Юсуф ИДРИС: «ООРУНУН ТИЛИ»

 

Мен өмүр бою бийиктикке жетүү үчүн жан алакетке түшүп тынбай чуркадым. Дайыма бийиктикке умтулууга туура келди. Ошон үчүн мен эл менен ынтымак-ырашкерликтен, достуктан ырахат алуу үчүн достошкон жокмун. Маанилүү болгон бир гана нерсе, алардын канчалык ылдамдык менен өйдө көтөрүлүп жатканы эле. Алар менин мурдагы тааныштарыма караганда ыкчам, шамдагай болуш керек болчу. Алар социалдык тепкичте жетиштүү ылдамдыкта басып келе жатышканда, мен алар менен мамилемди сактачумун.

Алардын артта кала баштаганын сезер замат, мен аларды таштап, башкаларга жакындадым же арттагыларга чалынбаш үчүн жалгыздап бастым. Мен эч качан бечелдерге жардам берип, аксактарга колумду сунган жан эмесмин.

Алардын бири артта калып, экинчиси аксак төрөлүп калса, ага мен күнөөлүү эмесмин деп ойлочумун. Кыймылымды тездетип, ылдамдатып, максатыма жетсем гана жашай баштайм дедим. Бирок андай болбойт экен. Университеттен кийин жакшы ишке орношуп иштешим керек эле. Андан соң докторлук даража алууга аттандым. Андан кийин, профессор наамын алуу зарыл болду. Мунун көпкө созулаарын түшүнүп, фирмага жумушка кирдим. Ошондо үйлөнөм, андан кийин жашоо башталат деп ойлодум… Үйлөнгөндөн кийин айттым: коё тур балалуу болгондон кийин чыныгы жашоону баштайм. Ал эми уулум төрөлгөндө аны тарбиялоо керек эле. Ошентип, чуркап эле келе жатам, чуркап эле келе жатам, кайда барып токторумду алигиче билбейм. Тынымсыз чуркоо өзүнчө бир максат болуп калды. Байлыгын көбөйтүш үчүн акча топтой баштаган, миң сом жыйнагандан кийин жашайм деп өзүн алдаган киши болдум. Көрсө, пенде бир миңди топтоп алгандан кийин, экинчисин, үчүнчүсүн топтой баштайт, ушинтип жүрүп ал өзүнүн түпкү максатын унутуп, чык татырбас сараң адамга айланып, байлык жыйноо жөнүндө гана ойлонуп калат тура….

“Ай-ай-ай-ай!”

Ал Фахминин азап-кайгысы ага айтып бүткүс бейпилдик алып келгенин, Фахми экөө үчүн азап чегип жаткандай, же өзү да акыры болгон күчү менен кайгысын айтканга мүмкүнчүлүк алганын сезди. Бул оору анын ичинде көп жылдар бою топтолуп чыга албай жүргөн. Айтылбай, сыртка чыга албай жүргөн жашыруун азаптан жаралган оору. Табиятынан адам жөн эле жашоо үчүн жаралган эмес, ал адам сыяктуу татыктуу жашоо үчүн жаралган. Бирок ага жол табуу, өз колу менен жана өз түшүнүгү боюнча жашоо оор азаптар аркылуу гана келиши мүмкүн.

Көп жылдар бою ал өзүнүн табиятын зордуктап, жашоонун кооздугун жана маанисин берген кичинекей, жөнөкөй, көзгө көрүнбөгөн кубанычтарга болгон терең муктаждыкты басып келди. Ал өзүнүн бул муктаждыгын муунтуп салган, бирок ал анын эркине каршы жашай берди.

“Авааааааааааа!”

