Юсуф ИДРИС: «ООРУНУН ТИЛИ»
Үрөйү учуп жарыкты күйгүздү. Ал Фахмини дароо көргөн жок. Ага салып берген шейшептер тамтыгы чыгып айрылыптыр, ашканадагы буюмдар чаң чалекей түшүп чачылып, жулмаланган шыпыргыгын талдары ар кай жерде сапырылып жатат.
Пол, муздаткычтын капкагы, аппак үстөлдөрдүн беттери кыпкызыл кан, саргыч тактарга боёлуптур. Куралсыз адам менен көзгө көрүнбөгөн күчтүү душмандын ортосунда кандуу кармаш болуп өткөнсүйт, ашканада буруксуган сасык жыт. Жүрөктү титиреткен чаңырык ага катуу соккуларды урган табышмактуу душмандын алдында адамдын үрөйүнүн учканынан кабар берип жаткансыйт.
Аль-Хадиди аялынын көзү менен ашкананы дагы бир жолу карады да, ал болорун болжоп да биле албаган трагедия болгонун даана түшүндү. Айланта карап, Фахмини издеп, анын эки ашкана үстөлүнүн ортосунда кыпчылып олтурганын көрдү. Ал жыртылган футболкасын эсепке албаганда таптакыр эле жылаңач болчу. Башы калтырап, бош, тунарган көздөрү алайып, чанагынан чыгууга даярдай көрүндү. Бүткүл жан-дүйнөсү менен, ал кайдадыр бир өйдө карай умтулуп, бирок, кыязы, бул балээден кутула албасын түшүнгөндөй.
Табарсык рагы чогулган заара шишиктен жабыркаган каналдарды басып калганда, өтө катуу ооруну пайда кылат. Кичинекей тамчы ушунчалык азап тартырат дейсиң, оорулуу канчалык алп, териси пилдикиндей калың, болсо да кирерге жер таппай, жер тытып, бакырып ыйлап жиберет. Адамдар үчүн бул чыдагыс азап. Бул азапка туруштук берүү адамдын колунан келбейт. Алардын нервдери мындай кыйноолорго туруштук бере албайт…
Ал Фахмини жашынган жеринен алып чыкты. Ал оорунун чеңгелинен кутулгусу келгендей кайра-кайра башын чулгуйт. Ал Хадидини байкамак турсун, кайда жүргөнүн түшүнгөн жок, айланасындагы нерселерди көрбөй, ичинде болуп жаткан оору менен кармашып жатты. Бирде ордунан ыргып туруп, бирде тизелеп жыгылып, бирде жата калып жөрмөлөп, чөгөлөй калып кайра тура калат. Бакырыгын басуу үчүн колуна тийген жаздык, шыпыргы сыяктуу буюмдар менен оозун жаап, аларга тиштерин батырат. Колдору менен эриндери чайналып, андан тамган кызыл кан сапсары сийдигине аралашып полго тамчылап жаткан.
Аль-Хадиди өзүн да, жердештерин да сөгүп, өмүрүнүн акырына чейин өз айылынын жакырчылыгынан жаралган азап-тозогун, ооруларынын түйшүктөрүн көтөрүү үчүн туулган каргашалуу күнгө наалат айтып, катуу тумчугуп, алыскы бир жактарга качкысы келди. Бирок анын каргышын, күңгүрөнүн ким угат, качканынын кимге кереги бар?! Ал Фахминин кыйналганын, ашканада азап чегип жатканын токтото албайт. Анын ичиндеги ооруну басаңдатууга, кутурган шайтанын жоошутуп кууп чыгууга каражат керек.
Ал конок бөлмөсүнөн чыккан тез кадамдардын дабышын угуп, аялы бул коркунучтуу көрүнүштүн баарын көрүп калат деп коркуп кетти, шашылыш жарыкты өчүрүп, уктоочу бөлмөгө жөнөдү. Жарым жолдон Афат бет алдынан чыкты.
— Сен… бул жерде эмне кылып жүрдүң?
— Кыйкырба! – дедим.
— Ал кыйкырсачы?
— Кыйкырбайт…
«Ай, аа-аа, аа-аа-аа, аа!»
Аял коркконунан уктоочу бөлмөгө кире качты, ал карбаластап анын артынан жүгүрдү. Чаңырык токтоору менен ал артына бурулуп, аны тиктеп калды, ал чатак баштоого даяр эле. Бирок ал андан озуп аракеттенди, аялы болгон күчүнө салып түрткүлөсө да, аны бекем кучактап алды. Өзү араң турса да, чындыкты мойнуна алып, туура эмес кылганына, мындай кылбашы керек экенине макул болуп, кечирим сурады; андан көрө аны кечирип, абалдан чыгуунун жолун биргелешип табууга жардам берсин; алар ушундай коркунучтуу абалга туш болушкандыктан, чыдап туруу гана калды. Эмне үчүн ал балдар бөлмөсүнө барып, ошол жерде жата турганга болбосун?
— Уят жана шермендечилик, түнкү эки болуп калды! Андан көрө апамдыкына кетем.
