Кубантай ЭРНАЗАРОВдун поэтикалык котормолору жана ырлары
Кубантай Эрназаровду көбүбүз карасөз жаатындагы таланттуу котормочу катары билет элек. Чыгыш жана батыш адабиятынан котормолору РухЭште жана биздин сайтыбызда такай жарыяланып турду. Кийинчирээк биз анын мыкты аңгемелерди жазган кара сөз чебери экенин да ачтык. “Атанын керээзи”, “Тандыр”, “Кайран заман”, “Орус келин”, “Бир кулач коон”, “Асан дөө”, “Окууга сапар”, “Кызмат сүрү”, “Эген эңсегендей” деген аңгемелери анын байкагычтыгын, сюжетти курай билгендигин, мыкты сүрөткөрлүгүн, тилинин көркөмдүгүн чебер жазуучу катары калыптанып калганын жакшы көрсөттү.
Атактуу англиялык романтик-акын Сэмюэл Кольридж прозаны «сөздөрдүн мыкты ирети», ал эми поэзияны «мыкты сөздөрдүн мыкты ирети» деген сыпаттамасы бар. Бардыгы эле бул аныктама менен макул боло бербеши мүмкүн. Бирок бизге анысы эмес, проза менен поэзиянын, аны менен кошо карасөздөгү котормо менен поэзиядагы котормонун ортосунда чоң айырмачылыктар бар экени маанилүү. Ырды которуу прозаны которуудан кыйла татаалыраак. Мында ырда айтылган ойду, сезимдерди гана эмес, ырдын сап өлчөмүн, метрикасын, строфикасын, ыргагын жана да көптөгөн нерсени башка тилде берүү керек болот.
Кубантай Эрназаров таланттуу поэзия котормочу экени менен бизди дагы бир жолу таңгалтырды. Анын котормолорундагы чоң артыкчылык – ырлардын түп нускадан которулгандыгы. Биз дүйнөлүк адабиятты негизинен орус тили аркылуу тааныйт элек. Башкача айтканда, биздин котормочулар дүйнөлүк атактуу жазуучулардын чыгармаларын орус тилине котормолорунан кыргыз тилине которушат эле. Ар бир котормодо түпнускадагы көп нерсе жоголот, керек болсо айтайын деген ой таптакыр башкача болуп которулуп калышы мүмкүн. Анан дагы чыгарма которулган тилдин таасири да котормого тийбей койбойт. Биз анан чыгарманы ошол түпнусканын айрым гана элеси калган котормодон өз тилибизге которуп жатабыз. Чыгарманы түпнускадан которуунун зарылчылыгын эч ким тана албайт. Кубантай Эрназаров бизге ошондой мүмкүнчүлүктү берип жатат. Анын которгон авторлордун ысымдарын караштырсак орус, англис, жапон, түрк, италия, француз, казак, өзбек тилдерин билерин көрөбүз. Тан бербей коюу мүмкүнбү?!
Балким, бул анын так илимдерге жакын болгондугу себептир? Кесиби боюнча ал физик-теоретик, физика-математика илимдеринин кандидаты. Илимий изилдөө иштери Космологиядагы (Ааламдын жаралуу жана өнүгүү теориясы) математикалык физиканын маселелерине арналган. Он бешке жакын илимий макаласы Сингапур, Европа жана АКШнын белгилүү илимий журналдарында англис тилинде жарык көргөн.
Мыкты окумуштуунун жан дүйнөсү акындын жан дүйнөсүнө окшош болот. Анткени дүйнөнүн сырын сезиш үчүн ал, биринчи кезекте, кыялкеч, сезимтал болушу керек. Атактуу Эйнштейн “Кыялдануу билимге караганда маанилүү. Билим чектелүү, ал эми элестетүү бүткүл дүйнөнү кучагына алып, прогресске, эволюцияга түрткү берет” (“Воображение важнее, чем знание. Знание ограниченные, тогда как воображение охватывает целый мир, стимулируя прогресс, эволюцию”), – деп бекеринен айтпаган да.
Ааламдын физикалык структурасын изилдеп, Ааламдын поэзиясы менен лирикасына сүңгүп кирген Кубантайдын илимий жана чыгармачылык иштерине ийгилик каалап кетип, “Кыргыз Маданият Борбору” сайтынын окурмандарына Кубантайдын талантынын дагы бир кырын көрсөткөн поэтикалык котормолорду жана анын өзүнүн чыгармаларын сунуштайбыз.
Александр БЛОК
КАРАҢГЫ ТҮН, КӨЧӨ, ЧЫРАК, ДАРЫКАНА
Караңгы түн, көчө, чырак, дарыкана,
Күңүрт жарык бүлбүлдөп турат ана.
Чейрек кылым өмүр сүр дагы кана –
Түпсүздүк. Кайтаар дүйнө ала-сала.
Өлүү менен өмүр кайра башталат,
Жашоо ошол тегеренген чарпалак:
Жыбыраган каналдын муздуу бети,
Дарыкана, түнкү көчө, шам чырак.
Назым ХИКМЕТ
БИЗ ЖӨНҮНДӨ
Биз жөнүндө жазганымдын баары – жалган,
Оюмдан токуп баарын, обу жок бурмаланган.
