмүн акырын жазды. Катта мындай жазуу бар эле:
“Биз муздак дубалдардай муздашпайлычы… Сабактан кийин ушул жерде калып сүйлөшөлүчү! Үч күн болду, бу дүйнөдө сөз түгөнүп калгансып, экөөбүз тең үнчукпайбыз… Чыныңды айтчы, балким сен муну атайылап кылып жатасың? Же биз чындап эле мамиленин аягына келип калдыкпы…?! Г.”
Г. демекчи ал группадагы эң мыкты окуган, жылдызы жанган сулуу кыз – Гүлзат. Элмурат катты окуп чыкты да, колдорун калтырак баскансып сыр бербей карманып, дептердин астына катты акырын бастырып койду. Анан агайынын көзүн карады. Элмурат ушунчалык кунт коюп агайын тиктеген менен оюнун баары азыркы кат ичине, андагы тамгаларга кирип кетти… Элмурат бул тамгалар кантип жазылганын, жүрөктөн кантип чыгып, кантип ойдон куралганын, аны жазган кол кантип кыймылдап, аны тиктеген көз кантип ирмелип атканын жазбай элестетти… Экөө ошончолук ынактыкка жетишип, сиңишип калбады беле… Анан эмне болду? Же эмне болуп атат? Анын жообун деги Элмурат өзү билеби…? Ал артына кайрылып Гүлзаттын жүзүн карагысы келди… Абдан көргүсү келди. Бир көрүп алса анан катка жоопту кантип жазаары билинчүдөй сезилди. Бирок агайынан мурда жонунан теше тиктелип турган Гүлзаттын көздөрүн тиктегенден айбыкты… Негедир күнөөсү бардай айбыкты… Кантип, кантип анан күнөөсү жок!? Гүлзаттай кыздын көңүлүн оорутканга деги Элмураттын акысы бар беле…?! Группалаш досу Нурдин айткандай: “Гүлзат катардагы жөн кыз эмес? АЯЛ болчу кыз! Колдон чыгарба!” дегеничи!!! Гүлзат! Ал группа эле эмес, 2-курстагы кыз аттуунун эң жароокери, эстүүсү десек жарашчудай кыз эмес беле…!!!
Элмурат ууру мышыктай кылдат кыймылдап, Гүлзатка кат жазмакка дептеринин бир барагын үн чыгарбай, акырын сыйрып алды…
– Элмурат!
Элмураттын көзү чекчейе түштү! Кудай урду! Мени бирөө чакырдыбы?! Бирөө эмес эле агай өзү чакырбадыбы…!!! Ал өзүнө келе калды да:
– Угуп атам агай! – деди, тоодой салмактуу адамдан бетер.
– Биз некрологду кандай түрлөргө бөлүп жазсак болот? Кандай деп ойлойсуң?
– … Ии, некрологдубу…?! Элмурат буйдала түштү да, жөндөн жөн эле терезе тарапты бир жалт этип карап коюп сөзүн улады. Ал ошол карап койгон маалында оюн топтогонго жетишти…
– …мындай кылып жазсак да болот да агай мисалы… Мисалы, мамлекеттик “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо” гезиттеринен окуп атпайбызбы, белгилүү бир инсан көз жумса анын туулган жылы, күнү, төрөлгөн жери, кандай бүлөдөн чыкканы, мектепти жакшы баалар менен бүткөнү, кийин эмнеден окуганы, алгачкы эмгек жолу… айтор ушундай расмий маалыматтын баары тизмектелип келет дагы анын жетишкендиктери, орден, медалдары, сыйлыктары…
Элмурат сөзүнүн дал ушул жерине келгенде капталдан бирөө бырс этип күлүп жиберди…
Темирдин агай аны тык токтотту:
– Жок, жок, туура… Туура сөз айтып атат, уланта бер…!