Ооба, Фахми, менин жалгыздыгымдын ар дайым ийгиликке жетүү үчүн, ар дайым шашкандыгымдын баасы. Мен адамдарды таштап, алардан алыстап кеткендиктен жазаланып жатам. Бул жаза – адамдардан коркуу жана өзүнө ишенбөөчүлүктү пайда кылган өлүмгө дуушар болгон жалгыздык. Мен жалгыздыктан эркиндикти, көз карандысыздыкты издегем, жашоого жөндөмдүү болууну кааладым, бирок ал мени баардык нерселерден коркуп өз кабыгына камалган үлүлгө айлантты; мени кишендеп, кыймылдатбай салды. Тынчсызданууларым, ооруларым, ички боштугум менен жалгыз калдым. Менин оорум сени эзип, кыйнаган оорудан жүз эсе күчтүү, Фахми. А мен бардык азаптарга карабай, жан дүйнөмдү ачуу керек болсо да, бирөөгө ишенгенден өлүмдөн да катуу коркуп, аны жашырууга аргасызмын…

“Ээээ…”

Кызык… Балким өмүрүндө биринчи жолу өзүн бактылуу сезип жаткандыр, ал чексиз, айтып бүтпөстөй чексиз бактылуу! Акыры ал да бирөөгө боору ооруп, Фахминин азабын тең бөлүшүп, бирок ошол эле учурда ал сөздүн толук маанисинде биринчи жолу чыныгы жашоо менен жашап жатканына түшүнүксүз, чексиз кубанычты башынан өткөрүп жатты. Мунун кандайча болгонун түшүнүү кыйын, бирок эң негизгиси, албетте, адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүнөн чыккан кандайдыр бир татаал жана сырдуу жолдор менен, түшүнүксүз тилдин үндөрүн угуп, акыры, тирүү адамдардын жашоосуна аралашып, кошулуп кеткенсиди. Бул ага кубаныч жана бакыт тартуулады, суфий Теңир менен бириккен учурдагыдай же гений жаратмандыктын ырахатын алып жаткан кездегидей жан дүйнөсү тазарып агарганын туйду.

Бул абалда ал өзүн бардык нерсенин маанисин түшүнө алам, ар бир адамдын жан дүйнөсүнө, ал тургай өзүнүн жан дүйнөсүнө да кирип кете алам, көргөнүмдөн үрөйүм учпай, жан дүйнөмдүн түпкүрүнө узак жана кылдаттык менен карай алам деп сезди. Бул абалга канчалык терең кирип, өзүн ошончолук тазаланып, жан дүйнөсү агарганын сезген сайын, Фахми менен болгон байланышы ошончолук бекемделе берди: ал үчүн бул чаңырыктар ачык китептей эле. Ал Фахмиге тартыла баштады.

Керебеттен кантип туруп, акырындап, ар бир кадамын аяр таштап, конок бөлмөнү аралап тар коридорго өтүп кеткенин өзү да байкабай калды, түш көрүп жаткандай, терезени бирөөлөр каккылап жатканын, ага удаалаш эле кошунасынын үнүн катуу чыгарып сөгүнүп жатканын укту. Бирок бул ага таасир эткен жок, жан дүйнөсүнө тийбей кайкып өтүп жатты. Ал өзүнүн бүт өмүрүн алаканга салгандай майда-чүйдөсүнө чейин көрүп, бир көз ирмемде туулгандан бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолун көз алдынан чубуртуп өттү.

Кызыгы, анын өз жашоосу ага эч кандай тиешеси жоктой, өзүнө жаттай сезилет. Кандайдыр бир убакыт же окуя менен байланышкан эч кандай эскерүүлөр жок. Ал өз өмүрүн эстен чыгарды. Ал аны жек көрөт. Ал аны ушунчалык жек көрөт, эгер Фахмиден келген өкүм чакырык болбогондо, аны менен ушул мүнөттө ишин бүтүрүп, өзүнө кол салмак. Бирок бул кубаттуу чакырык анын бүткүл жан-дүйнөсүнө сүңгүп кирип, андагы бугуп жаткан жандуу күчтөрдү кыймылга келтирди, жашоого болгон инстинктивдүү сүйүүсүн ойготту.

Коюу, көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкты жарып, акырындап жарыктын нурлары кире баштады. Ал нурлар башкалар чыныгы жашоо менен жашап жүрүшкөн кезде, ага өзүнүн башкалардан бөлүнүп алып жалгыз жүгүрүп жүргөнүнө сырттан көз чаптырып, баалоого мүмкүнчүлүк берди.