— Азырбы? Бирок мен кантем. Суранам, мен үчүн…
— Жок, кала албайм.
— Суранам. Мен ката кетирдим жана кечирим сурайм. Мага жардам бер, сабыр кыл.
— Кудайым ай, кантип чыдайсың?! Кантип чыдайсың?!
А, аа, аа, аа, аа, аа, аа!»
— Ой, апа, мен кала албайм, кала албайм!
“Ух, ой, у… Ах-ах-ах-ах-ах!”
— Бул эмне? Бул адам эмес! Булар шайтан! Жин-шайтан! Мени куткар апа, мен жинди болуп баратам!
A, aa, aa, aa, aa, aa, aa!»
Акырындык менен аль-Хадидинин ушул уктоочу бөлмөсү, кучагында кармап, тынчтандырууга аракет кылган жубайы, ушул үйдө өткөзкөн бүткүл өмүрү менен болгон байланышы алсырап, ыдырап, аң-сезими кандайдыр бир мемиреген тынч көлгө чөгүп бара жатканын сезе баштады, бирок ошол эле учурда Фахминин ар бир шыбыртаган үнүн, болор болбос кыймылын кетирбей угуп жаткансыды.
“Ой-оо-оо-оо-оо-оо-оо-оо… А-аа-аа-аа-аа…”
Оорусу барган сайын күчөп бара жаткансыйт. Ырайымдуу Кудай Ага жардам бере көр!
— Вах-вах-вах-вах-вах…
Ашканадан чыккан чаңырыкка кошуна бөлмөдөн чыккан жаш баланын ыйы кошулду. Аны угары менен Афат өтө тез кыймыл менен күйөөсүнүн кучагынан бошонуп, баласынын бөлмөсүнө чуркап жөнөдү. Баласы, жалгыз уулу энесин чакырып ыйлап, аны көздөй келе жаткан. Ал аны колуна алып, уктоочу бөлмөгө алып кирди да, ачууланып, күйөөсүнө бакырды:
— Мени ук! Сен аны азыр, дал ушул мүнөттө үйдөн чыгарышың керек. Кайда барса, ошол жакка барсын, бирок бул жерде калтырба. Көрдүңбү, баланын титиреп коркуп жатканын.
— Афат, суранам… Мен сага баарын түшүндүрдүм го: бул киши мен үчүн кымбат, аны кууп чыга албайм.
— Ал сен үчүн менден жана биздин Фахмиден да кымбатпы?
— Жок, ошентсе да… Уулубузга анын атын койгонумду айтсам эле жетиштүү. Ал менин бала кезимден бери билген жана сүйгөн жалгыз адамым.
— Сен аны кууп чыгасың, же болбосо мен үйдөн кетем.
— Ошондо мен эмне кылышым керек? Чөгөлөп, сабыр кылууңду суранайынбы? Азыр мен дарыгер чакырам, ал дары берет, оорусун басат …
Аль-Хадиди тез жардам чакырды. Дарыгер мындай учурларда дары начар таасир берип, адатта ооруну басаңдатпайт дегенде ал таң калган жок. Рактын бул түрүндө оору дарыларга жана адамдарга белгилүү болгон бардык тынчтандыруучу каражаттарга караганда күчтүүрөөк болот.
Ошентсе да дарыгердин келгени жакшы болду, ал-Хадидинин аялына уктатуучу дары берди. Анан көп өтпөй апасына жармашып кичинекей Фахми да уктап калды.
Акыры ал жалгыз калып, азап чеккен адам баласынын жан-дүйнөсүнүн түпкүрүнөн чыккан чаңырыктарын тыңшап олтурду. Дарыгер туура айтыптыр, дарынын эч кандай таасир бергени байкалбайт. Эң негизгиси, уулу ойгонуп, аялы козголоң чыгарганга чейинки маанайы кайра өзүнө кайтып келди. Ал бул абалды жакшы билет жана эсинде. Ал дагы эле ушул жерлерде, абдан жакын, бирок таркап, жок болуп бара жатат. Ал ошол өзүнүн өзгөчө жана кадимки абалынын ортосундагы бир жерде.
“А-аа-аа-аа-аа… О-о-оо-оо-оо…”
Ал кандайдыр бир бүдөмүктөнгөн бейпилдик сезимин туйду. Жан дүйнөсүнүн ыйык сакталган түпкүрүнө жиреп кирген үн ага өмүр берүүчү таасир берип, өзүнүн айтылбаган азаптары топтолгон алыскы бурчуна чейин жетти. Ооруга барып оору кошулду. Бул адамдын ички маңызынын тили, оорунун тили эле. Ал тил өзүндө, аль-Хадидиде жашаган азапты билдирет.
Көп жылдардан бери ал ат-Тахрир аянтына баргысы келип, бүт кайратын, бардык күчүн чогултуп, Фахми азыр чаңырып жаткандай, катуу чаңырып-чаңырып алып, азабынан, ичке толгон бугунан арылгысы келчү. Бирок ага чечкиндүүлүгү жетишпей, эл аны шылдыңдап, жинди деп ойлот деп коркчу. Ошондуктан ал өзүндөгү бул көксөөсүн, башка көптөгөн каалоолору сыяктуу эле, аң-сезиминин түпкүрүнө житире басып коё турган.
