Юсуф ИДРИС: «ООРУНУН ТИЛИ»
* * *
…Ал эчак эле өз чечимин чыгарып, Зининдин тургундарына жардам берүүнү таптакыр токтоткон. Аларды жумушка орноштуруп, иштерине кийлигишкенди койгон. Анткени, анын жердештери ушундай, кокустан элдин ичинен бирөө баш көтөрүп чыкса болду, баарылап бутунан ылдый тартышып, өз түйшүктөрүнүн сазына батыра башташат.
Тууган-туушкандарынын түйшүктөрдүн көбүн айтпай эле кой! Баарын таштап, жалаң ошолор менен гана алектенсең да, өмүрүң жетпей калмак. Анткени, ар бир адамдын өзүнүн көйгөйү бар, ар бириники маанилүү, ар бириники шашылыш, баары туура чечимди талап кылат. Ал эми Зининде жүз миң киши, демек жүз миңдей көйгөйлүү иштер бар.
Ошондуктан, ал өз алдынча жашоону биротоло жана чечкиндүү түрдө чечип, бир гана өзүнүн түйшүгү жана иштери менен алектенип, бийиктикке өсүп чыккан адамдын абалы алар үчүн адам чыдагыс азаптай сезилип, аны өздөрүнүн деңгээлине чейин чөгөлөтүп тизе бүктүрүп, алсыздыгын мойнуна алганга чейин тынчыбай, ылдый сүйрөөгө умтулушкан сансыз колдордон арылууну көздөгөн.
Бирок бүгүн түшкө жакын катчысы кирип, Фахминин жакындары, анын атасы жана агасы, ага жолукканы келишкенин кабарлады. Өмүрүндө бир гана Фахмини билчү. Бул ал-Хадидинин өзүнөн акылдуу деп билген биринчи жана балким акыркы адамы болгон. Мектепте окуп жүргөндө эле Фахми класста эч ким жооп бере албаган суроого жооп берүү үчүн ордунан турганда, аль-Хадиди бүт денеси менен ага бурулуп, анын акыл-эстүүлүгүн жана көрүнүктүү жеке сапаттары чагылдырган кубарган, сөөктүү, ошол эле учурда сүйкүмдүү жүзүн көпкө чейин суктана тиктеп калар эле.
Анын ар бир сөзүн калтырбай кунт коюп укчу. Ал тургай Фахминин кантип сүйлөгөнү да жагар эле. Анын үстүнө анын сөздөрү укмуштуудай так, ар бир сөзү башка окуучулардын түшүнө да кирбей турган ойду ушунчалык түшүнүктүү кылып айтып берер эле. Фахми андай ойлорду оңой эле, кымындай да аракет кылбастан, дубалдары сыйрылып, боёгу түшкөн жеринен чопосу көрүнгөн класстан тапчу.
Шиферден бир аз чоңураак кичинекей эскилиги жеткен тактай илинип турчу класста жүндөн же кагаздан жасап алышкан топучан, агалары же аталарынын жамап-жаскап беришкен эски бут кийимдерин кийишкен, апалары көйнөк тигүү үчүн сатылып алынган кездеменин калдыктарынан тиккен баштыкчаларын жандарына коюшуп ондогон окуучулар отурушчу. Ошол өткөн күндөрдө аль-Хадиди билимдин босогосун жаңы аттаган, окуганды жана жазганды үйрөнгөн. Ошол кезде Фахми анын ынак досу жана кумири болчу.
Чын эле анын үй-бүлөсү азыр күтүү залында анын кабыл алуусун күтүп олтурушабы?
Аларды кирүүгө буйрук берди.
Үчөө, жок, төртөө кирди, окшошуп баарынын бойлору кичинекей. Эмнегедир төртүнчүсү үч бүктөлүп алыптыр. Аль-Хадиди аларды кунт коюп карай баштады. Фахминин элеси анын эсинде өчпөстөй болуп сакталып жүрчү. Ал Фахминин атасы же агасы ким экенин билүүгө аракет кылып, кайра-кайра карап жатты. Бирок ага бул жердегилердин жүздөрү бейтааныш эле, ал тургай Зинин шаарынын тургундарынын бирине да окшошпойт.
— Фахми кайда?
Өздөрүн ыңгайсыз сезип турушкан тиги үчөө бири-бири менен жарыша үч бүктөлүп турган төртүнчү адамды көрсөтүштү.