– …сыйлыктары, анан тирүүсүндө жакшы адам болгону, өлбөс-өчпөс эмгектери менен элдин эсинде калганы, ал эч качан унутулбасы… Айтор ушунун баары тизмектелип жазылат. Бул демек расмий некролог. Бул жерден негизинен маалымат жана цифраларды алууга болот. Ал эми “Асаба”, “Кыргыз руху” сымал менчик гезиттердеги некрологдор болсо алар турган турушу менен эле мини-аңгеме, алар маркумду айтуу менен аң сезимди аңтар-теңтер кылган жылт эткен кайра жалп эткен өмүр-жашоо жөнүндө да айтылат… Муну окуп атып өлгөн адамды эле эмес өмүрдү ойлоп атып көкүрөк жарылчудай болот… Буларды адабий некролог деп койсок да болот го…
…муну артта угуп олтурган Гүлзаттын жүрөгү ого бетер мыжылды. Элмуратынын үнүнө, өзүнө сүйлөп бергендей коңур-назик сөздөрүнө элжиреди. Анткени мындай үн менен экөө канча шыбырашты, канча сыр айтышты… Ал Элмураттын шыгын, талантын жакшы билчү, жакшы жазарын, өзгөчө ойлору бар экенин, мына азыр да эң туура айтып жатканын Гүлзат түшүнүп турду. Ошол үчүн ого бетер жүрөгү ооруду: “Мен сага түшүнбөй атам, жаным, Элмуратым! Сени эмне болуп шайтан азгырып атат?! Сен эмне башка бирөөнү көрүп жүрөсүңбү…?! Айтчы! Ал кайсы шайтан десең…?! Бирок кантип ушундай болсун! Сен кантип эле мамилеге ушунчалык арзансың? Сен кантип эле ушунчалык жеңил адамсың?! М-м-м, айтчы, айтсаң, садагам! Үн катсаң?! Кат колуңа жетти… Кантип окудуң экен, окуп болуп кантип, эмнени ойлондуң экен? Деги мени аяган баягы Элмуратсыңба же башкасыңбы?! Кантип эле, кантип эле аз убакта өзгөрүп кетесиң ыя, айтсаң, менин алгачкы арзуум…?!
Темирдин агай айтылган сөзгө макул экенин билгизип, улам-кайра башын ийкеди:
– Элмурат, мен сенин айтайын деген оюңа толук кошулам… Эмесе балдар, бул боюнча кенен сүйлөшөрдөн мурун мен силерге азыр жазганга бир тапшырма берсем дейм… Өлкөдө белгилүү бир адам каза болду дейли… же мурда көзү өткөн акын-жазуучуларды алсаңар болот… Аны өзүңөр тандайсыңар. Же оюңардан чыгарып бир адамдын элесин түзүп алгыла. Анан ар бириң ошол инсанга арнап некролог жазасыңар! Кандай кылып, эмне кылып жазасыңар ал өз эркиңер. Элмурат айткандай расмий кыласыңарбы же адабий кыласыңарбы же жеке бир адамдын же бир үй бүлөнүн атынан кыласыңарбы аны өзүңөр билесиңер… Көрөлү, эмне чыгаар экен… Эмесе кеттикпи? Ийгилик, анда баштадык!
Элмураттын эргүүсү экиге бөлүндү. Ал эмеле Гүлзатка катты кантип баштоону ойлонуп аткан болчу. Бир таттуу сөз тил учуна мына-мына келип калган эле… Эми минтип чукул тапшырма айтылып калганын карачы! Анан калса группаны бүт жарышка салган тапшырма экен го!!! Убакытты да ченеп салды…
Элмурат ошону ойлогондо чыйрала түштү да Гүлзатка деген бир барак кагазды кайра артка жылдырып агайдын тапшырмасына киришти…
Капталында олтурган Нурдин Элмураттын алдына бырышкан үч элиден ашпаган кат кагаз жылдырды:
“Сен некрологду кимге жазасың, ким билсин, мен айылдагы Жарык төш деген жоргомду жоктоп некролог жазам! Баарыңар өчөсүңөр го азыр, хи-хи!”