«Ааааааа… Ооооооо…»
Эми гана ал өзүнүн азабынын даамын толук татты. Бул Фахминин оорусунан, анын тарткан азабынан да жаман. Фахмиден айырмасы, ал адамдардын мээримдүүлүгүнө укугу жок. Чыдатбаган, түбөлүк кыйнаган психикалык оорудан айла таппай, андан жүз эсе катуу чаңырып бакырса да, ага эч ким ишенбейт, жардамга келбейт.
Азыр ал өзү менен өзү жалгыз калып, жан азабына батып, «менинин» тереңине үңүлүп, аны эмне кыйнап жатканын сурай алат. Ал баардык кыялдарына жетти. Баардык зор жашоо максаттары ишке ашты. Ал ар дайым адамдардын көңүл чордонунда болуп, сүйүү жана урмат-сый менен курчалган үлгүлүү күйөө, үй-бүлөлүү, бактылуу адам; анда Фахмиге көз арткандай адам чыдагыс бул азап кайдан келип чыкты?
Кызык, эгер ал Фахминикиндей тагдырга туш болсо, анда эмне кылат эле да, эмнени сезет эле? Эгерде ал билимин толуктоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, дал ушул салыкчы атасы берген мүмкүнчүлүк болбогондо кантмек эле? Окуу акысын төлөгөнү бара жатканда жолдоштору «кайсы акчадан төлөп жатасың, мамлекеттин акчасы эмеспи?» деп мыскылдашканы эсинде. Атасы мектептен алып кетип, дыйкан болуп кетсе эмне болмок? Акыл калчап байкап көрсө, аль-Хадиди атасынын бутуна чөгөлөп, колун өбүшү керек болчу.
Анын жанында Фахми ким? Ооба, анын алдында, кадыр-барктын туу чокусуна, мыктынын мыктысына таандык, ден соолугу чың, бардык укуктарга ээ болгон, кымындай да адилетсиздикти башынан өткөрбөгөн адамдын жанында ал ким? Кедейлик акылынан ажыраган Фахми миллиондогон наадан дыйкандардын бирине айланды. А бильгарциоз анын денесин жок кылуу менен баштаган ишин аягына чыгарды. Азыр ал өлүк, анткени анын өмүрүнүн саналуу гана күндөрү калды. Анын жашоосу азаптуу, азаптары чексиз болчу. Кызык, эгер мунун баары анын башына келсе, ошондо ал-Хадиди өзүнүн атактуу «оорусу», азап-тозогу жөнүндө эмне дейт эле?
Аль-Хадиди эч ойлонбостон өзүнө өзү жооп берди: Мен бактылуураак болмокмун.
Эмне үчүн андай? Кеп сенин бай же кедей, билимдүү же билимдүү болушуңда эмес. Бул сенин тирүү же өлүк жанга айланганың жөнүндө. Фахми кандай абалда, кандай шартта жашабасын тирүү болчу, ал чыныгы жашоо менен өмүр сүрдү. Ал эми аль-Хадиди жашаган жок. Өлүк адам жарашыктуу кепинге оронуп, жогорку кызматтарды ээлеп, үй-бүлөлүк жашоосунда бактылуу болсо да, чыныгы жашоо өлүмдөн миллион эсе артык.
Сен тирүүсүң, а мен өлүкмүн, бул жөн гана куру бекер айтылган сөз эмес. Бул чындык. Жашоонун бирден-бир өлчөмү – бул тирүүлүгүн сезе билүү. Мен муну сезген эмесмин жана сезбейм. Мен татаал математикалык маселени чечип жаткансып жашадым, каалаган максатка жетүү үчүн миң алакетке түшүп аракет кылдым. Ал эми бул максатка жеткенимде мен баары бир бактылуу боло алган жокмун, анткени менин алдымда дагы эле ошого окшогон максат турду.
Фахми жакырчылык менен жокчулуктан жапа чекти. Бирок ал башкалар менен чогуу иштешип, алар менен бирге жүрүп, бирге күлчү. Бири-бири менен кеңешип иш кылышты, базарга барышты, кечки тамакка ашыкча бир тутам шалгам алса да сүйүнүштү. Алардын бири да тапкан ашын жалгыздап жешпейт, анткени тамактануу жөн эле курсакты тойгузуу дегенди билдирбейт. Тамактануу – бул чогуу жасалган жөрөлгө, ырым. Адамдар бири-бирине сый мамиле жасашып, тамашалашып, өздөрүн кичинекей майрамдагыдай сезишет. Жашоосун толтурган, ар бир көз ирмем тартуулаган майда нерселердин маанисин ойлонбой, аң-сезимсиз эле күнүмдүк жаңыланууну, ушул жашоодо жашап жатканын, жашоо кандай гана кыйын болсо да, баары бир керемет экенин сезип жашашат.