Ал жоголгон байланыштарды, үзүлгөн достуктарды, талкаланган мамилелерди –тааныштарын да, жакындарын да, досторун да чанып, бул байланыш өзүнө жүк болуп каларын ойлоп, достук анын «менинин» эркиндигин кишендейт деп коркуп, жолдун четине ыргытып кеткен баа жеткис байлыктарды көрдү.

Ал эми бул ийгиликтин бийиктиктерине жанталашуу, түпкүлүгүндө жашоодон качуу болчу. Жашоо – бул адамдар, элсиз эч ким жашай албайт. Адамдарды өгөйлөп бөлүнүү – бул жашоонун булагынан ажырап, жашоо сезимин жоготуу, жашоону токтотуу деген сөз.

Фахминин жан дүйнөсүнөн төгүлүп, анын жан дүйнөсүн жарык кылган жаркыраган нурдан даана көргөн ал эми гана түшүнгөн эң чоң ката – жалгыз болсоң, ар кандай жетишкендиктин мааниси болбойт. Таажылуу монарх же илимпоз, Нобель сыйлыгынын лауреаты болсоң да, тегерегиңде какыраган чөл болсо, андай жашоонун эмне кереги бар? Дүйнөдөгү бардык нерселерди, бардык кубанычтарды жалгыз өзүң көргөнүңдүн эч мааниси жок.

Ырас, ал жалгыз эмес. Анын жубайы, уулу, туугандары, бир нече достору бар. Бирок анын алар менен болгон мамилеси сүйүү менен достуктун көрүнүшү гана, адамдардын бири-бирине болгон терең ички муктаждыгынан улам пайда болгон суу менен абага болгон муктаждык сыяктуу эле сезимдер. Анын бир туугандары, аялы жана тааныштары бар, бирок алар менен баарлашуу ал үчүн маанилүү муктаждык эмес. Эгер ал көнүп калгандай жашагысы келсе, аларсыз деле жашай алмак. Балким өзү аларга керек болушу мүмкүн. Бирок ал эч кимге муктаж эмес.

Тагыраагы, ага чындап эле бирөө аябай керек, бирок алар эмес… Бул адам чыдагыс оору да ошондон улам… Ошондуктан, эриндериндеги жылмаюуну шал кылган рак шишиги пайда болуп өсө баштаган, көкүрөгүндөгү сезимдерин муздак суу сепкендей муздаткан күлкүгө муктаждыгы жок экенин туйду, анткени ал сүйүүгө же сүйүктүү болууга муктаждыкты сезбей калган экен. Аны тирүү өлүккө айландырган трагедиянын маңызы дал ушунда.

Ал азыр Фахминин чаңырыгын даанарак уга баштады, анткени ал ашканага жетип, эшиктин жанында отурган. Фахми ал-Хадидиге чексиз узактай көрүнгөн тымтырстыктан кийин кайра чаңырды. Фахми анын жакын жерде экенин сезер замат оорусу басыла түшкөнсүдү. Азыр чаңырык эмес, боздогон ый угулду. Аль-Хадидинин көкүрөгүндөгү чөгүп жаткан бүткүл бугу өйдө тирелип келип, тамагын кысып, жүрөгүн сыздатып чыкты. Ал бала кезинен бери ыйлаган эмес. Эми анын, өзүн-өзү аяп, көпкө сооронбой чындап ыйлагысы келди. Өзү башкаларга караганда аёого көбүрөөк муктаж экенин түшүндү.

– Колуңду бер, Фахми. Аны менин көкүрөгүмө кой. Мен сенин кыйналып жатканыңды билем. Мен сенин ооруңду бөлүшкүм келет. Бирок мен анте албайм. Менде жүрөктүн ордуна таш бар. Баарыңарды таштадым. Сени Зининде. Саадды – Бенхеде, Абд аль-Мухсинди – Асютта. Университеттен тапкан досторумдан кол үздүм. Калемдеш жолдошторумду карабай кеттим. Баарын, бардыгын. Мен силерди жеңил жана кыскараак жол турса, узун жана тикенектүү жол менен бара жатышат деп ойлогом.