Элмурат ууртунан жылмайды да, Нурдинди карабай туруп бырышкан ошол эле кагаздын артына: “Эй, досум, кап этпесең мен сага некролог жазып көрбөйүнбү, сен бир өлүп көр, мен бир жазып көрөйүн… Илгери акын агаларыбыз жазгандай… кандай дедиң?! Ха-ха!”
Элмурат кагазды Нурдинге жылдырды да ошол замат олуттуу тартып, кагазына үңүлүп, өңү түнөрүп, кабагын чытып дептерине үңүлдү. Ошол замат дептердин аппак барагынын башына : “Биздин сүйүүнүн некрологу” деп тема койду да ошол замат кайра аны жини менен чиймелеп кирди… Чиймеленген бетти айрып ыргытты дагы актай бетти шаша ачып, калемди чеңгелине капшыра кармап терезени карады. Чоң терезе – ал элдин эрмеги эле эмес, баарынын таянганы. Ойду, элести, идеяны студенттер дал ошол чоң терезеден алышат. Анан калса баарысы болочок журналисттер…. Кыялкечтер! Ошол үчүн аларга бир жарык керек, ал жарык ушул терезе…
Элмураттын эки көзү ошол терезеде. Ал агайынын күтүүсүз тапшырмасына дендароо боло түштү. Дал курсагынын тушунанбы же көкүрөкпү камчынын сабы менен нукугандай бир намыс бурап чыкты: өзү группанын старостасы, улуусу катары дайыма биринчи болуп, үлгү кылсам дечү…! Ошого көнүп да алган. Эми минтип капилет жакшы жазуунун сынагы маңдайга келип туру! Демек ал, кандай да болсо өңгөлөрдөн өзгөчө, жакшы жазуусу керек! Элмурат мына ошого кыргыйдай түйүлүп, алдындагы ак баракты алаканы менен партага ныгыра сыйпалады…
Некролог. Бул термин кечээ эле гезит деген неме пайда болгону чыкпадыбы… Болбосо өлгөн кабарды сөз эмес үн менен – күү менен угузуп келген кыргыздарды айтсаң…! Мына, а сен некрологдун түрү дейсиң! Аны сен некрологдун кайсы түрүнө киргизээр элең?! Жоктоонун, өкүрүктүн, кошоктун маңызына бу сенин некролог терминиңдин салмагы жетпей тураар, алсыздык кылаар, а тургай жаштык кылаар! Эри өлсө 40 күн тургай туура бир жыл үстүнөн кара түшүрбөй, үйүнөн алыстабаган зайыптын көрүнүшү ошол өлгөн адамды эстеткен тирүүлөй некролог эмес беле…! Элмураттын ою ого бетер түнөрдү. Анын эсине айылы, кыштак этегиндеги көрүстөн келди… Атасы каза болгондо алыскы өрөөндөрдүн биринен келген жакын досунун кебин эстеди. Көр башында туруп ал минтип айткан эле: “… Какен, өмүрүң өткөнчө айылыңдын тоолору деп жашадың… Эми сени тоолорго бердик, койнунда тынч укта!” деген. Тоолорду Ата элесине айлантып жиберген мындай түбөлүктүү некрологду Элмурат башка дагы кайдан окуду…?!