Кол жеткис жүзүмдүн сабактары,
Сан түштүн түпкүрүнөн колун булгап,
Сагынычтын талпынган канаттары,
Анын баары – жаш баланын санаттары.
Жок! Жалгандардын арасында бир чындыгым бар,
Ал – сенин ченемсиз сулуулугун,
Жемишиндей бейиштин бүрдөп турган,
Гүлдүү талаа бүт ааламды түрлөп турган,
Чөптөрү нурун чачып гүлдөп турган.
Ажырашуу – ал мен боздоп турган,
Өзүмө жалгыздыктан коргон куруп,
Бүлбүлдөп чырактай жанып турган.
Жана да,
Кызганыч – бул мен чоктой жанган,
түнү менен жол тарткан поезддердин
жолун тосуп, карайлап, эстен танган,
жана бактым
кирген суудай шаркыраган…
Биз жөнүндө жазганымдын баары – жалган,
Биз жөнүндө жазылгандар – чындык арман.
Бруно ПАЛЛЕЗИ
КАРАЧЫ АЙДЫ
Карачы жылдыздуу асман койнундагы
Ажары эч картайбаган толгон Айды.
Тиктечи Ай жамалын карап турган,
Күзгүдөй деңиз жаткан сырдуу жайды.
Карачы асманда Ай сумсайганын,
Жалгыздыкка жан шерик мени аяп.
Көрдүңбү мен ыйласам, толкуп-ташып,
Көк деңиздин кусадан буулукканын.
Кайда жүрсө, деги аман болсо экен деп,
Көз жашымдан куралган жамгыр калды.
Асманда Ай, деңиз сага аманат,
Жетимсиреп бирикпей тагдыр калды.
Тыңшачы жээкке урунган толкундарды,
Эстей жүр карайлаган жалгыз мени.
Карачы Ай ажарын асмандагы,
Тиктечи көк деңизди чалкып жаткан.
Юкари ИТО
СҮЙҮҮ ТАМЧЫСЫ
Тамчы болуп мага тамып жатасыңбы,
Качанкы өткөн күндү эске салып,
Жан-дүйнөмдү эзип кыйнап барасыңбы,
Сүйүүм менин маңдайыма буюрбаган,
Жаанга айланып жүрөгүмдө куюндаган,
Мага эми арман болуп каласыңбы.
Көз жашымдай улам тамып жатасыңбы,
Салааланып жүзүмдөн агасыңбы,
Тамчы жаштан куралган дайра толуп,
Жүрөгүмдө селдей каптап барасыңбы.
Ак жаан төгүп, армандуу нөшөр төгүп,
Өчпөс менде санаа болуп каласыңбы.
Тамчы тып-тып чачтарыма тамасыңбы,
Качанкы саамайымдан сылап турчу,
Колдоруңду мага эстетип жатасыңбы,
Ак булуттай көк асманга сызып жетсем,
Ысык Күндөй коюнуңду ачасыңбы,
Өткүн сымал таалайыма жазылбаган,
Же мага арман болуп каласыңбы.
Мукагали МАКАТАЕВ
БӨБӨК БОЛГУМ КЕЛЕТ
Куш да болгум келбеди канатым бар,
Канатым бар күмүштөн жаратылган.
Бөбөк болгум келет-ов, бөбөк болгум,
Бул өмүрдөн кабарсыз жаңы туулган.
Чакан бешик кең дүйнө тарыбаган,
Бирөөгө бар, бирөөгө табылбаган.
Бөбөк болгум келет-ай, бөбөк болгум,
Эне сүтү оозунан арылбаган.
От да болгум келбеди чок табы бар,
Оттой жанып турамын, жылыныңдар.
Бөбөк болгум келет мен, бөбөк болгум,
Күн саамайы ойногон турпатымда.
Канат кагып өмүргө учарымда,
Кесилбесе баары бир тушагым да.
Бөбөк болгум келет-ай, бөбөк болгум,
Балага зар эненин кучагында.
Кубантай ЭРНАЗАРОВ
БИРИ КЕМ ДҮЙНӨ
Күлсө күлүп, бут алдына чубалып,
Кээде арбап түрлөнөсүң дүнүйө.
Сараңданып, жолду тороп кууланып,
Кээде неге бүркөлөсүң, дүнүйө?
Кышты узатып, көктөм нуру жарк этсе,
Көпөлөктөр конот көңүл гүлүнө.
Барга шүгүр, жокко сабыр этсем да,
Жүрөгүмдө жашайт бир кем дүнүйө.
Күн жадырап, өмүргө жай баш багып,
Эргийт жүрөк сүйүүлөрдүн күүсүнө.
Көктө сызып колум Айга жетсе да,
Көңүлүмдү кыйнайт бир кем дүнүйө.
Кулак салып өткөөл мезгил үнүнө,
Жашым ыктап бул өмүрдүн күзүнө,
Токтолсом да карылыкка баш уруп,
Жан-дүйнөмдү эзет бир кем дүнүйө.
Моюн сунуп мерээз мезгил күчүнө,
Кара чачым агарыптыр аз күндө.
Булут кийип башым көктө турса да,
Өзөгүмдү өрттөйт бир кем дүнүйө.
Билгеним бир, билбегеним миң санап,
Топту жиреп, кээде четке сүрүлө,
Өмүр кышы карылыкка жетсем да,
Көкүрөктө жашаар бир кем дүнүйө.