Мен көптөн бери тирүүлөй өлүкмүн, силер болсо жашап жүрөсүңөр. Мен адамдардан качып жүрөм деп өзүн-өзү ынандырган өлүк адаммын, бирок чындыгында адамдар мени жанына жолотушпайт. Өлүктүн кимге кереги бар? Жада калса аялым да, уулум да мага мурдун чүйрүшкөнүн сезем. Мен кайра артка кайткым келет, Фахми, баарын кайра башынан баштагым келет. Мен муну жасаганга аракет кылгым келет. Бирок мени ким кабыл алат? Өлүктү ким тааныйт? Буга ким макул болот? Сенден башка эч кимим жок, Фахми. Мени кабыл аласыңбы? Кабыл аласыңбы, Фахми?

— Жашай бер, Махмуд…

Ал Фахминин бул сөздөрдү айтканына таң калган жок. Эртеден бери Фахми биринчи жолу сүйлөдү. Фахминин аны Махмуд деп атаганына да таң калган жок, бул ысым ага өткөн күндөрдү, алар чогуу өткөргөн мезгилди эске салгандай. Ал өтүнүчүн четке какпаганын түшүнүп, акырын шыбырады:

— Рахмат, Фахми, рахмат…

Пижамачан Аль-Хадиди ашкананын кафелденген полунда жаткан Фахминин жанына жанаша жатып алып колунан, өпкүлөп, көздөрүнөн тынымсыз аккан жашын сүртүп: «Кечир мени, Фахми, кечир мени… Кечир мени, адамдар… Мен жаңылып, жолумдан адашып, катуу кыйналдым… Кечир мени, Фахми», – деп кайталап жатты.

Бирок Фахмини кайрадан оорусу кыйнай баштады, ал кайрадан акыркы күчү менен чаңырды. Кошуналардын бардык терезелери эбак эле ачылып, андагы жашоочулар эрксизден жүрөк титиреткен чаңырыктарды тыңшап жатышкан. Кызматчылары менен бектерин, айымдары жана үй шыпыруучуларын дүрбөлөңгө салган чаңырык кошуна үйлөргө жетип, алардын тургундарын тынчтыгын бузду. Эгер чаңырык көпкө созулса, ал бүт кварталды, атүгүл бүт шаарды ойготмок.

Бирок тургундар полицияга кайрылышкан. Дагы эле чала уйкуда жүргөн аялы полицияга эшик ачты. Ал полиция менен ашкананын босогосун аттап, күйөөсүнүн Фахминин жанына жатып алып колун өөп, кечирим сурап жатканын көргөндө уйкусу умачтай ачылды.

Фахмини тургузуп, шашылыш кийинтишти. Аны эки полициячы алып кетмекчи болушкан, бирок аль-Хадиди каршылык көрсөттү. Ал Фахмини ийнине арта салып, өзү көтөрүп жөнөдү. Катуу оору оорулуунун денесин кургатып, териси менен сөөктөрү гана калган экен. Афат анын эмне кылгысы келип жатканын билгиси келип күйөөсүнө жабышты. Ал ага жылмайып койду — ага белгисиз жаңы пайда болгон жылмаюу анын жүзүн жаркыратып турган.

— Мен башка жолго түшөм, абдан кыйын жол… Мени менен кетесиңби?

— Ушул кебетем менен кайда барам? Сен жинди болдуңбу?

Аял кичинекей Фахмини кучагына кысты. Аль-Хадиди бурулуп, ийниндеги бакырып, үнү кудайга жетчүдөй боздогон кишини көтөргөн боюнча үйдөн чыгып кетти. Кварталдын жашоочулары анын артынан узата карашып, шыбырашып, шылдыңдап күлүп жатышты…

Ал бул тандамал кварталда кимдир бирөө анын карапайым элден экенин билип алып, ким экенин ар кимге жайып жибербесе экен деп, эки жыл бою тынымсыз коркуп жашады. Албетте, бул чөлкөмдөгүлөрдүн көбү андан кем калышпаган адамдар.

Ал эшиктин алдында, терезеден аны карап турган көптөгөн өлүктөрдү көрдү… Анан кадамын тездетип, бул кварталдан тезирээк кетүүгө шашылды… Анткени бул жерде үстөмдүк кылган сасык жытка ал мындан ары чыдай албайт болчу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.