Бир кезде бир идея жылт этти белем, Элмурат лып этип калемин алды да казанга сүт куйгансып кагаз бетин жазуу менен толтуруп жазып кирди… Ал темасын мындайча атады:
“Ошол адам” өлгөндө, кол барбай турду көмгөнгө…
Тирүүңүздө сизди көп учур көргөнгө катышпай, акыры көмгөнгө катыштым. Көмгөнгө катышканына кубанган ушу – кыргызды көрдүм! Көмгөнгө катышканды ыйык көргөн кыргызды! Элиңдин эмне артыгы бар десе: бирөө өлсө көмгөнгө шашып баратканын айтаар элем…! Топурак салганы баратканын. Топурак салганды ыйык көргөн – сени көрдүм, кыргыз! Топурак салганды ыйык көргөн эл – тартип көргөн, тарых көргөн эл дээр элем… Тозбой турган эл деп. Тозсо адам тозсун, эл тозбосун! Адам өлсө – анын тозгонубу? Жок! Өлүм ал – бар болгону денеңдин сол жагындагы асыл органдын сокпой калышы. Бир күнү сенин ошол асылың сокпой калган менен, артында, сени билгендердики сого берет экен да. Маңыз деген ошол экен да…
Кечээ Сени жүрөгү сокпой калды! деп айтышты. Ошентип жазышты! Сени ошентип уктум. Жүрөгү сокпой калды деп. А меники ошондо катуу соккон. Миллиондордуку! Мына маңыз ошол экен да! Сени өлдү деп канчалар ыйлады! Соороткондун ордуна: “Ыйла! Ыйлагыла! Ыйлай турган Адам өттү!” дешсе таң калгамын! Мен дагы уккан элди ыйлатып өтсөм экен деп татыктуу өлүмгө, ошондо, биринчи ирет суктанганмын!
Мен төрөлүп басканды үйрөнүп жүргөн кезде сиз бакытты казганды үйрөтүп жүргөн кезиңиз экен… Мен жетилип жазганды үйрөнүп калган кезде сиз дүйнөгө таанылган кезиңиз экен! Менин өмүр жолумду сиздин баскан жол менен окшоштуруп баптагым келди. Туурагым, кайталагым келди. Көрсө, мен эмес миллиондун баары ошенткен экен. Ошентип суктанткан өмүрдү айт! Ошентип сүргөн өмүрдү айт! Атаңдын көрү! Ар менен намыска түрткөн сиздикиндей өлүмдү айт!
Жакшы жаша деп айтпай туруп өзү жакшы жашаган, из калтыр деп төш какпай туруп өчпөс из калтырган, элчилеп сүйүү керек дебей туруп досту сүйгөн, жарды сүйгөн, эл менен журтту сүйгөн, тоолорду, Мекенин сүйгөн сиздикиндей жүрөктү айт!
Кыраңдан соккон жел элең, кыйналган элге дем элең! Сеникиндей дем менен жашасам экен!
Элмурат дал ушул жерге келип чекит койду. Узартсам агай узун деп айтаар. Кыскартсам мааниси жетпей тураар… деди да шурудай тизип жазган барактын эң башына өзүнүн аты-жөнүн жазды. Дал ошол маалда арт жактан Гүлзат ордунан турду да жазып бүткөн барагын мугалимдин үстөлүнө алып барып алдына таштады. Гүлзат артка кайтып келатканда Элмурат экөөнүн көзү чагылыша түштү. Индия кыздарына окшоп кеткен Гүлзаттын сурмалуу чоң көздөрү ого бетер коюланып, муңайым тартып турган эле. Элмурат Гүлзаттын көзүнөн: “Көрдүңбү, мен бүттүм, жазган катым эмне болду?! Күтүп атпаймынбы…? !” деген жазууну окуду. Ошондо Элмурат да шарт ордунан туруп жазган баракты мугалимге жеткирди да, бар дити менен Гүлзаттын катына киришти…
Ошол күндүн эртеси Темирдин агай некролог боюнча жазуунун жыйынтыгын угузду:
– Мен араңарда 5 студенттикин өзгөчө белгилегим келет… А сен Элмурат эртең эле өзүң айткан “Асаба” гезитине барып иштей бергенге даяр болуп калыпсың! деген болчу…
Ал эми сабактан соң Гүлзат экөө ээн калган 502-аудиториянын дубал менен бир келген терезесинде далайга турушту… Жолдун аркы өйүзүндөгү аялдамага 11-троллейбус бери жагы жыйырма ирет келип-кетти…
Шаарды караңгы басып, шам чырактар көчөдө жанган кезде Гүлзат башка жол менен Элмурат бөлөк жол менен Бишкектин тереңине сиңип баратты…