— Мына…
— Ал мына, Хадиди Бей.
— Демек, бул сенсиңби?
— Ооба, ал ушул…
Эркек башын көтөрүп аль-Хадидини карады, бирок ийилген белин түздөгөн жок. Аль-Хадиди чөптүн арасынан ийне тапкысы келгенсип көпкө тиктеп турду: ал жок дегенде ага бир кезде абдан кымбат болгон бала кездеги досунун элесин табууга аракеттенип жатты.
— Сен Фахмисиңби?
— Ооба… бул ошол, мырза.
Анын жүзү мүрзөдөн жаңы эле чыгарылган же тескерисинче, ошол жерге коё турган мумия сыяктуу болчу. Оорунун катып калган издери анын жүзүн кыймылсыз кылып салгандай.
— Сен Фахми-эчки уурусуңбу?
— Ошонун дал өзү, байкеси… Сиз аны менен чогуу мектепке окубадыңыз беле… Сиз аны унутуп койсоңуз керек.
Ушундай болушу мүмкүнбү? Жүзүнө шыктуулуктун мөөрү басылган, тыкан, таза, акылы, кыраакылыгы жаркыраган көздөрүнөн көрүнгөн, сейрек кездешүүчү жөндөмү бар бала, жана араңжан, жүзү топурактай бозоруп, майы түгөнүп бара жаткан биликтей бүлбүлдөп көздөрүнүн жалыны өчүп бара жаткан бир чал…
Аль-Хадиди таң калганынан эси эңгирей түштү. Ал эртеби-кечпи Фахми менен жолугарын билген жана бул маанилүү жолугушууга өзүн өзү даярдап жүрчү.
Аль-Фахминин алдында кандайдыр бир тартынгансып турчу, бирок бул көбүнчө Фахминин өзүнөн жана башкалардан түбөлүккө жогору турарына болгон ишениминен улам болчу. Эгер ал бала кезинде биринчи болсо, анда ал өспүрүм учурунда да, жигит болгондо да биринчи болот деген сезими бар эле.
Бирок жолугушуу ушундай шартта болуп, анын эсинен кетпей жүргөн бир кездеги ынак бала ушул аянычтуу адамга айланат деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Фахми менен боло турган жолугушууну ойлогондо, ага көп нерсени айтууга камданган. Ал анын профессор, Чыгыштагы органикалык химия боюнча эң атактуу адис, чоң фирманын башкармасынын төрагасы, доктор ал-Хадиди болушуна, министрликке кайра-кайра көрсөтүлүп, Чыгыштагы жана Батыштагы ондогон илимий комитеттердин жана уюмдардын мүчөлүктөрүнө шайланышына Фахминин салымы чоң деп айткысы келген. Отуз жылдан ашык убакыт бою анын элеси аль-Хадидинин амбициясын тынымсыз камчылап, касиеттери олуянын өчпөс жүзүндөй эсинде сакталып калган таланттуу баладан жок дегенде бир жолу да ашып түшсөм деген купуя умтулуусуна түрткү болгон. Мына, ошол жолугушуу. Мына ошол ыйык адам.
— Сен Фахми-эчки уурусуңбу?
— Ооба, мырза…
— Эчки эсиңдеби?
— Кайсы эчки, мырза?
Фахми бул эчкини тантык Мансурдун атасы Хусейн Абу Махмудго элүү пиастрдык дары сатып алуу үчүн уурдаган, айтымдарында, анын жанын сактап кала турган жападан жалгыз дары ошол экен. Анткени, Фахминин башка сапаттары менен бирге, аябай боорукердиги, адамгерчилиги бар эле. Кимдир бирөө бир нерсеге муктаж экендигин билсе, ага жардам кылуу үчүн башка шаарга жөө баруудан, же түнү бою уктабай, же эртеден кечке талаада иштөөдөн да тартынчу эмес. Ал эчкини уурдап кеткенде баары аябай таң калышты. Кийинчерээк, анын эмне максатта ал ишке барганы белгилүү болгондон кийин, аны кечиришти, бирок баары бир, лакап аты ошо боюнча калып, акырындык менен анын чыныгы атын алмаштырган болчу.
— Сени көргөнүмө кубанычтамын…Менден кандай жардам керек?
Алар дагы жүздөгөн адамдар сыяктуу эле ал өзүнүн таасирин, кадыр-баркын салып, керемет жаратат деп үмүттөнүшкөнү анык. Фахми, ооруп жатыптыр, аны ооруканага жаткыргылары келет.
