Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: Кыргыз Республикасынын гимни (долбоор)
Ак калпактуу кыргыз деген элденбиз,
Асман менен кучакташкан жерденбиз.
Ала-Тоонун ак мөңгүсүн туу кылып
Аккан суудай ушул күнгө келгенбиз.
Кайырма:
Канатыбыз талбасын,
Кайратынан жанбасын.
Көкжал Манас колдосун,
Көкө Теңир жалгасын!
Кыйрыбызда кылымдардын илеби,
Кыргызстан – калкыбыздын жүрөгү,
Артыбызда – бабалардын үмүтү,
Алдыбызда – урпактардын тилеги.
Кайырма.
Өткөндөрдүн баскан жолун белгилеп,
Өлкөбүздүн асыл наркын эл билет.
Тирүүлүктүн түркүгүндөй биз үчүн
Түбөлүккө туубуз турсун желбиреп.
Кайырма.