Ал Фахми менен өзү сүйлөшүп, оорусун сурайын деп аракет жасады, бирок тигил бүгүлгөн боюнча башын көтөргөн жок, анын бир да сөз укпаган сыяктуу. Атасы менен агасы кечирим сурашып, ал көптөн бери ушинтип жүргөнүн, кээде дудук немедей керээлдин кечке унчукпай каларын айтышты. Бирок ал жинди болбоптур, анын оорусу психикалык эмес, табарсыкта экен.
Алардын сөзүнөн аль-Хадиди бул табарсык рагына айланган бильгарциоз экенин түшүндү. Алар аймактагы бардык дарыгерлерге жана ооруканаларга барышты, күйгүзүп жана акупунктура менен дарылаган табыптарга кайрылышты. Акыры провинциянын башкы ооруканасында операциянын эч кандай пайдасы жок экенин, Каирде рентген менен дарылануу керектигин айтышты… Ошентип, сага келдик, мырза, Аллах сени, балдарыңды бардык жаман нерселерден сактап, ден соолук берсин.
Ал алар айтышпаса деле Фахмиге жардам берүүгө аракет кылам деп чечкен. Кантсе да ал бул үч бүктүлгөн эски кийимчен кишиге чексиз карыз. Карыздан кутулууга убакыт келди.
Биринчи кезекте Фахмини коштоп жүргөн «жуучулардан» кутулуу зарыл жана аны үйүнө түнөтүп, эртең менен рентгенолог досторунун биринин жардамы менен ооруканага жаткырышы керек… Бирок аны үйүнө Фахми үчүн кемсинте турган эч нерсе болбогудай жана ошол эле учурда үй-бүлөсү да, кошуналар менен кызматчылары да аны Хадидинин бир агасы же тууганы катары кабыл албагыдай кылып жеткириш керек. Андай адамды бир түнгө, ал тургай ашканада же кызматчылардын шкафында уктайт деген шарт менен болсо да үйүнгө киргизкиси келбеген аялы Афатты көндүрүү керек болчу.
Баары аль-Хадидинин ойлогонундай болду, кичинекей нерседен башкасы, – ал аялынын каршылыгын аягына чейин сындыра алган жок. Бирок ошентсе да ал Фахмиди үйгө киргизип, атүгүл кызматчыларына аны жайгаштырып, тамактандырууну буйруган. Аялын үйдөн алып чыгуу үчүн аль-Хадиди ага театрга барууну сунуштаган эле. Түн жарымы чамасында кайтып келишти, үйдө баары тынч, ашканада жарык жок болчу. Жарым сааттан кийин Афат таттуу уйкуга кирди, ал-Хадиди көзүн жумган менен уктай албай жатты: анын тынчын алган Фахмидке байланыштуу кийинкиге жылдырууга туура келген башкармалыктын жыйыны болчу. Гендиректорду куралсыздандырып, же баарына келесоо, сабатсыз кылып көрсөтүү, же кызматтан кетүүгө аргасыз кылуу үчүн алдын ала даярдап койгон арамза оюн акырындык менен көз алдына тарта баштаган.
Дал ошол учурда биринчи чаңырык угулду.
Анын артынан экинчиси, үчүнчүсү жаңырды.
Кырдаал жерээр чегине чейин курчуду. Ал байкабастан өлүмгө тете ката кетирип алдыбы? Жансыз, жүрөгүнө кымбат болгон бир нерсени баш калкалатып, эртең менен аны оңдоп-түзөөгө жөнөткүсү келген, бирок ал нерсе жарылып, бүт үйдү талкалай турган бомба болуп чыкты.
Ал ашканага жылаңаяк чуркап кирди. Ал жерде караңгы эле, бирок босогодон аттаар замат кеңилжээрин уруп муунткан, кою кычкыл жыт келди. Ал жарыкты күйгүзүү үчүн колун сунду, бирок өчүргүчкө жетпей ордунда катып калды: тар ашканада катуу онтогон үн жаңырып, анын бүтүндөй денесин ондогон курч, ууланган ийнелер менен сайыгылап өткөндөй болду. Бул оорунун үнү эмес, бул таптакыр эле добуш дегидей эмес, чириген эттин тереңинен чыккансыган, адам баласы угууга чыдагыс, сезимди тилип өткөн кандайдыр бир материалдык нерсе болчу.


